Сравнение редакций…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 19-декабры № 862
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Бишкек шаарында "Жал-Артис" 15-кичирайонун
эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун
2005-жылдын 27-майындагы № 195 буйругу менен бекитилген Кыргыз Респуб-
ликасында турак жай курулушун өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин планынын
2.6-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитекту-
ра жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик Корея Республикасынын "Ар-
тис-Глобал Ко.Лтд" курулуш компаниясы менен Бишкек шаарынын Акунбаев,
Некрасов жана Коперник көчөлөрүнүн чегиндеги 15-кичирайондун жер учас-
тогунда турак жай куруу жагында кызматташуу жөнүндө келишимге кол кой-
гон.
Долбоордун социалдык-экономикалык өзгөчө маанисин эске алып, Биш-
кек шаарында "Жал-Артис" 15-кичирайонду куруу үчүн узак мөөнөттүү ипо-
текалык кредит берүү менен ыњгайлуу шарт түзүү максатында Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-
луш боюнча мамлекеттик агенттик менен Корея Республикасынын "Артис-Гло-
бал Ко.Лтд" курулуш компаниясынын ортосунда түзүлгөн Бишкек шаарынын
Акунбаев, Некрасов жана Коперник көчөлөрүнүн чегиндеги 15-кичирайондун
жер участогунда узак мөөнөттүү ипотекалык кредит берүү менен турак жай
куруу жагында кызматташуу жөнүндө келишим жактырылсын.
2. Бишкек шаарында "Жал-Артис" 15-кичирайонун долбоорлоо жана ку-
руу шаар куруунун жањы принциптерин, көлөмдүк-пландоочу жана конструк-
циялык чечимдерди, жањы курулуш материалдарды жана нерселерди, конст-
рукцияларды жана жабдууларды, имараттарды жана курулмаларды инженердик
камсыздоо системасын, бийик турак үйлөрдү куруу боюнча куруу-монтаждоо
жумуштарын жүргүзүүнүн прогрессивдүү технологияларын киргизүүнү эске
алып "эксперименттик долбоор" деп эсептелсин.
3. Бишкек шаарында "Жал-Артис" 15-кичирайонунда 400 (төрт жүз) бир
жана эки бөлмөлүү квартиралар социалдык турак жай болуп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги соци-
алдык турак жайды куруу үчүн алгачкы взносту жана проценттик ставкалар-
ды субсидиялоо жана инвестордун кредиттик каражаттары боюнча сунушту
2007-жылга карата республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде
киргизсин.
5. "Кант цемент-шифер заводу" ачык акционердик коомуна Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июлундагы № 511 "Кыргыз Республи-
касынын ички рыногун цемент жана шифер менен камсыздоо боюнча чаралар
жөнүндө" токтомуна ылайык Бишкек шаарында "Жал-Артис" 15-кичирайонун
курууну цемент менен жетиштүү көлөмдө өз убагында камсыздоо сунуштал-
сын.
6. "Түндүк электр" ачык акционердик коомуна, "Кыргызгаз" ачык ак-
ционердик коомуна Бишкек шаарында "Жал-Артис" 15-кичирайонундагы турак
жай жана социалдык-маданий-тирчиликтик объектилерди жылытуу, тамак жа-
соо үчүн энергия, газ менен жетиштүү көлөмдө камсыздоо маселелерин че-
чүү сунушталсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын курулуш, транспортту жана коммуникация-
ларды өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри Ф.Кулов