Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 13-июну N 423

 

            КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын нормативин бекитүү жөнүндө

 

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-мартындагы N 92 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматынын иштешине чыгымдарды аныктоонун бирдиктүү тартибин белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын пайдалануу менен курулушту ишке ашыруучу заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын нормативи негизги капиталга (капиталдык салымдарга) инвестициялардын жана негизги фонддорду ремонттоого чыгымдардын көлөмүнүн 2,9 процентине чейинки өлчөмдө бекитилсин.

Чыгымдардын бул нормативи Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик белгилеген шарттар боюнча юридикалык жак түзүү менен функцияларын аткаруучу заказчы-куруучунун кызматы үчүн колдонулат.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-мартындагы N 92 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-мартындагы N 92 токтомунун редакциясына ылайык)

 

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

Ф.Кулов