Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 29-февралы № 67 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Түштүк-Кыргыз цементи" жабык акционердик коомуна жер участогун убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө Кыргыз Республикасында чакан жана орто бизнести өнүктүрүү макса-тында жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 233-6,384-статьяларына жана 27-главасына, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси-нин 4, 5, 20, 32-статьяларына, 68-статьясынын 4-пунктуна ылайык жанажеке менчик жер үлүштөрү бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын Айылчарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен ага тете башка жерүлүштөрүн алууга макулдугун эске алуу менен Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү ме-нен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулда-шылган, Ош облусунун Ноокат районундагы Т.Кулатов атындагы айылдыккењешинин аймагында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жекеменчик укугундагы аянты 168,8 га жер участогун, анын ичинде 4,28 га су-гат жана 6,8 га кайрак айдоосун, Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүүфондунун 5,1 га сугат жана 27,4 га кайрак айдоосун жана айылдын жанын-дагы 125,22 га жайытты ижара келишиминин шартында "Түштүк-Кыргыз цемен-ти" жабык акционердик коомуна берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын, аныничинен: - конвейер линиясын куруу үчүн - 9,38 га сугат, 7,2 га кайрак ай-доону жана 6,22 га жайытты 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга; - акиташ жана чопо-кумай карьерин иштетүү үчүн - 27, 0 га кайракайдоону, 113 га жайытты жана майдалоочу цех куруу үчүн 6,0 га жайыттыКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ре-сурстар боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан берилген иштетүү макса-тында жер казыналарын пайдалануу укугуна 2006-жылдын 8-майындагы № 538ТЕ лицензияга ылайык 18 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга. 2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытын-дагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуужана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун. 3. Ош облусунун мамлекеттик администрациясы: - төмөнкүлөрдү камсыз кылсын: "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып ко-юуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу-нун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы N 66 токтому менен белги-ленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордунтолтуруу наркынын суммасын "Түштүк-Кыргыз цементи" жабык акционердиккоомунун төлөшүн; "Түштүк-Кыргыз цементи" жабык акционердик коому менен бирдиктеушул токтомдун 1-пунктунда аталган Кыргыз Республикасынын жарандарынажеке менчик укугунда таандык аянты 11,08 га жер үлүштөрү боюнча КыргызРеспубликасынын Жер кодексинин 68-статьясында белгиленген тартиптеиш-аракеттердин аткарылышын; "Түштүк-Кыргыз цементи" жабык акционердик коомунун Ош облусундагыНоокат районунун Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү менен жер участокторгожер салыгынын ставкасынын өлчөмүнө карата 2 (эки) коэффициентти колдо-нуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижара келишиминтүзүүсүн; - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов