Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-майындагы № 378
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 27-июнундагы №3 токтомунун редакциясына ылайык)) I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен кызматташтыгы бо-юнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялар тиешелүү чет мамлекеттерменен эки тараптуу соода-экономикалык, илимий-техникалык жана мада-ний-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүү жана кењейтүү максатындаКыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык түзүлөт. Тигил же бул чет мамлекет менен макулдашууга жараша биргелешкенөкмөттөр аралык комиссиялар ар кандай аталышта болушу мүмкүн, бирокиш-аракетинин мазмуну, түзүлүшүн жана иштешин уюштуруу принциптери бир-дей болууга жана ушул Жобого дал келүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен кызматташтыгы боюнчабиргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү (мындан ары -Комиссия) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу иштөөчү ведомство-лор аралык жумушчу органы болуп саналып, өз иш-аракетин Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт. 2. Комиссияга анын төрагасы (тењ төрагасы) - Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн мүчөсү башчылык кылат. Комиссиянын төрагасы кызматы боюнча Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн токтому менен бекитилет. Комиссиянын секретариатынын функциясын Комиссиянын төрагасы башчы-лык кылуучу Кыргыз Республикасынын министрликтеринин же мамлекеттик ко-митеттеринин профилдик бөлүмү аткарат. Эгерде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республика-сынын Биринчи вице-премьер-министри жана Кыргыз Республикасынын Ви-це-премьер-министри Комиссиянын төрагасы болуп саналса, Комиссиянынсекретариатынын функциясын Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жанатуризм министрлигинин профилдик бөлүмү аткарат. 3. Комиссиянын курамына төраганын орун басары (зарыл болгондо),жооптуу катчы, Кыргыз Республикасынын тиешелүү чет мамлекеттеги соодаөкүлү, чет өлкөлүк мекеменин жетекчиси, министрликтердин, мамлекеттиккомитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, Кыргыз Республика-сынын Премьер-министринин Аппаратынын подразделениелеринин өкүлдөрү ки-рет. Комиссиянын курамына макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын об-лустук мамлекеттик администрацияларынын, Кыргыз Республикасынын Соо-да-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин депутаттары кириши мүмкүн. 4. Комиссиянын жеке курамы анын кезектеги заседаниесинде талкууло-ого сунуш кылынган маселелерди эске алуу менен Кыргыз Республикасынынминистрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ве-домстволорунун сунуштары боюнча Комиссиянын секретариаты тарабынантүзүлөт жана Комиссиянын кезектеги заседаниесине чейин кеминде бир аймурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилет. 5. Комиссиянын иш-аракетин жалпы координациялоону Кыргыз Республи-касынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги ишке ашырат. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өкмөттөр аралык ко-миссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен биргелешкен заседаниесин даярдоодожана өткөрүүдө саясий-дипломатиялык көмөктөшүүнү ишке ашырат. 6. Финансы-кредиттик, аскердик-техникалык, чегаралык жана башкамаселелерди жөнгө салуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын иштериКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө чечимдери менен жөнгө салынат. II. Комиссиянын негизги максаттары жана милдеттери 7. Комиссиянын негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат: - Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн артык-чылыктуу милдеттерине жараша соода-экономикалык, илимий-техникалык жанамаданий гуманитардык тармактарда Кыргыз Республикасы менен тийиштүү четмамлекеттин ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүныњгайлуу шарттарды түзүү; - Кыргыз Республикасы менен тийиштүү чет мамлекеттин ортосундакызматташтыктын натыйжалуулугун, анын ичинде келечектүү багыттардыаныктоо жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын формаларын өркүндөтүү ар-кылуу жогорулатуу. 8. Комиссия көрсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн өзүнүн ыйгарымукуктарынын чектеринде: - Кыргыз Республикасы менен тийиштүү чет мамлекеттин ортосундакызматташтыктын артыкчылыктуу маселелери боюнча сунуштарды даярдоонууюштурат; - макулдашууларды, программаларды даярдоого жана ишке ашырууга,орун алган проблемаларды чечүү боюнча көрүлүүчү чараларга байланыштуумаселелер боюнча контролдукту ишке ашырат жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө маалымат берет; - чет мамлекеттер менен кызматташтыкты активдештирүү боюнча КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө рекомендацияларды киргизет; - өкмөттөр аралык комиссиялардын заседаниесин чет өлкөлүк бөлүктөрменен бирдикте даярдоону уюштурат, кыргыздардын ишкер чөйрөлөрүнүн,илим жана маданияттын өкүлдөрүн, Кыргыз Республикасынын министрликтери-нин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жанауюмдарынын адистерин талкуулануучу маселелер боюнча чечимдерди иштепчыгуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында өтүүчү заседание-лерди уюштуруучулук, техникалык, материалдык, финансылык жана башка жа-гынан камсыздоо үчүн ишке тартат (зарыл болгондо); - эл аралык келишимдердин чектеринде кабыл алынган милдеттенмелер-ди тараптардын аткарышын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынынмыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды, рекомендацияларды