Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 13-февралы № 43                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ              "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине           2007-жылдын буудай данынын түшүмүн сактоого коюу               жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн              2007-жылдын 23-ноябрындагы № 559 токтомуна             өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу      Мамлекеттик резервден  алынган  товардык  кредиттер боюнча мөөнөтүөткөн карыздарды  жоюуну  камсыздоо  боюнча  чараларды көрүү максатындаКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     "Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик  резервине 2007-жылдын буудайданынын түшүмүн сактоого коюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2007-жылдын 23-ноябрындагы № 559 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана то-луктоолор киргизилсин:     - 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:     "1. Кыргыз   Республикасынын   Финансы  министрлигинин Экономиканыөнүктүрүүнүн мамлекеттик  фонду  Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарбажана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-нө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнчамамлекеттик агенттик  жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ме-нен бирдикте  2000-2007-жылдарда  жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүгө то-вардык кредит  түрүндө алынган 38369 тонна азык-түлүк буудай данын мам-лекеттик резервге кайтарып берүүнү камсыз кылсын. Товардык кредитти ак-ча каражаттары  менен төлөөдөгү эсептешүүлөр төмөнкүдөй түрдө жүргүзүл-сүн:     - 2008-жылдын  1-апрелине  чейин - товардык кредитти берүүгө конт-рактта көрсөтүлгөн баа боюнча;     - 2008-жылдын  1-апрелинен  тартып азык-түлүк буудай данына КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө  караштуу Монополияга каршы саясат жана атаан-даштыкты өнүктүрүү  боюнча мамлекеттик агенттик белгилеген учурдагы ба-зар баасы боюнча.";     - 2-пункттун  экинчи  абзацы "класстардагы" деген сөздөн кийин "20проценттен төмөн эмес клейковинасы бар жана ИДКнын 100 бирдигинен ашпа-ган экинчи топтогу сапат менен" деген сөздөр менен толукталсын;     - 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар ме-нен толукталсын:     "- мамлекеттик  жана  мобилизациялык резервдердин номенклатурасынакиргизилбеген товардык-материалдык  баалуулуктардын  жана   товарлардыннормадан ашыкча запасын сатуунун жана Кыргыз Республикасынын бюджетининкиреше жана чыгаша бөлүктөрүн көрсөтүү менен башка булактардын эсебиненмамлекеттик резервге азык-түлүк буудай данын сатып алууга жана сактоогокоюуга уруксат берсин;     - Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы сая-сат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик белгилегенбаа боюнча  карыз  алынган азык-түлүк буудай данын, арпаны, буудай үрө-нүн, күйүүчү-майлоочу  материалдарды кайтарып берүү эсебине мамлекеттикрезервдин номенклатурасына  киргизилген  азык-түлүк  буудай  данын жанабашка материалдык  баалуулуктарды  мамлекеттик резервге сактоого коюунужүргүзсүн.";     - төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:     "4-1. Кыргыз  Республикасынын  Финансы  министрлигинин Экономиканыөнүктүрүүнүн мамлекеттик  фонду мурда алынган товардык кредиттерди жоюумөөнөттөрүн узартууга тыюу салсын.".       Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов