КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 19-апрелиндеги №169
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июнундагы № 285 токтому менен бекитилген Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм жөнүндө типтүү ЖОБО (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык) I. Жалпы жоболор 1.1. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм (мындан ары Бө-лүм) ыйгарым укугуна аны түзүү кирген тийиштүү органдын түзүмдүк под-разделениеси болуп эсептелет. 1.2. Бөлүм балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кор-гоо боюнча адистештирилген орган болуп эсептелет жана балдардын укукта-рын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча кызмат көрсөтүүчү кыз-маттардын системасын түзгөн органдардын тизмесине кирет. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 674 токтомунун редакци-ясына ылайык) 1.3. Бөлүм укуктарды, балдардын эркиндиктерин жана мыйзамдуу кы-зыкчылыктарын сактоо жаатында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнчаөзүнүн ишмердигин жүргүзөт. 1.4. Бөлүм өзүнүн ишмердигин Кыргыз Республикасынын Конституциясы- на, "Балдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республи-касынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Типтүү жобогоылайык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-дары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара аракетте жүргү-зөт. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 674 токтомунун редакци-ясына ылайык) 1.5. Бөлүмдү каржылоо жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебиненжүргүзүлөт. 1.6. Типтүү жобо Бөлүмдүн ишмердигинин негизги багыттарын аныктайтжана балдар укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо маселеле-ринде аймактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен райондук жана шаардык бө-лүмдөрдүн жоболорун иштеп чыгуу үчүн негиз болот. II. Бөлүмдүн негизги максаттары жана милдеттери 2.1. Тиешелүү администрациялык аймактарда балдардын жарандык, эко-номикалык, социалдык жана маданий укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарынжана эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу. 2.2. Балдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылык-тарын сактоо жаатында жергиликтүү дењгээлде мамлекеттик саясатты иштепчыгууга жана ишке ашырууга катышуу; үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бо-юнча аймактык стратегияларды, пландарды жана өнүктүрүү программаларыништеп чыгуу жана ишке ашыруу. 2.3. Балдарды дене тарбиялык, интеллектуалдык, психикалык, рухийжана адеп-ахлактык өнүктүрүүгө, аларда патриоттукту жана жарандыктытарбиялоого көмөктөшүү. 2.4. Региондордо үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча кызмат көр-сөтүү системаларын координациялоо жана өнүктүрүү жана аларды жергилик-түү дењгээлде киргизүүгө көмөктөшүү. 2.5. Үй-бүлө жана бала маселелери менен иштешкен мамлекеттик меке-мелер жана уюмдардын ишмердигин координациялоо. 2.6. Бөлүмдүн милдеттери: - балдар арасында укук бузууларды эскертүү жана алдын алуу жанаүй-бүлөдө жана балдар мекемелеринде балдарга зомбулуктун алдын алуубоюнча чараларды киргизүү; - ата-эненин камкордугусуз калган балдарды жана ата-энелери алардыталаптагыдай тарбиялоону жана багууну камсыз кылбаган балдарды табуу; - кризистик кырдаалдарда болушкан балдардын укуктарын жана мыйзам-дуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча, анын ичинде алдын алуучу кызматтар,реабилитациялоо жана коомго реинтеграциялоо боюнча кызматтарды көрсө-түү; - эгерде анын эки ата-энеси тењ белгисиз болсо, балага фамилия, атжана атасынын атын ыйгаруу; - баланын муктаждыктарын баалоонун натыйжасы боюнча ата-энесининкамкордугусуз калган балдарды жайгаштыруунун формаларын тандоо; - камкорчуларды, багып алуучуларды, фостердик жана кабыл алуучуүй-бүлөлөрдү тандоону жүргүзүү; - балдар эмгегин пайдалануунун уруксат берилген формалары жөнүндөбалдарга, иш берүүчүлөргө, ата-энелерге жана аларды алмаштыруучу адам-дарга маалымдоо; - тарбия берүүчү мекемелерде, дарылоочу мекемелерде, калкты соци-алдык коргоо мекемелеринде жана башка ушуга окшош мекемелерде толукмамлекеттик камсыздоодо турган балдарды багуу, тарбиялоо жана