Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 24-сентябры № 530 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Ош облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу боюнча уюштуруу иштери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ош облусунун жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Айылчарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун (мындан ары - АКФ) жерлеринпайдалануу боюнча тийиштүү уюштуруу иштерин жүргүзүп жатышканын белги-лейт. АКФнын жерлерин пайдалануу маселеси кез-кези менен мамлекеттикадминистрациялардын коллегияларынын заседаниелеринде жана жергиликтүүкењештердин сессияларында каралып, алардын жыйынтыгында АКФнын жерлеринпайдаланууну андан ары жакшыртууга, ошондой эле аларды пайдаланууда бо-луп жаткан кемчиликтерди жана өксүктөрдү жоюуга багытталган чечимдеркабыл алынат. Мисалы, 2008-жылдын биринчи жарымынын жыйынтыгы боюнча Ош облустукмамлекеттик администрациянын коллегиясынын заседаниесинде "Райондордунмамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарынын Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин на-тыйжалуу пайдаланууну камсыздоо боюнча иштери жөнүндө" маселе каралып,анда жүргүзүлгөн иштерге баа берилип, кетирилген кемчиликтер жанаөксүктөр аныкталып, айрым райондордун мамлекеттик администрацияларынынжана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бул маселе боюнча иш-тери жетишсиз экени белгиленген, бир топ тартиптик жазалар берилген жа-на АКФнын жерлерин пайдалануунун жана башкаруунун натыйжалуулугун арт-тыруу максатында тийиштүү тапшырмалар берилген. Жыл сайын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүүбюджеттерине АКФнын жерлерин пайдалангандык үчүн ижара акысы үчүн орто-чо 40-45 млн. сом түшүп, алар социалдык-экономикалык маселелердичечүүгө пайдаланылат. АКФнын жерлерин пайдаланууну андан ары өркүндөтүү максатында Ошоблусунун 32 айыл өкмөтүндө USAID каржылаган Жер реформалары жана жеррыногун өнүктүрүү долбоорунун (Кемоникс) алкагында АКФнын жерлерине ин-вентаризация жүргүзүлүп, анын натыйжасында АКФнын жерлеринин өлчөмдөрүжана чектери такталган, АКФнын жерлерин пайдалануунун келечек пландарыбекитилген. Бул АКФнын жерлерин ачык-айкын жана көрүнөө пайдалануунукамсыздады, айыл өкмөт башчыларынын, жергиликтүү кењештердин депутатта-рынын, айыл өкмөттөрдүн адистеринин жана элдин укуктук маалыматтуулугунжогорулатууга шарт түздү. АКФнын жерлерин натыйжалуу пайдаланууга үлгү деп Ноокат районунда-гы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн ишин айтууга болот, анда жерлер ижарага ачыкжана конкурстук негизде берилген, АКФнын бардык жерлери бүт ижарага бе-рилген, ал эми жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин өздүк булактарындаижара акысынын үлүшү 2006-жылдагы 28,6 проценттен 2007-жылы 36,6 про-центке чейин өскөн. АКФнын жерлерин пайдалангандык үчүн ижара акысы ка-тары жергиликтүү бюджетке 1,5 млн. сом түшкөнү айыл өкмөтүнө насостукстанцияны калыбына келтирүүгө, каналдарды, жолдорду, социалдык-маданийарналыштагы объекттерди оњдоого мүмкүндүк берди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-майындагы № 204-ббуйругуна ылайык Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери-нин аянттарын, жайгашкан орундарын кыртыштын сапатын аныктоо менен так-тоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсызмүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары -Мамкаттоо) азыркы учурда республиканын 21 районунун 160 айыл өкмөтүндө,мунун ичинде Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Ноокат жана Алай райондо-рунда АКФнын жерлерин инвентаризациялап жана кыртыштын бонитетинин бал-лын аныктоо менен классификациялап жатат. Бул ишти жүргүзүүгө КыргызРеспубликасынын Финансы министрлиги 9,874 мињ сом өлчөмдө финансылыккаражат бөлгөн. Ушуну менен бирге эле Ош облусунун жана райондорунун мамлекеттикадминистрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын,ошондой эле Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүөнөр жай министрлигинин (мындан ары - АЧМ) АКФнын жерлерин пайдалануумаселеси боюнча иштеринде кемчиликтер жана өксүктөр бар. Мурунку