Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                        КР Өкмөтүнүн

      2011-жылдын 23-сентябрындагы № 598 токтомуна ылайык

                      КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 26-майы № 240                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ           "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиаташуучу" ачык          акционердик коомунун учуу жана учуу-сыноо курамынын               кызматкерлерине эмгектин өзгөчө шарттары                       үчүн пенсия төлөө жөнүндө      "Кыргызстан аба  жолдору"  Улуттук  авиаташуучу"  ачык акционердиккоомунун (мындан  ары  -  "КАЖ УАТ" ААК) учуу жана учуу-сыноо курамындаиштеген жарандардын пенсия жана социалдык төлөмдөрдү алууга конституци-ялык укуктарын  коргоо  максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат:     1. Кыргыз  Республикасынын  Социалдык фондуна төмөнкүлөр сунуштал-сын:     - "Мамлекеттик  пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамынын    12-статьясына    ылайык    чектелген жана2007-жылдын августунан  тартып  аларды төлөө убактылуу токтотулган учуужана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине эмгектин өзгөчө шарттары үчүнпенсияларды төлөөнү жандандыруу;     - Кыргыз  Республикасынын  Финансы министрлиги менен бирдикте "КАЖУАТ" ААКынын  учуу  жана  учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине эмгектинөзгөчө шарттары  үчүн  пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгүн (мынданары - КП1) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2007-жылга респуб-ликалык бюджеттин  пайдаланылбаган  акча каражат калдыктарынын эсебиненкаржылоону жүргүзүү;     - пенсиянын базалык жана экинчи камсыздандыруу бөлүгүн (мындан ары- Б  + КП2) каржылоону социалдык камсыздандыруу каражаттарынын эсебиненжүргүзүү;     - "Мамлекеттик  пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамынын  12-статьясынын  3-пунктунда  каралган  "КАЖУАТ" ААКынын учуу жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине төлөп берүүучуруна белгиленген  12  базалык  пенсиянын өлчөмүндө төлөнүүчү акчалайкомпенсацияны Кыргыз  Республикасынын  Социалдык фондунун тиешелүү жыл-дарга бюджетинин  аткарылышы тууралуу отчетто тиешелүү түрдө чагылдырууменен пенсиянын базалык бөлүгүн төлөө катары эсептөө.     2. Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети  Кыргыз  Республикасынын  Финансы  министрлигине "КАЖУАТ" ААКынын  учуу жана учуу-сыноо курамынын пенсионерлерине пенсия тө-лөөгө багытталган  республикалык бюджеттин чыгымдарын "КАЖ УАТ" ААКынынмүлкүн сатуудан  түшкөн  каражаттардын  эсебинен Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында белгиленген тартипте компенсацияласын.     3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Со-циалдык фондуна (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-нүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.        Премьер-министри                           И.Чудинов