Бишкек шаары, Өкмөт үйү2008-жылдын 20-июну № 324 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусундагы Ысыккөл районунун айыл чарба жерлерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик админист-рациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республи-калык комиссия менен макулдашылган, Ысыккөл районунун Бозтери айылдыккењешинин аймагында жайгашкан жана "Үч Кара" дыйкан чарбасынынмүчөлөрүнө жеке менчик укугунда таандык 12,1 га сугат айдоосун "Айылчарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш-тык аймактардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабылалынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик админист-рациясы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторго курулуш ку-рууга шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2007-жылдын 4-апрелиндеги № 91 "Чолпоната, Кара-Ой, Бозтери курорттуккомплекстеринин башкы пландарын бекитүү, Тору-Айгыр, Кошкөл, Сары-Ойжана Чоктал эс алуу зоналарын аймактык өнүктүрүү схемасын жактыруу жанаЫсыккөл облусунун курорттук-рекреациялык аймактарын жайгаштырууну жак-шыртуу боюнча чаралар жөнүндө"
токтому менен бекитилген Бозтери курорттук комплекстеринин башкы пландарына ылайык иштеп чыксын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов