Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19 октябрындагы №735 токтому менен бекитилген Мобилдүү байланыштын үчүнчү муундагы 3 «G WCDMA\UMTS» стандартындагы радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү жөнүндө убактылуу жобо I. Жалпы жоболор 1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-августундагы № 588 «Мобилдүү байланыштын үчүнчү муундагы 3 «GWCDMA\UMTS» стандартындагы радиожыштык спектринин тилкелеринпайдалануу укугуна конкурс өткөрүү жөнүндө» токтомуна (мындан ары -токтом) ылайык иштелип чыкты. Жобо мобилдүү байланыштын үчүнчүмуундагы 3 G «WCDMA\UMTS» (мындан ары – 3G) стандартындагы радиожыштыкспектринин тилкесин пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартибинжана ага катышуунун шарттарын аныктайт. Бул Жобонун аракети Конкурстуккомиссия өткөрүүчү конкурс өткөрүүнүн пилоттук долбоорун ишке ашыруугагана колдонулат. Конкурстун предмети үчүнчү муундун 3 G стандартындагырадиожыштык спектринин тилкесин пайдаланууга укук болот. 1.2. Конкурстун өткөрүлүшү Кыргыз Республикасынын аймаганда 3 Gмобилдүү байланышынын тармагын түзүү боюнча мыкты сунуштарды табуугабагытталган. 1.3. Конкурска үчүнчү муундагы 3 G мобилдүү байланыштын долбоорлорунишке ашырууда тажрыйбасы бар жана токтомдо каралган милдеттенмелердиөзүнө алуучу байланыш операторлору катышат. 1.4. Конкурсту даярдоо жана өткөрүү боюнча ишти уюштуруу КыргызРеспубликасынын Улуттук байланыш агенттиги (мындан ары - Байланышагенттиги) тарабынан ишке ашырылат. 1.5. Конкурска катышуу үчүн арыз ээси 50 мињ сом өлчөмүндөконкурстук жыйым кошот. Бул каражаттар конкурсту даярдоо жана өткөрүүүчүн Байланыш агенттигине берилет. Конкурстук жыйым кайтарылыпберилбейт. II. Конкурстук комиссия 2.1. Конкурстук комиссия (мындан ары - Комиссия): - Комиссиянын ишинин регламентин бекитет; - конкурс өтүүчү орунду белгилейт; - эксперттик топтун курамын жана иш тартибин белгилейт; - Комиссиянын иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүнзарыл болгон учурда адистерди жана эксперттерди тартат; - № 1 тиркемеге ылайык эксперттик топтун пикирин эске алуу мененконкурстук милдеттенмелерге анализ жүргүзөт; - жењүүчүнү аныктайт. 2.2. Чечимдерди талкуулоодо жана кабыл алууда Комиссиянынмүчөлөрүнүн бардыгы бирдей добуш укугуна ээ. Добуштар барабар болупкалган учурда, Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот. 2.3. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет. 2.4. Комиссиянын кењешмесин уюштуруу жана арыздарды кабыл алуубоюнча милдеттер Комиссиянын жооптуу катчысына жүктөлөт. III. Конкурсту өткөрүүгө даярдык 3.1. Конкурсту өткөрүү датасы жана шарттары жөнүндө маалыматБайланыш агенттиги тарабынан мезгилдүү басма сөздө жана Байланышагентгигинин сайтында жарыяланат. 3.2. Маалыматта төмөндөгүлөр билдирилет: - конкурс өткөрүү датасы, убактысы жана орду; - арыздын пакетине кирүүчү документтердин тизмеси; - конкурска катышууга арызды жиберүүчү дарек; - арыздарды кабылдоо аяктоочу мөөнөт; - конкурска коюлуучу радиожыштыктын тилкелери жөнүндө маалыматтар; - ушул Жобонун 1.6-пунктуна ылайык арыз ээси төлөөчү конкурстукжыйымдын өлчөмү. IV. Арыздарды кабыл алуунун жана кароонун тартиби 4.1. Белгиленген формадагы арызды (№ 2 тиркеме) арыз ээлери өздөрүбере алат, же почта аркылуу жиберет. Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү,почта менен жиберген арыздарды кошо алганда, 2006-жылдын 27-ноябрындасаат 12-00 (кошо алынат) деп аныкталган (Бишкек шаарынын убакыты). 