Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 22-октябры № 486 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларына 2007-жыл үчүн сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө Чыгарылуучу продукциянын сапаты, сапаттуу башкаруунун жогорку на-тыйжалуу ыкмалары жагындагы жетишкен жакшы ийгиликтери үчүн сапат боюн-ча Кыргыз Республикасынын сыйлыктарын ыйгаруу боюнча Кењештин чечиминеылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Төмөнкү ишканаларга 2007-жыл үчүн сапат боюнча Кыргыз Республи-касынын сыйлыгы ыйгарылсын: - "чакан ишканалар" номинациясындагы: Каракол шаары, "Ун-Лайн" жоопкерчилиги чектелген коомуна; - "орто ишканалар" номинациясындагы: Бишкек шаары, "Столичный" кондитер комбинаты" ачык акционердик ко-омуна; - "ири ишканалар" номинациясындагы: Чүй облусу, Москва району, Ак-Суу айылы, "Ак-Суу жүгөрүнү кайраиштетүүчү кант комбинаты" ачык акционердик коомуна. 2. Конкурска активдүү катышкандыгы жана продукциянын сапаты жагын-да кыйла натыйжаларга жетишкендиги үчүн 2007-жыл үчүн сапат боюнча Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн диплому менен сыйлансын: - Бишкек шаары, "Alensia-moda" жоопкерчилиги чектелген коому; - Чүй облусу, Сокулук району, "Артезиан" жоопкерчилиги чектелгенкоому; - Жалалабат шаары, "Келечек" жоопкерчилиги чектелген коомунун фи-лиалы "Эмерек"; - Бишкек шаары, "Сладкоежка" товардык белгисинин жеке ишкериА.Ю.Кривцовго; - Нарын шаары, "Жарашык" акционердик коому; - Жалалабат шаары, "Мариям" жоопкерчилиги чектелген коому; - Талас облусу, Карабуура району, Кызыл-Адыр айылы, "Арашан" ачыкакционердик коому; - Бишкек шаары, "ЭльВест" ачык акционердик коому; - Жалалабат шаары, "Келечек" ачык акционердик коому; - Бишкек шаары, "Илбирс" ачык акционердик коому. 3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А. Атамбаев