Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 16-октябры №730 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы калктуу конуштардын аймактарын кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун тургунда-рынын социалдык муктаждыктарын чечүү максатында, Кыргыз РеспубликасынынЖер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-том кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы кал-ктуу конуштардын аймактарын кењейтүү үчүн Айыл чарба жерлерин кайра бө-лүштүрүү фондунун жеринен 94,2 га, анын ичинде 62,0 га сугат аянтын,32,2 га - көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген жерди жана Мамлекеттик токойфондунун жеринен 4,3 га жер берүү жөнүндө Жер бөлүп берүүгө байланыштуумаселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган Кыргыз Рес-публикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын сунушу ка-был алынсын. 2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер "Калктуу конуштар-дын жерлери" категориясына өткөрүлсүн: - Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 94,2 га жери "Айылчарба багытындагы жерлер" категориясынан; - Мамлекеттик токой фондунун 4,3 га жери "Токой фондунун жерлери"категориясынан, анын ичинде: Аксуу айыл өкмөтүнүн 10,4 га сугат жана 21,3 га кайрак жери; Бешкент айыл өкмөтүнүн 10,0 га сугат жана 10,9 га кайрак жери; Катран айыл өкмөтүнүн 20,1 га сугат аянты жана мамлекеттик токойфондунун 4,3 га жери; Лейлек айыл өкмөтүнүн 11,0 га сугат жери; Исфана шаар башкармасынын 10,5 га сугат жери. 3. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администра-циясы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторунун куру-лушуна пландаштыруу жана жумушчу документтерин аларда жалпы пайдалануу-дагы автожолдорго бөлүнгөн тилкенин чектеринен сырткары социалдык-мада-ний багыттагы объекттерди жана инженердик коммуникацияларды жайгашты-рууну эске алуу менен иштеп чыксын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иште-түүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министри Ф.Кулов