4.2. Арыздар конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жарыялангандан кийинконкурстук жыйым төлөнгөндүгүн билдирген документтерди тиркөө мененкабыл алынат. Арыз берүүчү ушул Жобонун 5.2 - пунктунда көрсөтүлгөн документтерибар конвертти өзүнчө, же арыз менен бирге, бирок ушул Жобонун 4.3 -пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч эмес бере алат. 4.3. Байланыш агенттиги ушул Жобонун 5.2 - пунктуна ылайыкконверттер кабыл алынган так убакыт (саат, минута), конверттитапшырган жооптуу адамдын фамилиясы жазылган атайын журналга белгикоюу менен арыздарды жана конверттерди кабыл алууну 2006-жылдын 27-ноябрында саат 12-00 гө чейин ишке ашырат. 4.4. Эгер арыз ушул Жобонун талаптарын бузуу менен берилсе,Байланыш агенттиги арыз ээсин конкурска катыштырбай коюшу мүмкүн. V. Конкурска катышуунун шарттары 5.1. Ушул Жобого ылайык бардык зарыл документтерди камсыз кылганбайланыш оператору конкурска катышууга мүмкүндүк алат. 5.2. Конкурска катышуу үчүн арыз берүүчү Байланыш агенттигинежабык конвертте төмөндөгү документтерди сунуш кылат: - арыз берүүчүнүн мамлекеттик каттоо жөнүндөгү күбөлүгүнүн жанауюштуруучу документтеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөнкөчүрмөсү; - арыз берүүчүнүн финансылык кудурети жөнүндө «А» классындагыбанктын тастыктоосу; - компаниянын иши жөнүндө маалымат; - арыз берүүчүнүн машинкада басылган беш барактан ашык эмес, эркинформада жазылган конкурстук милдеттенмелери, анын ар бир бетиномерленген жана арыз берүүчүнүн колу коюлган болушу керек. Арыз берүүчү ошону менен бирге жогоруда көрсөтүлгөн документтердин9 көчүрмөсүн да берет (комиссиянын мүчөлөрү үчүн). VI. Конкурсту өткөрүү тартиби жана жењүүчүнү аныктоо 6.1. Комиссиянын иш убактысы келген конверттерди ачкан учурданбашталат. 6.2. Комиссиянын кењешмеси жана конкурстун жыйынтыгы тууралуучечим бир күн ичинде болууга тийиш. Комиссиянын кењешмесине анын жалпыкурамынын үчтөн экиден кем эмеси катышуусу керек. 6.3. Арыз берүүчүлөр же ишеним каттын негизинде алардын өкүлдөрүконверттерди ачууга катыша алышат, ал үчүн алар кењешме өткөрүүгөчейин алардын ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн документтерди көрсөтүүменен Комиссиянын жооптуу катчысынын каттоосунан өтүүлөрү зарыл.Конверттерди ачууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнкатыштырууга болот. 6.4. Комиссиянын төрагасы кењешмени ачат, конкурс жөнүндө расмийжарыяланган жарыяны окуйт, арыздардын түшкөн тартибине жарашакатышуучулар жөнүндө кабарлайт. 6.5. Комиссия конверттерди ачып, берилген документтер ушул Жобонун5.2 - пунктунун талаптарына ылайык экенин текшерет жана Конкурстункатышуучуларынын (мындан ары - Катышуучулар) курамын аныктайт. 6.6. Комиссиянын төрагасы Катышуучулардын милдеттенмелерин окуйтжана аларды эксперттик топко берет. Эксперттик топ Комиссия белгилеген убакыттын ичиндеКатышуучулардын конкурстук милдеттенмелери боюнча өз пикирин даярдайтжана Комиссияга берет. 6.7. Комиссиянын мүчөлөрүнүн тапкуусу жана конкурстун жыйынтыгыбоюнча алардын чечим кабыл алышы Комиссияга мүчө эместердикатыштырбастан өтөт. 6.8. Эгерде конкурска бир гана арыз берүүчү катышкан болсо, андаконкурс өткөрүлгөн жок деп эсептелинет. Эгерде конкурска эки же андан ашык арыз берүүчү катышса, андаКомиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушун алган Катышуучуконкурстун жењүүчүсү болуп эсептелет. Эгерде эки же андан ашыкКатышуучу конкурска толук бирдей жакшы конкурстук милдеттенмелердисунуш кылышкандыктан конкурстун жењүүчүсүн аныктоого мүмкүндүкболбосо, Комиссия конкурстун жењүүчүсүн аныктоо үчүн КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык 3G стандартындагы радиожыштыкспектринин тилкесин пайдаланууга келишим түзүү укугуна жабык аукционөткөрөт. 6.9. Конкурстун жыйынтыгы жөнүндө Комиссиянын чечими бардыкКатышуучуларга жарыяланат жана протокол менен таризделип агаКомиссиянын мүчөлөрүнүн баарынын колу коюлат. Протоколдо төмөнкүлөркөрсөтүлөт: - Комиссиянын курамы, өткөрүлгөн Конкурстун датасы, убактысы жанаорду; - жењүүчү, конкурстун катышуучулары жана алар алган добуштаржөнүндө маалымат. Протоколго сөзсүз түрдө жењүүчүнүн конкурстук милдеттенмелерининоригиналы кошо тиркелет. 