КҮЧҮН ЖОГОТТУ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-февралындагы №67
токтомунун негизинде) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 28-ноябры № 820 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын структурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-октябрындагы № 490 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу «Өзгөчө тобокелдик» тобуна кирген балдардын жана өспүрүмдөрдүнукуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жагында натыйжалуу мамлекеттиксаясатты камсыз кылуу, ошондой эле жашы жете электер менен иштердикоординациялоо жана контролдоо боюнча функцияларды КыргызРеспубликасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктуктартип иштери боюнча бөлүмүнө өткөрүп берүү максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынынструктурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-октябрындагы № 490 токтому менен бекитилген Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын структурасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөркиргизилсин: - 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:-------------------------------------------------------------------|15|Коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча | 9 || |бөлүм | |-------------------------------------------------------------------
| |Бјлім башчысы | 1 || |Диний жана саясий экстремизмге каршы күрөшүү | || |боюнча иштерди координациялоо сектору | 5 || |Бјлім башчысынын орун басары | 1 || |Эксперт | 2 || |Референт | 2 || |Маалыматтык коопсуздук сектору | 3 || |Сектор башчысы | 1 || |Эксперт | 1 || |Референт | 1 |------------------------------------------------------------------- Премьер-министр Ф.Кулов