жылдарда облустун жана райондордун мамлекеттик администра-циялары тарабынан айыл өкмөттөрдүн жана тийиштүү мамлекеттик органдар-дын иштерин координациялоо жана контролдоо жетишсиз жүргүзүлгөнүнө бай-ланыштуу бул маселеде орчундуу жетишпестиктер бар. Жергиликтүү мамле-кеттик администрациялар кабыл алган айрым чечимдерде аткарылчу иштержана маселелер так белгиленбеген, аларды аткаруу жолдору жана методдорукөрсөтүлбөгөн, белгиленген иш-чараларды аткаруунун мөөнөттөрү жана ат-карылышы үчүн жооптуулар конкреттүү аныкталган эмес. Анын үстүнө, 2006-2007-жылдарда АКФнын жерлерин натыйжалуу пайда-лануу маселеси Ош облустук, Кара-Суу, Ноокат, Чоњ-Алай, Кара-Кулжа ра-йондук мамлекеттик администрациялардын коллегияларынын заседаниелериндекаралган эмес. Бул багыттагы иштин жетишсиздигинин натыйжасында 2008-жылы АКФнын56067 га жеринен 12045 га, же 21,5 проценти айыл чарбалык иштетүүгөкиргизилген эмес, анын ичинде айдоонун пайдаланылбаган аянты 4988,8 га,же 13,5 процентти түзөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көбү жергиликтүүкењештер жана эл тарабынан, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик башкарууструктураларынан контроль начар болгондуктан АКФнын жерлерин пайдалан-гандык үчүн ижара акысы боюнча карыздын өз убагында жана толуктөлөнүшүн камсыздашкан эмес. Ош облустук мамлекеттик администрациянынмаалыматы боюнча, ижара акысы боюнча карыз 2006-2007-жылдардын жыйынты-гында иретине жараша 8,5 млн. сомду жана 5,2 млн. сомду түзгөн. Айылөкмөттөрдүн 2006-жылга чейинки мезгилдеги карызды өндүрүү боюнча иштеритийиштүү дењгээлде контролдонбойт, Ош облустук мамлекеттик администра-ция ал боюнча керектүү анализ жүргүзбөгөн жана тийиштүү маалымат береалган эмес. Ал эми Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнчамамлекеттик комитетинин Түштүк региондор аралык башкармасынын маалымат-тары боюнча АКФнын жерлерин пайдалангандык үчүн мурунку жылдардагы ижа-ра акысы 2008-жылдын 1-январына карата 22,4 млн. сомду түзгөн. Бул фак-тыдан АКФнын жерлерин пайдалануу боюнча маалыматтардын эсебинжүргүзүүдө орчундуу жетишпестиктер бар экени көрүнөт. Ошондой эле 2008-жыл үчүн эсептелген ижара акысынын суммасындагыорчундуу айырмалар да маалыматтарды эсепке алуунун сапатсыздыгынын бирмисалы болот. Ош облустук мамлекеттик администрациянын маалыматы боюнчаал 45754 мињ сомду түзсө, ал эми Кыргыз Республикасынын Салыктар жанажыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин Түштүк региондор аралык башкар-масынын маалыматы боюнча - 37349,5 мињ сомду түзөт, айырма - 8,4 млн.сом, мунун ичинде Кара-Суу району боюнча айырма - 4 млн. сом. Мындантышкары, Ош облустук мамлекеттик администрациянын маалыматы боюнча,2008-жылдын биринчи жарымындагы АКФнын ижарага берилген жерлеринин жал-пы аянты 44022 га, АЧМнын маалыматы боюнча - 41846 га, Мамкаттоонукубоюнча - 42432 га түзөт, башкача айтканда айырма 2 мињ га ашык. Ош облусунун айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекет-тик башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III токтому менен бекитилген, АКФнынжерлерин натыйжалуу башкаруу маселеси боюнча негизги нормативдик укук-тук акты болгон Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобонун (мындан ары- Типтүү жобо) талаптарын аткарышпайт. Мисалы, 49 айыл өкмөттө, же облустагы бардык айыл өкмөттөрдүн жа-рымында Типтүү жобонун жергиликтүү кењештер АКФнын жерлерин пайдалануубоюнча келечек план түзүү жана бекитүү жөнүндө пункту аткарылган эмес,ал пунктта жерлерди экономикалык жактан ылайыктуу, сарамжалдуу жанамайнаптуу пайдалануунун узак мөөнөттүк жана кыска мөөнөттүк келечектерианыкталат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын практикалык иштериндеТиптүү жобонун талаптарын бузган учурлар бир топ. Мисалы, айрым айылөкмөттөрдө жергиликтүү кењештердин АКФнын ижарага берилчү жерлерин ижа-ралоо мөөнөттөрүн жана өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө чечимдери жок, ижараакысынын старттык өлчөмүн аныктоо боюнча эсептөөлөр жок, жерлердинтүрлөрү көрсөтүлгөн эмес, келишимдер сапатсыз түзүлөт. Андан тышкары, жерлерди ижарага берүүнүн минимум мөөнөтү 