6.10. Комиссиянын чечими Байланыш агенттигине жиберилет. 6.11. Конкурстун катышуучулары Комиссиянын кењешмесинин протоколужана жењүүчүнүн конкурстук милдеттенмелери менен тааныша алышат,таанышууга милдеттенменин финансылык камсыздалышы кирбейт. 6.12. Конкурстун жењүүчүсү белгиленген мөөнөт ичинде старттыкбааны төлөбөсө, жењүүчүдөн кийинки көп добушту алган катышуучу жењүүчүдеп эсептелинет. 6.13. Эгерде конкурстун жењүүчүсүнүн уюк байланышынын кызматынаткаруу укугуна белгиленген тартипте берилген лицензиясы болбосо, аллицензия алуу үчүн Байланыш агенттигине арыз берүүгө милдеттүү.Лицензия алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамы мененбелгиленет. 6.14. Конкурстун жењүүчүсүнүн лицензиясына лицензиялыкмакулдашууда сөзсүз түрдө анын конкурстук милдеттенмелери көрсөтүлөт. 6.15. Мобилдүү байланыштын кызматын көрсөтүү жагында иш жүргүзүүүчүн зарыл болгон уруксат документтерди алуу Кыргыз Республикасынынмыйзамында белгиленген тартипте ишке ашырылат. 6.16. Байланыш агенттиги өзүнүн ыйгарым укугунун алкагындаконкурстун жењүүчүсүнүн конкурстук милдеттенмелерди аткарылышынаконтролдук кылат. 6.17. Үчүнчү муундагы 3G стандартындагы радиожыштык спектрининтилкесин пайдалана баштоо мөөнөтү уруксат берүүчү тийиштүүдокументтерди (жыштык ыйгаруулар, лицензия) алган учурдан тартыпбашталат. VII. Аукцион өткөрүүнүн жол-жобосу 7.1. Аукцион Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-августундагы № 588 «Мобилдүү байланыштын үчүнчү муундагы 3G«WCDMA\UMTS» стандартындагы радиожыштык спектринин тилкесин пайдаланууукугуна конкурс өткөрүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Комиссиятарабынан өткөрүлөт. Аукциондун жетекчиси Комиссия тарабынандайындалат. 7.2. Аукцион тооруктун англис усулу боюнча жүргүзүлөт. Жетекчиобъекттин баштапкы баасын жана бааны көтөрүү кадамын жарыялайт.Катышуучулар номерди көтөрүү менен старттык бааны жогорулатат, бирокал жарыяланган кадамдан аз болбошу керек. Жетекчи аукциондо катышканаукциондук номерлерди жарыялайт, бааны бекитет жана аны жогорулатуунусунуш кылат. Объект боюнча аукцион эњ жогорку баа сунуш кылынгангачейин улантылат. Жетекчи объекттин акыркы баасын үч ирет кайталайтжана башка көтөрүлгөн номер болбосо балканы уруу менен объекттинсатылгандыгын жарыялайт. Жетекчи объектке эњ жогорку бааны сунушкылган Катышуучуну аукциондун жењүүчү деп жарыялайт. 7.3. Аукциондун баштапкы баасы жана анын кадамынын өлчөмү 1 шарттуубирдик менен аныкталат. 7.4. Аукциондун жењүүчүсү 3G стандартындагы радиожыштык спектрининтилкесин пайдаланууга келишим түзүү укугу үчүн акыркы бааны КыргызРеспубликасынын улуттук валютасында конкурстун жыйынтыгыжарыялангандан кийин жыйырма күндүн ичинде төлөйт . 7.5. Аукционду өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Комиссиянын чечимитиешелүү протокол менен таризделет, ага Комиссиянын мүчөлөрү жана анынтөрагасы кол коет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынанбекитилет. Протокол эки нускада түзүлөт - бирөө Комиссияда калат, экинчисиАукциондун жењүүчүсүнө берилет. VIII Талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби 8.1. Ушул Жобону аткарууга тиешелүү талаш-тартыштар КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык чечилет. № 1 тиркеме Конкурста Жењүчүнүн милдеттенмелери Конкурстун жењүүчүсү төмөндөгүлөрдү аткарууга милдеттүү: 1. Конкурстун негизги шарттары: - беш жылдын ичинде республиканын бардык аймагында мобилдүүбайланыштын тармагын жайылтуу; - алгачкы эки жыл ичинде Чүй областында мобилдүү байланыш тармагынтүзүү жана эксплуатацияга киргизүү, ошол