Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 6-августу № 309 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылдык кењешинин аймагынан пайдалуу казындылардын кенин иштетүү жана кыш заводун куруу үчүн "Дишан-Курулуш" өндүрүштүк компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участогун убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономикасына тике инвестицияларды тартуумаксатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 233-6,284-статьяларына жана 27-главасына, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси-нин 4, 5, 20 жана 32-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалыккомиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ала-мүдүн районундагы Байтик айылдык кењешинин аймагынан пайдалуу казынды-лардын кенин иштетүү жана кыш заводун куруу үчүн "Дишан-Курулуш" өндү-рүштүк компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомуна Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамле-кеттик агенттик тарабынан иштетүү максаттарында жер казынасын пайдала-нуу укугуна берилген 2005-жылдын 2-ноябрындагы N 865 ТЕ лицензиясынаылайык ижара шарттарында 20 жылдык мөөнөт менен убактылуу пайдалануугааянты 6,0 га жайыт жерлерин берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын. 2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытында-гы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жанабашка багыттагы жерлер" категориясына которулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сы: - төмөнкүлөрдү камсыз кылсын: "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып ко-юуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу-нун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы N 66 токтому менен белги-ленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жанаалынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасын "Дишан-Ку-рулуш" өндүрүштүк компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун төлөшүн; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Дишан-Курулуш" өндү-рүштүк компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республика-сынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айыл өкмөтү менен жеручастогуна ижара келишимин түзүүсүн; - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син. 4. "Бишкек курулуш материалдары" акционердик коомуна жер берүү жө-нүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 3-ноябрындагы N 532токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 1-пункттагы "60" жана "20" деген сандар тиешелүү түрдө "54" жана"14" деген сандарга алмаштырылсын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр А.Атамбаев