Редакцияот 19.10.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 19-октябры № 477                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                  Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун                 Ысыката районундагы Милянфан айылдык              кењешинин жерлерин "Айыл чарба багытындагы             жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт,            байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер"                     категориясына которуу жөнүндө      Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-статьяларына ылай-ык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер  бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалыккомиссия менен макулдашылган, "Айыл чарба багытындагы жерлер" категори-ясынан "Өнөр  жай,  транспорт,  байланыш, коргонуу жана башка багыттагыжерлер" категориясына  жалпы аянты 10,4 га болгон жерди которуу жөнүндөсунушу кабыл алынсын, анын ичинде:     - жаран  Б.Хавазовго жеке менчик укугунда таандык 1,0 га сугат ай-доо;     - Кыргыз  Республикасынын Чүй облусунун Ысыката районундагы Милян-фан айылдык  кењешинин  6,7 га сугат айдоосу (огород катары пайдаланыл-ган) жана 2,7 га айылдын жанындагы жайыт.     2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сы:     - жерди  эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син;     - бул токтомдун 1-пунктунда аталган айылдык кењештин жерлерин жекежана юридикалык  жактарга  берүүдө  "Айыл  чарба жерлерин айыл чарбалыкэмес муктаждыктар  үчүн  алып коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүнжоготууларынын ордун толтуруунун наркынын убактылуу нормативдерин беки-түү жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралын-дагы № 66 токтому менен белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өн-дүрүшүнүн жоготууларынын  ордун  толтуруунун наркынын суммасы төлөнүшүнкамсыздасын.     3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын  агроөнөржай  комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн.       Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           А.Атамбаев