(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 27-сентябры №701
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Бишкек шаарын Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун
администрациялык борбору катары аныктоо жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү
мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды
конвой менен алып жүрүү боюнча департаменти жөнүндө жобону бекитүү
тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-июлундагы №
475 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция
министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана
камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаменти
жөнүндө жобого төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5.1-пунктунун «г» пунктчасындагы «Токмок шаарында жайгашкан Чүй
облустук сотуна,» деген сөздөр алып салынсын.
2. «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү
мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды
конвой менен алып жүрүү боюнча департаменти жөнүндө жобону бекитүү
тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-июлундагы №
475 токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-мартындагы № 127 токтомуна
төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктун экинчи абзацы алып салынсын.
Премьер-министр Ф.Кулов