Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 27-сентябры № 699

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

           Ипотекалык кредиттөөнү жана күрөөлүк камсыздоону

         пайдалануунун ченемдик укуктук базасын чыњдоо боюнча

                      иш-чаралардын планы жөнүндө

 

     2005-2007-жылдарга Кыргыз   Республикасынын  экономикалык  саясаты

жөнүндө меморандумдун 18-пунктуна ылайык  жана  ипотекалык  кредиттөөнү

жана күрөөлүк камсыздоону пайдалануунун ченемдик укуктук базасын чыњдоо

максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. Тиркелген Ипотекалык кредиттөөнү жана күрөөлүк камсыздоону пай-

далануунун ченемдик укуктук базасын чыњдоо боюнча  иш-чаралардын  планы

(мындан ары - Иш-чаралардын планы) бекитилсин.

     2. Кыргыз Республикасынын министрликтери,  мамлекеттик комитеттери

жана администрациялык ведомстволору:

     - белгиленген мөөнөттө Иш-чаралардын планын аткаруу  боюнча  чара-

ларды көрүшсүн;

     - ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук  мезгилде  кийинки

айдын 10унан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Премьер министринин Ап-

паратына Иш-чаралардын планынын аткарылышынын жүрүшү  жөнүндө  маалымат

берип турушсун.

     3. Бул токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгына жүктөлсүн.

 

     Премьер-министр                                 Ф.Кулов