иштеп чы-гат; - тиешелүү эл аралык келишимдерде каралган башка милдеттерди атка-рат. III. Комиссиянын ыйгарым укуктары 9. Комиссия ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөргө укуктуу: - министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялыкведомстволордон жана уюмдардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын четөлкөлөрдөгү мекемелеринен зарыл маалыматтарды белгиленген тартипте су-рап алууга; - министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун жана уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой ишкер чөйрөлөрдүн,илимдин жана маданияттын өкүлдөрүн анын ишине катышууга белгиленгентартипте тартууга; - тигил же бул конкреттүү маселелерди жана кызматташуу долбоорло-рун иштеп чыгуу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, адми-нистрациялык ведомстволордун жана уюмдардын өкүлдөрүнөн, ошондой ишкерчөйрөлөрдүн, илимдин жана маданияттын өкүлдөрүнөн туруктуу же убактылуунегизде эксперттик топторду түзүүгө; - Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүктөрү менен макулдашуу боюнча бирге-лешкен туруктуу жана убактылуу жумушчу органдарын түзүүгө; - Комиссиянын кароосуна киргизилүүчү маселелер боюнча чечимдердикабыл алууга; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин талап кылуучу масе-лелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизүүгө. IV. Комиссиянын ишин уюштуруу 10. Комиссиянын заседаниеси зарылдыгына жараша, бирок жарым жылдакеминде бир жолу өткөрүлөт. 11. Өкмөттөр аралык комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен биргелеш-кен заседание тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча өткөрүлөт. Биргелешкен заседаниенин күн тартибинин долбоору тараптардын су-нуштарынын негизинде түзүлүп, ал төрага (тењ төрага) менен макулдашуугаберилет. 12. Комиссиянын төрагасы: - өкмөттөр аралык комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен биргелешкенкезектеги заседаниесин өткөрүүгө даярдыкты контролдойт; - өкмөттөр аралык комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен биргелешкенкезектеги заседаниенин маселелерин иштеп чыгуу максатында Комиссиянынзаседаниесин өткөрөт; - биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын заседаниелеринин жы-йынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга багытталган,ошондой эле чет өлкөлөр менен эки тараптуу кызматташтык маселелери жа-гынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизет. 13. Комиссиянын секретариаты (жооптуу катчы): - өкмөттөр аралык комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен биргелешкенкезектеги заседаниесин өткөрүү мөөнөттөрү жана орду жөнүндө Кыргыз Рес-публикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча сунуштардыдаярдайт; - министрликтер жана ведомстволор менен өкмөттөр аралык комиссия-нын чет өлкөлүк бөлүгү менен биргелешкен кезектеги заседаниенин маселе-лерин иштеп чыгат жана өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги заседание-синин күн тартибинин долбоорун жана протоколун даярдайт; - өкмөттөр аралык комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгүнө алардын сунуш-тарын, суроо-талаптарын жана кайрылууларын иштеп чыгууда өкмөттөр ара-лык комиссиялардын чет өлкөлүк бөлүгү тарабынан ошол сыяктуу көмөктөшүүболгон учурда аларга көмөк көрсөтүү менен өкмөттөр аралык комиссиялар-дын чет өлкөлүк бөлүгү менен жумуш боюнча тыгыз карым-катнаштарды жөнгөсалат жана колдойт; - ведомстволор аралык дењгээлде маселелерди талдоону ишке ашыратжана Комиссиянын төрагасы менен макулдашуу боюнча аларды Комиссиянынзаседаниесинин кароосуна киргизет; - протоколдорду жүргүзөт жана Комиссиянын учурдагы заседаниелери-нин чечимдерин Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтери менен ве-домстволоруна жеткирет жана алардын аткарылышын контролдойт; - өкмөттөр аралык комиссиянын биргелешкен заседаниелеринин чечим-дерин Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтери менен ведомстволо-руна жеткирет жана алардын аткарылышын контролдойт; - кезектеги отчеттук мезгилдин ичиндеги биргелешкен өкмөттөр ара-лык комиссиянын протоколдук чечимдерин ишке ашыруунун жыйынтыктарыжөнүндө докладдын долбоорун, ошондой эле башка маалыматтык материалдар-ды даярдайт; - Комиссиянын иш-аракетинин натыйжалары жана/же Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү тарабынан андан ары тийиштүү чараларды көрүү үчүн коюлганмилдеттерди өз учурунда аткарбоонун себептери тууралуу Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнө маалымат берет. 14. Комиссиянын мүчөлөрү заседаниелерге аларды алмаштыруу укугусузкатышат. Өзгөчө учурларда Комиссиянын төрагасы менен макулдашуу боюнчааларды убактылуу алмаштырууга жол берилет. Эгерде Комиссия мүчөсү жүйөөлүү себептер менен заседаниеге катышаалбаса, ал заседаниенин жүрүшүндө каралуучу маселелер боюнча өзүнүнсын-пикирлерин жана сунуштарын Комиссиянын төрагасына өз убагындаберүүгө тийиш. 15. Комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү биргелешкен өкмөттөр ара-лык комиссиялардын чечимдерин натыйжалуу аткаруу үчүн Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн алдында жекече жоопкерчилик тартышат. 16. Кыргыз Республикасынын аймагында өкмөттөр аралык комиссиянынчет өлкөлүк бөлүгү менен биргелешкен заседание өткөрүүгө байланыштуучыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттен кошумча максаттуу каражатбөлүүнүн эсебинен жетекчиси Комиссияга башчылык кылган ведомствогожүктөлөт. Комиссиянын мүчөлөрүнүн жана эксперттердин чет өлкөгө барышынабайланыштуу чыгымдар жиберүүчү уюмдардын каражаттарынын эсебинен