билим бе-рүү шарттарын контролдоо; - балдардын, ошондой эле баланын укугунун жана мыйзамдуу кызыкчы-лыктарынын бузулушуна тиешеси бар кызмат адамдарынын, уюмдардын жанажарандын кайрылууларын кароо; - тергөө, прокуратура жана сот органдарында балдардын кызыкчылык-тарын көрсөтүү; - ата-энелерди ата-энелик укугунан ажыратуу үчүн же ата-энеликукуктарынан ажыратпастан балдарды алардан алуу жөнүндө сотко кайрылуу; - багып алуу жөнүндө корутунду берүү жолу менен балдарды багыпалуу жол жобосуна катышуу. Бөлүмдүн милдеттеринин тизмесине конкреттүү жергиликтүү жамааттабалдардын укуктарын ишке ашырууда региондогу кырдаалдардын абалына жа-раша аныкталуучу кошумча милдеттер киргизилиши мүмкүн. III. Бөлүмдүн функциялары 3.1. Бөлүмдүн функциялары: 3.1.1. Маалыматтар банкын түзүү жана дайыма жањыртуу: - проблемалуу үй-бүлөлөр, анын ичинде мамлекеттик колдоого муктаж-дар жөнүндө; - ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө; - камкорчулукта жана көзөмөлчүлүктө турган балдар жөнүндө; - багып алууга, фостердик же асыроочу үй-бүлөлөргө тарбиялануугаберилген балдар жөнүндө; - тарбия берүүчү мекемелерде, дарылоо-профилактикалык жана калктысоциалдык коргоо мекемелердеги балдар жөнүндө; - балдарды багып алууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары,ошондой эле чет өлкөлүк жарандар жөнүндө. 3.1.2. Үй-бүлө жана балдар (анын ичинде мектепке чейинки жана мек-теп жашындагы балдар, "опурталдуу топтогу", "кризистик үй-бүлөлөрдүн"балдары менен) менен иштери байланышкан өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөмаалымат базасын түзүү. 3.1.3. Ден-соолугунун абалы боюнча же соттун чечими боюнча көзө-мөлчүлүккө муктаж жарандарды жана камкорчулук же көзөмөлчүлүк аныктал-ган жарандарды эсепке алуу. 3.2. Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо чөйрөсүндө долбоорлордуталдоо, болжолдоо, пландоо, программаларды, долбоорлорду иштеп чыгууфункциялары: - райондо (шаарда) үй-бүлө менен балдардын абалдарын иликтөө, тал-доо жана баалоо, маалыматтар базасынын, социалдык паспортторунун маалы-матынын негизинде социалдык кызмат көрсөтүүлөрдө алардын муктаждыктарынаныктоо; - Кыргыз Республикасында балдардын укуктарын ишке ашыруу чөйрөсүн-дө улуттук, региондук жана тармактык программалардын жоболорун ишкеашырууга багытталган программаларды, пландарды, долбоорлорду иштеп чы-гуу жана ишке ашыруу; - мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар коомунда социалдык адаптацияжана интеграция үчүн шарттарды түзүү менен байланышкан иш-чаралардыпландоо жана өткөрүү; - үй-бүлө менен балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынкоргоого багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чы-гууга катышуу; - райондун бюджетин түзүү баскычында сунуштарды иштеп чыгуу; - үй-бүлөнү колдоо жана балдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндө мам-лекеттик саясатты ишке ашырууга мамлекеттик заказды аткаруучу ведомст-волук балдар мекемелерин жана коомдук уюмдарды өнүктүрүүнү кыска жанаорто мөөнөттү божомолдоо; - көзөмөлсүз калуунун жана балдар арасында укук бузуулардын себеп-терин алдын алуу жана четтетүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жанажүргүзүү. 3.3. Үй-бүлөнү колдоо, балдар укуктарын ишке ашыруу чөйрөсүндө иш-мердик жүргүзүүчү субъекттердин ишмердигин координациялоо, жөнгө салуужана контролдоо. 3.4. Камкорчулуктун, көзөмөлчүлүктүн жана багып алуунун функцияла-ры. IV. Бөлүмдүн укуктары 4.1. Бөлүм өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашы-руу максатында төмөнкүлөргө укуктуу: - баланын укугун, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кор-гоону жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чы-гууга катышууга; - билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо жаатындабалдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кор-гоо боюнча мамлекеттик, муниципалдык максаттуу программаларды даярдоогокатышууга; - алардын ишмердигин текшерүү максатында балдардын укуктарын жанакызыкчылыктарын коргоо жаатында иштеген уюмдарга менчигинин түрүнө ка-рабастан эркин кирүүгө; - менчигинин түрүнө карабастан уюмдардан жана мекемелерден, ошон-дой эле кызмат адамдарынан жана жарандардан балдар