Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 24-апрели № 293 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучу-лардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана айылөкмөттөрүнүн башчылары "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскызоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүүжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы №377
токтому менен бекитилген Бийик тоолуу жана алыскы райондордун тиз-месине жана "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептериндеокуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" КыргызРеспубликасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы № 623
токтомуна ылайык: - иштеп жаткан жалпы билим берүүчү мектептердин жана 1-4-класстар-дын окуучуларынын санын аныкташсын, жер-жерлердеги мектептердин адми-нистрацияларына тендердин шарттарында тамак-аш продуктуларынүзгүлтүксүз сатып алууну уюштурууда көмөк көрсөтүшсүн; - окуучулардын тамактануусун уюштуруу үчүн шарттарды түзүү боюнчауюштуруу иш-чараларын жүзөгө ашырышсын; - "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мый-замына ылайык техникалык шарттарга туура келүүчү сүт жана нан-булочкаазыктарын ("уйдун сүтү, ичүүчү, коопсуз" сапат стандарты КМС719...2004-жылдагы жана кондитер азыгы "булочка" стандарт сапаты КМС906...2003-жылдагы же өзгөчө учурларда гана алмаштырылуучу тамак-ашазыктары) берүүчүлөрдү аныкташсын; - тамактануу үчүн пайдаланылган сүттүн жана нан-булочка азыктары-нын сапатын жогоруда аталган стандарттарга ылайык контролдоочу уюмдардыаныкташсын; - жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларына тамак-ашты (бышкансүт, булочкалар жана өзгөчө учурларда гана алмаштырылуучу тамак-ашазыктары) бөлүштүрүү пункттарынын иштөө эрежелерин бекитишсин; - 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу үчүн жалпыбилим берүүчү мектептердин директорлорунун жеке жоопкерчиликтерин бел-гилешсин; - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына кварталсайын бул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берип туруш-сун. 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-кармалыгына, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги-не жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясатыминистрлигине жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов