Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 1-июну № 399 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Карасуу районундагы Шарк айыл өкмөтүнө калктуу конуштардын аймактарын кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Карасуу районундагы Шарк айылөкмөтүнүн калкы 34,6 мињден ашуун адамды түзөт. 2006-жылдын 1-январындагы абал боюнча айыл өкмөтүндө турак жай шарттарын жакшыртуугаөтө муктаж болгон 500дөн ашуун үй-бүлө катталган. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Карасуу районундагы Шарк айылөкмөтүнүн жашоочуларынын социалдык маселелерин чечүү максатында,Кыргыз Республикасынын
Жер кодексинин 20-статьясына ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Карасуу районундагы Шаркайыл өкмөтүнө калктуу конуштардын аймактарын кењейтүү үчүн Айыл чарбажерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен 52,32 га сугат жеринaepүү жөнүндө Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнчареспубликалык комиссия менен макулдашылган Кыргыз Республикасыньш Ошоблусунун мамлекеттик администрациясынын сунушу кабыл алынсын, аныничинде төмөнкүлөргө: - Подаван айылына - 8,0 га; - Шарк айылына - 15,0 га; - Ташлак айылына - 24,32 га; - Маданият айылына - 5,0 га. 2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Карасуу районундагы Шаркайыл өкмөтүнө 52,32 га сугат жери "Айыл чарба багытындагы жерлер"категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына өткөрүлсүн. 3. Ош облусунун мамлекеттик администрациясы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүү киргизишсин; - социалдык-маданий багытгагы объекттерди жана инженердиккоммуникацияларды жайгаштырууну эске алуу менен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторунда курулушка пландаштыруучу жанажумушчу документтерин иштеп чыгышсын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратьшын агроөнөр жай комплекси жана кайраиштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов