Сравнение редакций…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 21-июлундагы № 531
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-октябрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
"Аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, кылмыш-жазык аткаруу системасынын, бањги заттарды контролдоо боюнча органдардын катардагы жана башкаруучу курамдын адамдарына, алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнун, пенсиялар менен пособиелерди дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 токтому менен бекитилген Аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, кылмыш-жазык аткаруу системасынын, бањги заттарды контролдоо боюнча органдардын катардагы жана башкаруучу курамдын адамдарына, алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсиялар менен пособиелерди дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - 7-пункттун экинчи сүйлөмү алып салынсын. 2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-октябрындагы № 674 токтомуна ылайык күчүн жоготот) 3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Финансы прлициясы кызматы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы, Кыргыз Республикасынын Банги заттарга контролдук кылуу боюнча мамлекеттик агенттик (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Атайын байланыш" мамлекеттик ишканасы инфляцияны эсепке албастан, пенсиялардын өлчөмдөрүн 2005-жылдын 13-июлунан тартып кайра эсептөө жүргүзүшсүн жана аларды жањы өлчөмдөрдө төлөөнү камсыз кылышсын. 4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия алышкан пенсионерлерге "Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу жаңы өлчөмдөрдө пенсияларды төлөөгө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна кошумча ассигнование бөлсүн. 5. "Бажы органдарынын кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсияларды жана пособиелерди дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 1-июнундагы № 313 токтому менен бекитилген Жобого өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 10-октябрындагы № 696 токтому күчүн жоготту деп табылсын. 6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2006-жылдын 25-июлундагы № 54 саны менен жарыяланды 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премъер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгына жана коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
|