Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
 КР Министрлер Кабинетинин           2022-жылдын 24-июнундагы N 335 токтомуна ылайык   КҮЧҮН ЖОГОТТУ                                   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЖАНА                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН                                ТОКТОМУ 2006-жылдын 2-августу № 555/23/1             Кыргыз Республикасында инфляцияны токтотуу боюнча                2006-жылга иш чаралардын планы жөнүндө      Инфляцияны токтотуу  боюнча  өз  учурунда чараларды көрүү,  КыргызРеспубликасынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүшүн  камсыз  кылуумаксатында  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтү жана Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкы токтом кылышат:     1. Кыргыз Республикасында инфляцияны токтотуу боюнча 2006-жылга ишчаралардын тиркелген планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) бекитилсин.     2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,администрациялык ведомстволору,  жергиликтүү мамлекеттик администрация-лары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:     - Иш-чаралар планында каралган иш-чараларды аткарууну  камсыз  кы-лышсын;     - ай сайын  15-числого  чейин  Иш-чаралар  планынын  аткарылышынынжүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрли-гине маалымат берип турушсун;     - Иш-чаралар  планын ишке ашырууда келип чыккан проблемалар туура-луу өз учурунда маалымат беришсин жана аларды чечүү боюнча Кыргыз  Рес-публикасынын  Экономика  жана финансы министрлигине тиешелүү сунуштардыкиргизишсин.     3. Кыргыз  Республикасынын  Экономика  жана финансы министрлиги айсайын 20-числого чейин Иш-чаралардын планынын аткарылышы жөнүндө КыргызРеспубликасынын  Премьер-министринин  Аппаратына топтомо маалымат бериптурсун.     4. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын экономикалык  өнүктүрүү  башкармалыгынажүктөлсүн.      Кыргыз Республикасынын                   Кыргыз Республикасынын     Премьер-министри                         Улуттук банкынын төрагасы        Ф.Кулов                                   М.Алапаев