Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                           КР Өкмөтүнүн

           2014-жылдын 22-октябрындагы № 609 токтомуна ылайык

                           КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 24-июлу № 286

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

        Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин

         иш-аракетин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын  Саламаттык  сактоо  министрлигинин түзүмүн

өркүндөтүү жана анын иш-аракетинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой

эле бюджеттик  каражаттарды  сарамжалдуу  пайдалануу  максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кыр-

гыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Ресурстук макул-

дашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.

     2. Кыргыз  Республикасынын саламаттык сактоо министри менен Кыргыз

Республикасынын финансы  министрине жогоруда аталган Ресурстук макулда-

шууга белгиленген тартипте кол коюу тапшырылсын.

     3. Кыргыз  Республикасынын  Саламаттык  сактоо министрлиги "Кыргыз

Республикасынын Президентинин  2000-жылдын  1-августундагы "Мамлекеттик

кызматчылардын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Жарлыгына толук-

тоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлы-

гынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.

 

      Премьер-министри                            А.Атамбаев