КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы N 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТОКТОМУ 2006-жылдын 2-августу № 555/23/1 Кыргыз Республикасында инфляцияны токтотуу боюнча 2006-жылга иш чаралардын планы жөнүндө Инфляцияны токтотуу боюнча өз учурунда чараларды көрүү, КыргызРеспубликасынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуумаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкы токтом кылышат: 1. Кыргыз Республикасында инфляцияны токтотуу боюнча 2006-жылга ишчаралардын тиркелген планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрация-лары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары: - Иш-чаралар планында каралган иш-чараларды аткарууну камсыз кы-лышсын; - ай сайын 15-числого чейин Иш-чаралар планынын аткарылышынынжүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрли-гине маалымат берип турушсун; - Иш-чаралар планын ишке ашырууда келип чыккан проблемалар туура-луу өз учурунда маалымат беришсин жана аларды чечүү боюнча Кыргыз Рес-публикасынын Экономика жана финансы министрлигине тиешелүү сунуштардыкиргизишсин. 3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги айсайын 20-числого чейин Иш-чаралардын планынын аткарылышы жөнүндө КыргызРеспубликасынын Премьер-министринин Аппаратына топтомо маалымат бериптурсун. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгынажүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улуттук банкынын төрагасы Ф.Кулов М.Алапаев