Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 23-октябры № 497 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Бүткүл Россиялык мамлекеттик телерадиоберүүчү компаниянын Федерациялык Мамлекеттик Унитардык Ишканасынын телерадиоберүү программаларын Кыргыз Республикасынын аймагына таратуу жөнүндө Бүткүл Россиялык мамлекеттик телерадиоберүүчү компаниянын Федера-циялык Мамлекеттик Унитардык Ишканасынын (мындан ары - ФГУП ВГТРК)"РТР-Планета", "Культура" жана "Радио России" теле жана радиопрограмма-ларын Кыргыз Республикасынын аймагында берүүнү камсыздоо максатында,Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ор-тосунда 1996-жылдын 28-мартында Москва шаарында кол коюлган Россиянынтелерадиоберүүчү уюмдарынын программаларын Кыргыз Республикасынын айма-гында таратуунун тартиби жана шарттары жөнүндө макулдашуунун 5-статья-сына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. ФГУП ВГТРКнын россиянын мамлекеттик "РТР-Планета", "Культура"жана "Радио России" теле жана радиопрограммаларын Кыргыз Республикасы-нын аймагында ФГУП ВГТРКнын каржылоосунун эсебинен таратуу жөнүндө де-милгеси колдоого алынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети ФГУП ВГТРКнын теле жана радио программаларын КыргызРеспубликасынын аймагында таратуу үчүн техникалык каражаттарды бир жылмөөнөткө берүү жана андан ары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулду-гу менен узартып туруу жөнүндө ФГУП ВГТРК менен келишим түзүү маселесин"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун башкаруу органдарынын кароо-суна аныкталган тартипте киргизсин. 3. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги Кыр-гыз Республикасынын аймагына таратылчу теле жана радиопрограммалардынмазмун жагын контролдоо маселесин иштеп чыксын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев