Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 125 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2008-жылдын 19-майы N 232

"Айыл Банк" ачык акционердик коомун менчиктештирүү концепциясынын долбоорун жактыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-июнундагы N 246 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Айыл Банк" ачык акционердик коомун менчиктештирүү концепциясынын долбоорун жактыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-июнундагы N 246 токтому төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4. Инвестициялык конкурста акциялардын 67 процентин сатуу менен "Айыл Банк" ачык акционердик коомун менчиктештирүү вариантын колдоп берүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен суралсын."

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Премьер-министри

 

 И.Чудинов