Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
               КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы №68 токтомуна ылайык               КҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 5-июнундагы № 409                 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                                             Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине           өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө                (Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2008-жылдын               11-июлу № 372 токтомунун редакциясында)                                      Майыптарды социалдык жактан коргоону жогорулатуу максатында  КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат:      1.   "Кыргыз   Республикасында   медициналык-социалдык   экспертизажөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 31-декабрындагы№  915  токтому  менен  бекитилген Медициналык-социалдык  экспертизаныжүргүзүүдө  колдонулуучу классификацияга жана критерийлерге төмөнкүдейөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:   -"Кайтадан   күбөлөндүрүү  мөөнөтү  коюлбаган  майыптыкты   аныктоокритерийлери" главасынын 1) пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:   "1)  Организмдеги  органдардын  жана системаларынын  функцияларынынтуруктуу бузулушу жана кайталанбас морфологиялык өзгөрүүлөр менен  денсоолугунун  начарлашынан улам тиричилик аракетинин  узак  чектелишиненсоциалдык  жетишпегендикти азайтууга же жок кылууга  мүмкүнчүлүгү  жокмайыптарга медициналык-социалдык эксперттик комиссияларда (мындан  ары-  МСЭК)  байкоо жүргүзүү мөөнөтү экинчи топтогуларга - 6 жыл,  үчүнчүтоптогуларга - 15 жыл.   Кайтадан   күбөлөндүрүү  мөөнөтү  коюлбаган  майыптыктын   топторунаныктоо   үчүн  "майып-бала"  категориясы  боюнча  18  жашка   чейинкикурактагы  майып адамдардын МСЭКтин көзөмөлүндө турган мезгили  эсепкеалынат.";   -"Кайтадан   күбөлөндүрүү   мөөнөтү   коюлбаган   майыптык    тобунбелгилөөдөгү оорулардын тизмеси" главасында   "Нервдик-психикалык оорулар" деген II бөлүмдүн:   3-пункту  "көрүнүштөрү менен" деген сөздөрдөн кийин "ачык  байкалыптурган" деген сөздөр менен толукталсын;   бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:   "14.Төрт  жылдын аралыгында МСЭКтин көзөмөлүнөн кийин ачык байкалыптурган дебилдүүлүктүн тиешелүү дењгээлиндеги   акыл-эс жагынан бир  азартта калгандык.";   "Хирургиялык  оорулар,  анатомиялык дефекттер  жана  деформациялар"деген   III  бөлүмдүн  7-пункту  төмөнкүдөй  мазмундагы  сүйлөм  менентолукталсын:   "Айыкпаган  колостомада,  айыкпаган  толук  ичеги-карын  тешигинде,көтөн  чучуктун III даражадагы сфинктердин функциясынын ачык байкалгантуруктуу   бузулууларында  кайтадан  күбөлөндүрүү  мөөнөтү   коюлбаганмайыптыктын экинчи тобу белгиленет.".   "Көздүн зыян тартышы жана оорушу" деген IV бөлүмдө:   -  2-пункт  "орбитанын" деген сөздөн кийин "жана өтүшүп кеткен  экикөздүн афакиясынын" деген сөздөр менен толукталсын;   - 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:   "3. Майыптыктын үчүнчү тобу төменкүдөй белгиленет:   -  толук  сокурдук  же  коррекциялоо мүмкүндүгү  жок  болгондо  биркөзүнүн көрүү курчтугунун 0,05%ке чейин төмөндөшү же көрүү аянтынын 10градуска чейин ичкериши;   -  бир  көздүн  анофтальмы (көз чарасын толук алып  салуу),  өтүшүпкетпеген бир же эки көздүн операциядан кийинки афакиясы.   Эскертүү:  бир же эки көздүн афакиясында майыптуулуктун  тобу  төртжылдын аралыгында байкоо жүргүзүлгөндөн кийин мөөнөтсүз белгиленет.";   "Комбинацияланган  дефекттер" деген V бөлүмдүн  1-пунктунун  үчүнчүабзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:   "- биринчини кошо алганда төрт манжанын анкилозу же кескин көрүнгөнконтрактурасы, эки беш манжанын функционалдык жараксыз абалы;".      2.   "Кыргыз   Республикасында   медициналык-социалдык   экспертизажөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 31-декабрындагы915 токтому менен бекитилген Майып  балдарга  18 жашка  чыкканга чейинай  сайын  пособие алууга укук бере турган медициналык  көрсөткүчтөргөтөмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:   - аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:   "Майып  балдарга  18 жашка чыкканга чейин ай сайын  пособие  алуугаукук бере турган медициналык көрсөткүчтөрдүн тизмеси";   -"Майып   балдарга  18  жашка  чыкканга  чейин  ай  сайын   пособиеалуугаукук бере турган медициналык көрсөткүчтөр" главасында:   "6  айдан 2 жылга чейинки мөөнөткө майыптыкты белгилөөгө укук  беретурган  патологиялык абалдар" деген I бөлүм төмөнкүдөй  мазмундагы  9-пункт менен толукталсын:   "9. ВИЧ/СПИД диагнозу коюлган 2 жашка чейинки курактагы балдар.";   "2ден  5  жылга  чейинки мөөнөткө майыптыкты белгилөөгө  укук  беретурган патологиялык абалдар" деген II бөлүм:   -"А"  бөлүмчөсүнүн 1-пунктунун 1.6- пунктчасы төмөнкүдөй редакциядаберилсин:   "1.6.  Угуу,  көрүү,  таяныч-кыймыл аппаратынын башка  органдардын,системаларынын    же    жүрүм-турумунун   патологиялык    формаларынынфункцияларынын  бузулушу  менен  айкалышкан  кем  акылдык   даражадагыакылынын  жетишсиздиги; башка жагынан бузууларсыз көрүнүп  турган  кемакылдыктын тиешелүү даражасындагы акыл-эс жагынан жетишсиздик.";   - 1-пункт төменкүдөй мазмундагы 1.9-пунктча менен толукталсын:   "1.9. Ар кандай генездеги адамдын көрүнүп турган органикалыкбузулушу.";   - 3-пункттун 3.4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:   "3.4.  Ыњгайсыз клиникаяык болжолдоосу менен П-Ш даражадагы  өнөкөтжүрөк жетишсиздиги, реабилитациялык потенциалдык болушу.";   -  "Б"  бөлүмчөсү  төменкүдөй мазмундагы 9 жана  10-пункттар  менентолукталсын:   "9.  Ар  кандай генездин акыл-эс жагынањ жетишсиздиги же начардыгы,акыл-эс жагынан жетишсиздиктин тиешелүү денгээли.   10. Туруктуу көрүнген кыймылдык бузулуулар (кол-буттардын кесилиши,генерализацияланган   гиперкинездер,  координациянын   бузулушу   жанаж.б.у.с.).";   -  "Он  сегиз жашка чыкканга чейинки мөөнөткө майыптыкты белгилөөгөукук бере турган патологиялык абалдар" деген III бөлүмдө:   - 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:   "3.  Ар  кандай генездин акыл-эс жагынан жетишсиздиги же начардыты,өтө оор акыл-эс жагынан жетишсиздиктин тиешелүү денгээли.";   -   8-пункт   төмөнкүдөй  мазмундагы  сүйлөм   менен   толукталсын:"Имплантацияланган кардиостимулятордун болушу.";   - III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:   "21. Баш сөөк дефекти".      3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы №372 токтомуна  ылайык күчүн жоготкон.      4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы №372 токтомуна  ылайык күчүн жоготкон.    5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.         Премьер-министр                               Ф.Кулов