укуктарын ишке ашы-руу жана сактоо чөйрөсүндө алардын ишмердигине тиешелүү зарыл болгондокументтерди жана башка материалдарды сурап алууга; - баланы үй-бүлөдө калтыруу же болбосо үй-бүлөдөн аны алып коюу,ата-энелик укугунан ажыратуу же болбосо чектөө, камкорчулукту же көзө-мөлчүлүктү аныктоо жөнүндө маселелерди чечүү максатында баланын жаша-ган, тарбияланган жана окуган турак жай шарттарына иликтөө жүргүзүүгө; - балдардын денесине же психикалык ден-соолугуна коркунуч болгонкезде ата-энелеринен же аларды алмаштыруучу адамдардан балдарды убакты-луу алып коюуга; - баланын ата-энесин, камкорчуларды, асыроочуларды, көзөмөлчүлөр-дү, багып алуучуларды жана баланы багуучу башка адамдарды алардын ком-петенциясына кирген маселелер боюнча сүйлөшүү жана түшүндүрүү үчүн ча-кырууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык балдардын укуктарын,эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында ата-эне-лерди же аларды алмаштыруучу адамдарды жөндөмсүз ден табуу жөнүндө,ата-энелик укуктарынан ажыратуу (чектөө) жөнүндө, ата-энелерден баланыата-энелик укуктарын ажыратпастан алын коюу жөнүндө, ошондой эле башкаучурларда сот органдарына доо арыз берүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте укуккоргоо жана сот органдарында жана юстиция органдарында балдардын кызык-чылыктарын жактоого; - үй-бүлө менен балдар проблемалары боюнча илимий, координациялыкжана эксперттик кењештерди түзүүгө; - Бөлүмдүн компетенциясына караштуу маселелер боюнча конференция-ларды, кењешмелерди, жолугушууларды жана башка иш-чараларды уюштуруугажана өткөрүүгө; балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кор-гоо чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу бөлүгүндө адистештирилген мекеме-лерге, уюмдарга жана билим берүү мекемелерине методологиялык жардамдыкамсыз кылууга. V. Бөлүмдүн ишин уюштуруу 5.1. Бөлүм тиешелүү түрдө райондук мамлекеттик администрациянын жежергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын түзүмдүкподразделениеси болуп эсептелет, түздөн-түз алардын жетекчилиги мененөзүнүн ишмердигин жүргүзөт. 5.2. Бөлүмдүн штаттык расписаниеси жана кызматтык милдеттери рай-ондун мамлекеттик администрациясынын токтому менен аныкталат жана беки-тилет. 5.3. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 674 токтомунаылайык күчүн жоготту) 5.4. Бөлүмдү башчы жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рынын талаптарына ылайык сынактан өткөн адамдардын ичинен тиешелүү түр-дө райондун мамлекеттик администрациясынын же жергиликтүү өзалдынчабашкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын жетекчиси тарабынан кызматкадайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. 5.5. Бөлүмдүн башчысы: - Бөлүмдүн ишмердигине жетекчилик жүргүзөт жана Бөлүмгө жүктөлгөнмилдеттерди жана функцияларды тиешелүү түрдө аткарууга жеке жоопкерчи-лик тартат; - Бөлүмдүн ишин пландайт, бюджеттин долбоорун иштеп чыгат жанарайондун мамлекеттик администрациясынын кароосуна киргизет жана Бөлүм-дүн чечимдерди аткаруусуна контроль жүргүзөт; - Бөлүмдүн кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аныктайт, берил-ген ыйгарым укуктарынын чектеринде алардын кызматтык милдеттерин аткар-багандыгы үчүн Бөлүмдүн кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларынколдонот; - финансылык, статистикалык жана башка отчетторду даярдайт, алардытиешелүү органдарга белгиленген мөөнөттө жана бекитилген формада беретжана алардын тактыгы үчүн жоопкерчилик тартат; - Бөлүмдүн адистерин жана социалдык кызматкерлеринин квалификация-ларын жогорулатууну уюштурат; - жарандарды кабыл алууну жүргүзөт, Бөлүмдүнкомпетенциясы/юрисдикциясы жөнүндө калкка маалымдайт жана балдардынукуктарын колдонууну илгерилетүү боюнча жарандарды мобилизациялоогошарт түзөт. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 674 токтомунун редакци-ясына ылайык) VI. Бөлүмдүн ишмердигин контролдоо 6.1. Бөлүмдүн ишмердигин контролдоону тиешелүү райондун мамлекет-тик администрациясынын, мэриянын Балдар иштери боюнча комиссиясы, Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу балдардын укуктарын жана мыйзам-дуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу орган жүргү-зөт.