Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 28-ноябры № 815                                                                                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                                               Япония Өкмөтүнүн грантынын эсебинен айыл чарба      техникалары түрүндө берилген кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн          карыздарды айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн мажбурлап                  төлөтүүлөрдү кайра баштоо тууралуу                                        Кыргыз    Республикасынын   Өкмөтү   менен   Япония   Өкмөтүнүн ортосундагы  Япония  Өкмөтүнүн гранттарынын  Утурлама  фондуларында акча  каражаттарды  топтоо боюнча Алмашуу  ноталарынын  6-пунктунда баяндалган    Япония    Өкмөтүнүн    алдындагы    милдеттенмелердин аткарылышын  камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү токтом кылат:          1.    Кыргыз    Республикасынын    Экономика    жана    финансы министрлигинин  алдындагы Экономиканы өндүрүүнүн мамлекеттик  фонду Япония  Өкмөтүнүн грантынын эсебинен айыл чарба техникалары түрүндө берилген  кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздарды  айылдык  товар өндүрүүчүлөрдөн  мажбурлап  төлөтүүлөрдү  сот  жана   укук   коргоо органдары аркылуу кайра баштасын.          2.   Кыргыз   Республикасынын   Өкмөтүнүн   2005-жылдын   I   - августундагы  № 334 " Япония Өкмөтүнүн гранттарынын линиясы  боюнча заемдук  каражат  алышкан  Кыргыз  Республикасынын  айылдык   товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана гранттык  жардамды башкарууну   жакшыртуу  жөнүндө"  токтомуна   төмөнкүдөй   өзгөртүү киргизилсин:     - 1-пунктунун экинчи абзацы алып салынсын.          3.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси  жана  кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.                    Премьер-министр                                    Ф.Кулов