Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 21-декабры № 611 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Эс алуу зонасын жана туристтик комплекс куруу үчүн "Казак Тукуму" коомдук бирикмесине жер берүү жөнүндө Кыргыз Республикасында туристтик тармакты өнүктүрүү жана КыргызРеспубликасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Бостери айылынынжаштарын колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин233-б, 384-статьяларына, 27-главасына, Кыргыз Республикасынын Жер ко-дексинин 4, 8, 20 жана 32-статьяларына ылайык Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик админист-рациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республи-калык комиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Ысыккөл об-лусунун Ысыккөл районундагы Бостери айылдык кењешинин аймагында жайгаш-кан айыл жанындагы 8,0 га жайытын "Казак Тукуму" коомдук бирикмесине эсалуу зонасын жана туристтик комплекс куруу үчүн ижара келишими шартында49 жылдык мөөнөт менен убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө сунушу ка-был алынсын. 2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытында-гы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жанабашка багыттагы жерлер" категориясына которулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик админист-рациясы: - төмөнкүлөрдү камсыз кылсын: "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып ко-юуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу-нун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы N 66 токтому менен белги-ленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жанаалынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасын "Казак Ту-куму" коомдук бирикмесинин төлөшүн; "Казак Тукуму" коомдук бирикмеси тарабынан Кыргыз РеспубликасынынЫсыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Бостери айыл өкмөтү менен жеручастогуна ижара келишимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыктүзүүсүн; - "Казак Тукуму" коомдук бирикмеси тарабынан эс алуу зонасынын жа-на туристтик комплексинин курулушун баштоо жана аяктоо мөөнөттөрүнаныктасын; - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син. 4. "Казак Тукуму" коомдук бирикмеси берилүүчү жер участогун уюшту-руу боюнча беш жылга чейин жарандык-укуктук келишим түзүүгө укугу жокэкендиги белгиленсин. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев