Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 10-сентябры № 403

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

               2007-жылга карата Кыргыз Республикасынын

               Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышы

                        боюнча чаралар жөнүндө

 

     "2007-жылга Кыргыз   Республикасынын  Социалдык  фондунун  бюджети

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында  Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна  төмөнкүлөр  сунуштал-

сын:

     - камсыздандыруу төгүмдөрүн "2007-жылга Кыргыз Республикасынын Со-

циалдык фондунун бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында бе-

китилген көлөмдө чогултууну камсыз кылуу;

     - пенсиялык  төлөмдөрдү  өз убагында жана толук өлчөмдө каржылоону

камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар ми-

нистрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын филиалда-

ры тарабынан пенсияларды төлөө боюнча милдеттемелердин аткарылышын  да-

йыма  контролдоо жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тапшыр-

масы боюнча "Кыргыз почтасы" МИнин филиалдары пенсия жана башка социал-

дык  төлөмдөрдү  төлөөдө  келишимдин  шарттарын тийиштүү аткарбагандыгы

үчүн финансылык санкцияларды колдонуу;

     - Кыргыз  Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун камсыздандыруу төгүмдөрүнүн

чогулган өлчөмүндө өз убагында каржылоону ишке ашыруу;

     - пенсиялык төлөмдөрдү каржылоо жөнүнде коомчулукка  жалпыга  маа-

лымдоо каражаттары аркылуу маалымат берип туруу;

     - ар бир айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Финансы  минист-

рлигине Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышы

жөнүндө маалымат берип туруу;

     - "2007-жылга  Кыргыз  Республикасынын  Социалдык фондунун бюджети

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кирешелер жана чыгашалар  бо-

юнча,  ошондой  эле  Кыргыз  Республикасынын мыйзамдары өзгөргөн учурда

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду  киргизүү  жөнүндө  сунуштарды  Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизүү.

     2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна  төмөнкүлөргө  уруксат

берилсин:

     - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы  сая-

сат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик белгилеген

баада айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн камсыздандыруу төгүмдөрүн  төлөөнүн

эсебине буудай жана кумшекер кабыл алууга;

     - төлөөчүлөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебине банк мекемеле-

ринде акча каражаттарын алыш-бериш эсеби аркылуу максаттуу өткөрүү жолу

менен, камсыздандыруу фондуларына кызмат (жумуш) көрсөткөн уюмдар менен

өз ара эсептешүү жүргүзүүгө.

     3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-

нын Социалдык фондуна 2007-жылга карата республикалык бюджетте каралган

каражаттарды өз убагында толук өлчөмдө каржылоону камсыз кылсын,  ошон-

дой  эле  республикалык  бюджеттен каржыланган уюмдардын камсыздандыруу

төгүмдөрү боюнча карыздарын жойсун.

     4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары милдеттүү мамлекеттик

социалдык камсыздандыруу боюнча каражаттарды толук жана өз убагында ко-

торууну,  жергиликтүү  бюджеттен  каржыланган  уюмдардын камсыздандыруу

төгүмдөрү боюнча карыздарын жоюуну камсыз кылышсын.

     5. Кыргыз  Республикасынын  Транспорт жана коммуникациялар минист-

рлиги:

     - Пенсиялык  фонддун  камсыздандыруу  төлөөлөрүн почталык тейлөөгө

чыгымдын ченеми төлөө өлчөмүнөн 1,3 пайыз эсебинде белгиленсин;

     - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрли-

гине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы тарабынан пенсиялык

каражаттарды башка максаттарга пайдалануу жана жетпей калуу фактыларын,

ошондой эле пенсияларды төлөө боюнча келишимдик милдеттенмелерди  атка-

рууда тартип бузууларды жоюу боюнча чараларды көрсүн.

     6. Бул токтом "2007-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык  фонду-

нун  бюджети  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамы  күчүнө кирген

күндөн баштап күчүнө кирет.

     7. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

     Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           А.Атамбаев