Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                             КР Өкмөтүнүн

             2014-жылдын 18-ноябрындагы № 656 токтомуна ылайык

                            КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2008-жылдын 2-июну № 258

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

        Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген

        бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата

          заемдук каражаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү

            боюнча сунуштарды кароо тартиби жөнүндө жобону

                           бекитүү тууралуу

 

     Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен,  ошондой эле Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген чет өлкөлүк  грант-

тардын жана кредиттердин каражаттарынын эсебинен берилген заемдук кара-

жаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү жолу менен  кредиттик  тобокел-

дерди башкаруу системасын өркүндөтүү максатында:

     1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген  бюджет-

тик  ссудалар  жана чет өлкөлүк кредиттерге карата заемдук каражаттарды

кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо тартиби  жөнүндө

тиркелген жобо бекитилсин.

     2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджет-

тик  ссудаларды  жана  чет  өлкөлүк  кредиттерди жайгаштыруу механизмин

өркүндөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-ав-

густундагы № 518 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудаларды жана чет өлкөлүк  кредит-

терди  жайгаштыруу  тартиби жөнүндө жобонун 7.1-7.5-пункттары күчүн жо-

готту деп табылсын.

     3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Фи-

нансы министрлигине жүктөлсүн.

 

 Премьер-министри                                         И.Чудинов