5 жылданкем эмес болсо да, ижарага берүүнүн белгиленген мөөнөттөрү сакталбайт,АКФнын жерлери андан аз мөөнөттөргө берилген. Келишимдер Мамкаттоонунаймактык органдарында каттатылбайт. Мисалы, Ноокат районунда жалпысынан5580 га аянтка 4518 келишимдин ичинен 230,9 га аянтка 26 келишим ганакаттатылган. АКФнын жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын төрагасы Типтүүжобого ылайык жергиликтүү кењештин депутаттарынын бири болууга тийиш,бирок айрым айыл өкмөттөрдө комиссиянын төрагасы айыл өкмөт башчысынынөзү же адистери болушкан. Көп учурда жер комиссияларынын жергиликтүүкењеште бекитилген иш регламенттери жок. Мындай чекиликтер Кара-Суу ра-йонунун Сары-Колот, Шарк, Алай районунун Корул айыл өкмөттөрүндө, Ка-ра-Кулжа районунун Ылай-Талаа жана Кара-Гуз айыл өкмөттөрүндө бар. Андан тышкары, Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл өкмөтүнүн башчы-сы жер комиссиясынын төрагасы болуп туруп 2007-2008-жылдарда АКФнын94,05 га жерин, анын ичинен 15 сугат жерди, 49 га шарттуу сугат жерди,21,55 га кайрак жерди, 8,5 га көп жылдык өсүмдүктөрдү тоорукөткөрбөстөн ижарага берген. Айыл өкмөт башчысы конкурс өткөрүлгөнүжөнүндө тийиштүү материалдарды көрсөтө алган эмес. АЧМнын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалары Мамкаттоонун ай-мактык органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мененбиргелешип АКФнын суралбаган жерлеринин өлчөмүн, аларды сурабагандыктынсебебин жана жер участок пайдаланылбаган убакытты ар бир айыл өкмөтүбоюнча тактоо ишин жүргүзүшкөн эмес, ырастоочу документтер (актылар)түзүлбөгөн. Жерлердин пайдаланылышына тоскоол болгон себептерди жоюу,конкреттүү ишти жүргүзүү үчүн керектүү каражаттын өлчөмүн аныктоо, жер-гиликтүү ресурстарды жана республикалык бюджеттин каражаттарын өзүнчөкөрсөтүү жолу менен АКФнын пайдаланылбай турган 12045 га жерин, аныничинде 4988,8 га айдоону айыл чарбалык жүгүртүүгө киргизүү боюнча комп-лекстүү иш-чаралардын планы түзүлгөн эмес. АКФнын жерлерин пайдалануу жана Келечек пландын аткарылышы, АКФнынжерлеринин ижарасы үчүн ижара акынын алынышы жана пайдаланылышы жөнүндөайыл өкмөт башчыларынын отчетторун жергиликтүү кењештерде угуу эрежеболуп калган эмес. Жергиликтүү кењештер жана эл тарабынан айылөкмөттөрдүн иштерине контроль болбогондуктан алар кызмат абалын кыянатпайдаланышкан фактылар бар. Ош облустук прокуратуранын маалыматы боюнча, 2006-2008-жылдардажер боюнча мыйзамдарды бузгандык үчүн 37 кылмыш иш козголгон. Анын ичи-нен 6 айыл өкмөттө АКФнын жерлерин пайдалануудагы ар кандай эреже бузу-улар аныкталган, мында Мамкаттоонун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин аймак-тык бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары айыпталуучу катары өтүшкөн. Мындайфактылар эреже бузууга жол беришкен жогоруда айтылган кызмат адамдарындайындаган жетекчилердин беделин түшүрөт, мамлекеттик органдардын жанажергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадыр-баркына терс таасирэтет. АКФнын жерлерин натыйжалуу пайдаланууну контролдоочу мамлекеттикорган болгон АЧМ Типтүү жобо бекитилген күндөн бери бир жылдан ашыкөтсө да анын нормаларын ишке ашыруу боюнча өз убагында жана иштиктүүчараларды көргөн эмес. АЧМ иш жүзүндө 2007-жылдын 27-ноябрында № 385Фонддун жерлерин пайдалангандык жөнүндө отчеттун жана ижара келишиминтүзүүнүн формаларын бекитүү жөнүндө буйрук чыгаруу менен гана чектел-ген, алар мазмуну боюнча АКФнын жерлерин натыйжалуу пайдаланууну ти-йиштүү контролдоо үчүн маалыматтын толуктугун камсыздай алышпайт. АЧМ-нын райондук агрардык өнүктүрүү башкармаларына ал формалар боюнча квар-тал сайынкы отчетторду берүү гана тапшырылган. Типтүү жобонун талапта-рын аткаруу боюнча методикалык рекомендациялар, нускамалар чыгарылганэмес, башка уюштуруу жана практикалык чаралар көрүлбөгөн. Мунун натыйжасында министрликтин аймактык органдарынын айрым же-текчилери АКФнын жерлерин натыйжалуу пайдаланууну контролдоо АЧМга тап-шырылганын билишпейт. Мисалы, Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү баш-кармасынын начальниги К.А.