(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 28-апрели № 318
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2006-жылдын 10-мартында жергиликтүү өз алдынча
башкармалыктардын башчылары менен болгон республикалык
кењешмеде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан
коюлган милдеттерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын
бекитүү жөнүндө
2006-жылдын 10-мартында жергиликтүү өз алдынча башкармалыктардын
башчылары менен болгон республикалык кењешмеде Кыргыз Республикасынын
Президенти тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруу максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2006-жылдын 10-мартында жергиликтүү өз алдынча башкармалыктар-
дын башчылары менен болгон республикалык кењешмеде Кыргыз Республикасы-
нын Президенти тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруу боюнча тиркел-
ген иш-чаралардын планы бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдын-
ча башкаруу органдары:
- жогоруда аталган иш-чараларды белгиленген мөөнөттө аткаруу боюн-
ча конкреттүү чараларды көрүшсүн;
- ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки
айдын 10унан кечиктирбестен жогоруда аталган иш-чараларды аткаруунун
жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
иштери боюнча улуттук агенттигине жалпылоо үчүн маалымат берип туруш-
сун.
3. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери
боюнча улуттук агенттигине отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен ке-
чиктирбестен ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратына топтомо маалымат берип туруу сунуштал-
сын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигине (ма-
кулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты-
нын башкармалыктарына бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов