Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 30-декабры № 632 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Элчилигин жайгаштыруу үчүн Вена шаарында имарат сатып алуу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Рес-публикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоо-чу ролун күчөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 Жарлыгына ылайык ошондой эле КыргызРеспубликасынын Австрия Республикасы, Вена шаарында орун алган эл ара-лык уюмдар менен эки тараптуу кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү жанатерењдетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Респуб-ликасынын Австрия Республикасындагы Элчилигин жайгаштыруу үчүн Вена ша-арында имарат сатып алууга уруксат берилсин. 2. Имарат сатып алууга жана тариздөөгө байланышкан чыгымдар КыргызРеспубликасынын Тышкы иштер министрлиги жана анын чет өлкөлөрдөгү меке-мелери консулдук кызмат көрсөткөндүгү үчүн акы алуудан келип түшкөн ка-ражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети бүтүм аяктагандан кийин сатып алынган кыймылсызмүлктү Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мамлекеттик менчиги катарыкаттасын. 4. Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жанаЫйгарым укуктуу элчисине имарат сатып алуу-сатуу келишимине Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов