Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2008-жылдын 2-сентябры № 493  

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы   Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө 

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы № 730, 2013-жылдын 18-октябрындагы № 566 токтомунун редакциясына ылайык)

 

     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  2008-жылдын  7-июлундагы  № 366 "Турак жай-коммуналдык чарбаны мамлекеттик башкарууну реформалоо боюнча чаралар жөнүндө"  токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

     Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтураккоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын тиркелген Уставы бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы № 730токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги:

- "Кыргызтураккоммунсоюз" мамлекеттик ишканасын, анын ичинде анын системасына кирген карамагындагы ишканаларды жана филиалдарды камтыган башкаруу схемасын бекитсин;

- "Кыргызтураккоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына караштуу ишканалардын жана филиалдардын уставдарын кайрадан бекитсин;

- ушул токтомдон келип чыккан башка чараларды көрсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы № 730 токтомунун редакциясына ылайык)

     3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 20-июнундагы № 274 "Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик ишканалар союзу, уюмдары, бирикмелери (башкармалыктары)  жана турак жай-коммуналдык чарба ассоциациялары (Кыргызтураккоммунсоюз) жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

     4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын  энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.  

 

Премьер-министр

И.Чудинов