Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2006-жылдын 8-майы № 334
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 "Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн жана инвестициялык-курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 9-мартындагы ПЖ № 105 "2010-жылга чейинки мезгилге Улуттук туракжай жана өлкөнү өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча Мамлекеттик комиссияны түзүү жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 20-январындагы № 7 Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуна ылайык жана ички, тышкы инвестицияларды тартуу жолу менен туракжай курулушун турукташтыруу жана андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 "Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн жана инвестициялык-курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Калктуу конуштарда жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобо жана Инвестициялык-курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобо ушул токтомдун № 1 жана № 2 тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администраииялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын курулуш, транспортту жана коммуникацияларды өнүктүрүү бөлүмүнө жана агроөнөр жай комплекси жана кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ф.Кулов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-майындагы № 334 токтомуна № 1 тиркеме |
1. Жалпы жоболор
2. Бул Типтүү жободо колдонулган түшүнүктөр
3. Тооруктун жана түз сатуунун уюштуруучулары, катышуучулары жана предмети
4. Жер участокторуна укуктарды берүүнүн негизги шарттары
5. Укуктарды берүү, долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун тандоонун жана даярдоонун жол-жоболору
6. Тооруктарды жана түз сатууларды өткөрүүнүн тартиби
7. Жүргүзүлгөн тооруктардын жана түз сатуулардын жыйынтыктары
боюнча документтерди тариздөөнүн тартиби
8. Акча каражаттарды бөлүштүрүү
9. Жер участокторуна укуктарды тоорук өткөрбөстөн ижара шартында
берүүнүн өзгөчө шарттары
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана республиканын калктуу конуштарында жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен берүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.