Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 28-апрелиндеги № 311

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

        Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын

           «Элита» мамлекеттик көмөкчү чарбасына мамлекеттик

                        колдоо көрсөтүү жөнүндө

                                  

   Кыргыз  Республикасынын  Президентинин Иш  башкармалыгынын  «Элита»

мамлекеттик көмөкчү чарбасына мамлекеттик колдоо көрсөтүү, айыл  чарба

өндүрүшүн  жакшыртуу жана андан ары өнүктүрүү үчүн жагымдуу  шарттарды

түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

   1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз

Республикасынын  Президентинин Иш башкармалыгынын «Элита»  мамлекеттик

көмөкчү чарбасынын 2006-жылдын 15-мартына карата 405 239 сом суммасына

мамлекеттик   заемдук  каражаттар  боюнча  карызынын  калдыгын   төлөө

мөөнөтүн 2007-жылдын 1-декабрына чейин узартсын.

   2.  Кыргыз  Республикасынын Экономика жана  финансы  министрлигинин

алдындагы   Экономиканы  өнүктүрүүнүн  мамлекеттик  фонду  белгиленген

тартипте:

   -  Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгьшын  «Элита»

мамлекеттик  көмөкчү  чарбасы  менен  мамлекеттик  заемдук  каражаттар

боюнча  карыздын  калдык  суммасына заемдук каражаттарды  пайдаланганы

үчүн  процештерди эсептебестен болгон мүлккө күрөөлүк камсыздоо  менен

кредиттик келишимдерди кайра түзсүн;

   -  төлөмдөрдүн  мөөнөтү  өтүп  кеткен учурда  айыптык  санкцияларды

жылына 10 процент өлчөмүндө белгилесин.

   3.  Бул  токтомдун  аткарылышын контролдоо  Кыргыз  Республикасынын

Премьер-министринин  Аппаратынын агроөнөр  жай  комплекси  жана  кайра

иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.

  

  

   Премьер-министр                               Ф.Кулов