Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                        КР Ѳкмѳтγнγн

                 2015-жылдын 26-марты № 162

                токтомдун редакциясына ылайык

                        кγчγн жоготту

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 29-апрели № 190

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

          Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине

           өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

(2011-жылдын 15-февралындагы №45 токтомунун редакциясына ылайык)

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы №

82 "Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө сињирген эмгеги үчүн  пенсия-

лар  жөнүндө  жобону  бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз

Республикасынын алдында өзгөчө сињирген эмгеги үчүн  пенсиялар  жөнүндө

жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

     - 3-пунктта:

     - "а)" пунктчасы:

     - төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

     "- "Кыргыз  Республикасынын  Баатыры" жогорку айырмачылык даражасы

ыйгарылган адамдарга;";

     - төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

     "- үч даражадагы "Манас" ордендери менен сыйланган адамдарга;";

     - "б" пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин;

     "- Социалисттик эмгектин баатырларына;";

     - "в)" пунктчасындагы экинчи абзац алып салынсын;

     "г)" пунктчасында:

     - алтынчы жана он биринчи абзацтардагы "же" сөз алып салынсын;

     - он бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

     "- Кыргыз Республикасынын саясий жана атайын мамлекеттик кызматта-

рынын реестрине ылайык жогорку саясий кызматка дайындалган жана  жалпы-

сынан  кеминде 3 жыл иштеген мамлекеттик органдардын жетекчи кызматкер-

лерине, ошондой эле статусу боюнча аларга тењештирилген кызматтарда ке-

минде  5  жыл иштеген партиялык,  советтик жана комсомолдук органдардын

жетекчилерине;";

     - он жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

     "- кеминде бир шайлоо мөөнөтүн иштеген Кыргызстан профсоюздар  фе-

дерациясы кењешинин төрагасына.";

     5-пункттун экинчи абзацы алып салынсын;

     6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

     "6. Өзгөчө сињирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө  жөнүндө  ко-

миссияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетек-

чиси,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын  жетекчиси-министр,

Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасы,  мамлекеттик орган-

дардын жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу  органдарынын  жетекчилери

жана  Кыргызстан  профсоюздар  федерациясы кењешинин төрагасы сунуштама

берүүгө (эркин формада) укуктуу.

     Материалдарды туура  жана толук берүү үчүн жоопкерчиликти сунушта-

ган уюм тартат."";

     9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

     "Комиссиянын чечимдери боюнча жарандардын даттануулары жана  арыз-

дары сунуштаган уюм тарабынан каралат.  Комиссиянын чечими жөнүндө пен-

сионерге маалымдоо үчүн жоопкерчиликти сунуштаган уюм тартат.";

     - 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

     "Кыргыз Республикасынын саясий жана атайын мамлекеттик кызматтары-

нын  реестрине  ылайык  жогорку саясий кызматка дайындалган мамлекеттик

органдардын жетекчи  кызматкерлерине,  Кыргыз  Республикасынын  Жогорку

Кењешинин депутаттарына жана Кыргызстан профсоюздар федерациясы кењеши-

нин төрагасына сињирген эмгегинин даражасына жараша дайындалган пенсия-

сын проценттерде пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу төлөмү Комиссиянын чечи-

ми боюнча алар ээлеген кызматын калтырган шартта жүргүзүлөт.";

     - 17-пункттун төртүнчү абзацында "белгиленген акыдан" деген сөздөр

"белгиленген жењилдик нормаларынын чектеринде" деген сөздөр  менен  ал-

маштырылсын.

     2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна "Кыргыз  Республикасы-

нын  баатыры"  жогорку  айырмачылык даражасы жана Социалисттик Эмгектин

Баатыры наамы ыйгарылган адамдарга ушул  токтом  күчүнө  кирген  күндөн

тартып пенсияларын кайра эсептөөнү жүргүзүү сунушталсын.

     3.(2011-жылдын 15-февралындагы №45 токтомунун  редакциясына  ылайык  күчүн жоготту)      4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     5. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

             Премьер-министр                       И.Чудинов