Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 10-ноябры № 544 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун чет өлкөлүк кредиттер боюнча карызын реструктуралоо жөнүндө "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун финансылык абалынжакшыртуу үчүн көмөк көрсөтүү жана компаниянын чет өлкөлүк кредиттербоюнча кредитордук карызы көбөйүшүнө жол бербөө максатында Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун (мындан ары ААК)Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн (2002-жылдын 10-сентябрындагы № 46-02карыздык милдеттенме), Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (2002-жылдын10-сентябрындагы карыздык милдеттенме, № 48-02, 2004-жылдын 5-февралын-дагы № 118-04 Субсидиялык кредит жөнүндө макулдашуу) чет өлкөлүк кре-диттеринин негизги суммасы, проценттери жана айыптары боюнча 2007-жыл-дын 1-октябрына карата абалдагы мөөнөтү кечиктирилген береселерин рест-руктураласын; - "Электр станциялары" ААК менен реструктураланган карызды төлөөжөнүндө карыздык милдеттенмени жањы кредит түрүндө төмөнкүдөй шарттарменен тариздесин; кредиттин валютасы - АКШ доллары; проценттик ставка - 4 процент жылдык; мөөнөтү кечиктирилген төлөмдөр үчүн проценттер - 8 процент жылдык; - карызды жоюу мөөнөтүн 2007-жылдын 1-октябрынан 2025-жылдын 1-но-ябрына чейин белгилесин; - проценттер жана айыптар боюнча 2007-жылдын 1-октябрына каратаабал боюнча мөөнөтү кечиктирилген карызды 2011-жылдын 1-январынан тар-тып кредитти төлөөнүн бүткүл мезгилинин ичинде бирдей бөлүктөр менентөлөөгө бөлүштүрсүн; - кредит боюнча негизги сумманы жана проценттерди төлөй баштоочукүндү 2011-жылдын 1-январынан тартып белгилөө менен кредиттин негизгисуммасы жана кредитке салынган проценттер боюнча карызды төлөө мөөнөтүнкийинкиге жылдырсын; - 2007-жылдын 1-октябрынан тартып 2011-жылдын 1-январына чейинкимезгилде жањы кредит боюнча салынган проценттер 2011-жылдын 1-январынантартып 2025-жылдын 1-ноябрына чейин бирдей бөлүктөр менен төлөнөөрүнбелгилесин. 2. "Электр станциялары" ААКга төмөнкүлөр сунушталсын: - бир айлык мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы минис-трлиги менен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарда карыздыкмилдеттенме түзүү; - реструктураланган кредиттер боюнча калган бересени Карыздык мил-деттенмелерди төлөөнүн мурда таризделген графиктерине ылайык төлөө. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүк-төлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу А.Атамбаев