Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
                                       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн                                           2008-жылдын 9-апрелиндеги                                              № 136 токтому менен                                                  бекитилген               Кыргыз Республикасын Стратегиялык башкаруу                 боюнча координациялык борбор жөнүндө                                 ЖОБО                              (КР Өкмөтүнүн   2008-жылдын 23-сентябрындагы № 526,2009-жылдын 10-мартындагы №159                    токтомунун редакциясына ылайык)                              I. Жалпы жоболор      1. Кыргыз  Республикасын Стратегиялык башкаруу боюнча координация-лык борбор (мындан ары - Координациялык борбор) - өлкөнүн  стратегиялыкдокументтеринде  аныкталган максаттарды ишке ашыруу үчүн аткаруу бийли-гинин органдарынын биргелешип иштешин координациялоону  камсыз  кылуучустратегиялык  башкаруунун убактылуу ведомстволор аралык кењешүүчү орга-ны.     2. Координациялык  борбор  өзүнүн  ишинде  Кыргыз  РеспубликасынынКонституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын,  Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын,  Кыргыз Республикасы-нын башка ченемдик укуктук актыларын,  ошондой эле ушул Жобону жетекчи-ликке алат.          II. Координациялык борбордун миссиясы жана максаттары      3. Координациялык борбордун миссиясы стратегиялык башкаруу жагындаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  чечимдерин  кабыл  алуунун  бирдиктүүжол-жобосун камсыз кылуу болуп эсептелет.    4. Координациялык борбордун максаты-өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарына жетүү үчүн стратегиялык башкаруунун заманбап принциптерин, стратегиялык документтерди иштеп чыгуунун бирдиктүү форматтарын жана стандарттарын ишке киргизүү.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №159 токтомунун редакциясына ылайык)

5. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №159 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

 

III. Координациялык борбордун иш милдеттери жана укуктары

 

6. Координациялык борбордун иш милдеттери:

- стратегиялык башкаруу маселесине тийиштүү Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн актыларынын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү;

- стратегиялык документтердин долбоорлорунун стратегиялык башкару-

унун заманбап принциптерге ылайык келүүсүн кароо;

- стратегиялык башкаруу боюнча маселелерди бардык кызыкдар орган-

дар менен макулдашууну камсыз кылуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн стратегиялык башкаруу боюнча

актыларынын каралган долбоорлору, ошондой эле өнүктүрүү боюнча страте-

гиялык документтердин долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө корутундуларды жана сунуштарды даярдоо;

- стратегиялык башкаруу жагында аткаруу бийлигинин органдарынын

иштерин координациялоо;

- стратегиялык документтерди ишке ашырууну колдоо үчүн администра-

циялык реформа процесстерин координациялоо;

- стратегиялык башкарууну өркүндөтүү боюнча пландарды иштеп чыгуу. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №159 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7. Координациялык борбор төмөнкүлөргө укуктуу:

- стратегиялык документтерди жана долбоорлорду Кыргыз Республика-

сынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароого жана бекитүүгө жи-

берүүгө;

- стратегиялык башкарууну андан ары өркүндөтүү боюнча тийиштүү ре-

комендацияларды жана сунуштарды кабыл алууга жана Кыргыз Республикасы-

нын аткаруу бийлигинин органдарына киргизүүгө;

- аткаруу бийлигинин органдарынан стратегиялык башкаруу маселесине

тиешелүү маалыматтарды сурап алууга;

- жарандык коомдун, жеке сектордун, донор уюмдардын өкүлдөрүн жана

көз карандысыз эксперттерди Координациялык борбордун жыйынына чакырууга

жана алардын стратегиялык башкаруу маселеси боюнча ойлорун жана сунуш-

тарын угууга.

Координациялык борбор анын төрагасынын сунушу боюнча зарыл болсо

Координациялык борбордун компетенциясына тиешелүү айрым маселелерди ка-

роо үчүн эксперттик комиссияларды жана жумушчу топторду түзөт, минист-

рликтердин жана ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик

органдарынын адистерин, ошондой эле жарандык коомдун, жеке сектордун,

донор уюмдардын өкүлдөрүн жана көз каранды эмес эксперттерди ишке тар-

тууга укуктуу.

Координациялык борбордун чечимдери жыйындын протоколу түрүндө та-

ризделет.

 

IV. Координациялык борбордун курамы,

иш регламенти жана түзүмү

 

8. Координациялык борбордун төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын

экономикалык өнүктүрүү жана соода министри эсептелет.

9. Координациялык борбордун мүчөлөрү заседаниелерге өздөрү катышы-

шат. Координациялык борбордун мүчөлөрү себептүү жагдайлар боюнча болбо-

гон учурда, аларды статс-катчынын же жетекчинин орун басарынын рангынан

төмөн болбогон кызмат адамдары алмаштыра алышы мүмкүн.

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы № 526 токтомунун редак-

циясына ылайык)

10. Координациялык борбордун иш планы анын жыйындарында бекитилет.

Күн тартибин төрага аныктайт. Координациялык борбордун жыйындары зарыл-

дыгына жараша, бирок айына бирден кем эмес өткөрүлөт.

10-1. Координациялык борбордун заседаниелеринде стратегиялык доку-

менттердин долбоорлорун кароо документти киргизген органдын жетекчиси-

нин катышуусунда гана жүргүзүлөт.

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы № 526 токтомунун редак-

циясына ылайык)

11. Координациялык борбордун ишин анын секретариаты камсыз кылат,

анын иш милдетин Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана со-

ода министрлиги ишке ашырат.

12. Координациялык борбордун секретариатынын иш милдеттери:

- уюштуруу жана аналитикалык ишти камсыз кылуу;

- максаттуу багыттарды иштеп чыгуу;

- керектүү стратегиялык документтердин тизмесин аныктоо;

- стратегиялык документтерди иштеп чыгуу боюнча бирдиктүү ыкманы

киргизүү;

- бардык стратегиялык документтерди иштеп чыгуу процессин коорди-

нациялоо;

- стратегиялык документтерди ишке ашырууга мониторинг жана баалоо

жүргүзүү;

- бардык стратегиялык документтер боюнча маалымат базасын түзүү

жана коштоо;

- стратегиялык документтерди ишке ашыруунун жыйынтыктуулук жана

натыйжалуулук критерийлерин иштеп чыгуу;

- аткаруу бийлиги органдарынын адистерине стратегиялык башкаруу

жагында окууларды уюштуруу;

- кызыкдар жактар үчүн стратегиялык башкаруунун ыкмалары жана

жол-жоболору жөнүндө маалыматты берүү;

- жеке сектордун, жарандык коомдун жана донор уюмдардын өкүлдөрү

менен керектүү маселелерди талкуулоо үчүн коомдук аянтчаны камсыз кы-

луу.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №159 токтомуна ылайык күчүн жоготту)