эле учурда оператордун башкарегиондордо да тармактарды өнүктүрүүсүнө тыюу салынбайт; - алгачкы эки жыл ичинде «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынынреспубликанын айыл жеринде жайгашкан 100 байланыш бөлүмүн зарыл болгоноргтехника жана Интернет-байланыш менен жабдып жалпыга мүмкүнчүлүктүүиштей турган борборлорду түзүү; - конкурста жењип чыккан оператор жыштыктардын диапазонун иштепжаткан радиоэлектрондук каражаттардан бошотуу үчүн зарыл болгонфинансылык 200 млн. сом өлчөмдөгү чыгымды ордуна келтирүү боюнчамилдеттенмени өзүнө алат; - конкурста жењип чыккан оператордун тармагында министрликтердинжана ведомстволордун муктаждыгы үчүн ички тармак түзүүнү (1000номерден кем эмес) камсыз кылуу; - алгачкы эки жыл ичинде, мүмкүн жогорку окуу жайларынын бирининбазасында, мобилдүү байланыш жагындагы адистерди окутуу жана даярдоокурстарын уюштуруу; - экинчи жылы Кыргыз Республикасынын аймагында, рыноктун талабынэске алуу менен, мобилдүү (уюктук) байланыштын телефон аппараттарын,анын ичинде 3G стандартындагы мобилдүү байланыштын аппараттарын дажасоону (кураштырууну) уюштуруу; - абоненттерге шашылыш байланыш боюнча акысыз байланышуунукараштыруу; - эки жылдын ичинде "полиция ящиги", "кооптуулук кнопкасы"системасын жана мыйзамда белгиленген учурларда (өзгөчө кырдаалдардынучурунда, издөө иш-чараларын жүргүзүү, дайынсыз жоголгон адамдардыиздөө үчүн ж.б.у.с.) абоненттердин турган жерин аныктоо үчүнрадиолокацияларды колдонуу системасын түзүү; - 3 G «WCDMA\UMTS»дын иш диапозонундагы жыштыктардын тилкесинбөлүп берүү үчүн старттык баа 40 млн. сомду түзөт, конкурстунжењүүчүсү бул сумманы конкурстун жыйынтыгы жарыялангандан кийин 20күндүк мөөнөт ичинде төлөйт; - конкурска катышууга арыз жана милдеттенмелер менен кошо 3 G«WCDMA\UMTS» боюнча долбоорду ишке ашыруу программасын берүү. 2. Конкурстун жењүүчүсү конкурска берген сунуштар аткаруу үчүнмилдеттүү болуп эсептелет. 3. Эгерде конкурстун жењүүчүсү жабык аукциондун жыйынтыгы боюнчааныкталган болсо, анда аукциондун жењүүчүсү объекттин акыркы баасынКыргыз Республикасынын валютасында аукциондун жыйынтыгы жарыяланганданкийин 20 күндүн ичинде төлөйт. 4. Жењүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу боюнча,ошону менен бирге радио жыштык спектрди пайдаланганы үчүн акы төлөөбоюнча милдеттенмелерди алат. 5. Жењүүчү тарабынан иш аткарылбаган учурда контракт бузулат.Салынган каражаттар кайта берилбейт. № 2 тиркеме Кимге_____________________________________________________________ Кимден____________________________________________________________ (Катышуучунун аталышы) Датасы ___________ КАТЫШУУ ЖӨНҮНДӨ АРЫЗ Үчүнчү муундагы мобилдүү байланыштын 3 G «WCDMA\UMTS»стандартындагы радиожыштык спектринин тилкелерин пайдалануу укугунаконкурска катышууга Сиздердин Чакырууга карата______________________________________________________________________ (чакыруу датасы)______________________________________________________________________ (Катышуучунун аталышы)______________________________________________________________________ үчүнчү муундагы мобилдүү байланыштын 3 G «WCDMA\UMTS»стандартындагы радиожыштык спектринин тилкелерин пайдалануу укугунакарата конкурска катышууга ниетин билдирет жана өзүнүн арызын сунушкылат. Муну менен биз____________________________________________________ (Катышуучунун аталышы)_____________________________________________________________________ Сиздердин конкурска катышууга чакырыктагы бардык шарттарга макулэкендигибизди билдиребиз. Арызга төмөндөгү документтер тиркелди: ________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ Урматтоо менен,_____________________________________ (ыйгарым укук берилген адам)_____________________________________ (колу) м.о.