Кулботоев Типтүү жобого ылайык башкарма кан-дай функцияларды аткарышы керектигин билбейт. АКФнын жерлерин пайдалануудагы кемчиликтер жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдары бул маселеге тийиштүү көњүл бурбагандыгынын, АКФнынжерлерин пайдалангандык үчүн ижара акысынын эсебинен жергиликтүү бюд-жетти толуктоого кызыкпагандыгынын, айыл өкмөттөрдүн бул маселе боюнчаиштеген адистеринин жоопкерчиликтерин жогорулатуу боюнча ишжүргүзбөгөндүгүнүн натыйжасы болууда. Мында айыл өкмөттөр көп учурдасапатсыз түзүлгөн келишимдерге мониторинг жүргүзүшпөйт. Ошону менен ка-тар эле, Ош облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын АКФнын жерлерин башкаруу жанапайдалануу боюнча иштерин тийиштүү контролдошкон эмес, ал эми КыргызРеспубликасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигикеректүү уюштуруучу-практикалык чараларды көргөн эмес. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин башкаруужана пайдалануу боюнча ишти күчөтүү максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Ош облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жанажергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Айыл чарба жерлерин кайрабөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу боюнча уюштуруу иштериндегикемчиликтер жана өксүктөр белгиленсин. 2. Ош облусунун мамлекеттик администрациясы эки айлык мөөнөттө: - кемчиликтерди жоюуга, райондордун мамлекеттик администрациялары-нын жана айыл өкмөттөрдүн башчыларынын Айыл чарба жерлерин кайрабөлүштүрүү фондунун жерлерин натыйжалуу пайдалануу үчүн жоопкерчиликте-рин жогорулатууга багытталган конкреттүү чараларды иштеп чыксын жанаколдонсун; - райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жер-гиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коллегиялардын жана жергиликтүүкењештердин заседаниелерине материалдарды сапаттуу, милдеттерди, алардыаткаруунун жолдорун жана методдорун, конкреттүү мөөнөттөрүн жана атка-руу үчүн жооптууларды так көрсөтүү менен даярдоо жагындагы иштерининнатыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кошумча чараларды көрсүн. 3. Ош облусунун райондук мамлекеттик администрациялары жана жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдары: - Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарагаберүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө Типтүү жобонун нормаларын сактооүчүн айыл өкмөт башчыларына талапты жогорулатышсын; - Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалан-гандык үчүн ижара акысы өз убагында алынышына тийиштүү контролду кам-сыздашсын жана мурдагы жылдар үчүн ижара акысы боюнча карыз жоюлушункамсыздашсын; - түзүлгөн ижара келишимдерине талдоо жүргүзүшсүн, алардын сапатынарттырууга жана нормативдик укуктук актыларга ылайык келтирүүгө багыт-талган чараларды көрүшсүн, алардын аткарылышын такай мониторингдешсин; - айыл өкмөттөрдүн финансы-экономика бөлүмдөрүнүн ижара акынынстарттык же туруктуу баасынын өлчөмүн аныктоодо экономикалык негиздеме-ни же тийиштүү эсептөөлөрдү милдеттүү жасоо жагындагы ролун жана жооп-керчиликтерин жогорулатуу боюнча чара көрүшсүн; - айыл өкмөттөрдүн иштерине контролду күчөтүү максатында жерги-ликтүү кењештерде айыл өкмөт башчыларынын отчетторун такай угууну жанаайылдык жыйындарда АКФнын жерлеринин пайдаланылышы жөнүндө элге маалым-доону камсыздашсын; - Ош облусундагы айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-нын Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануубоюнча жакшы иш тажрыйбаларын жайылтуу боюнча чара көрүшсүн. 4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияла-рына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзгөчө баалууайыл чарба жерлерин сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөаларды жердин баасы азыраак категориясына которуу жөнүндө сунуш мененкайрылуу практикасынан кармануу сунушталсын. 5. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсызмүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республика-сынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органдары менен бирдикте: - Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарагаберүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобонун Айыл чарба жерле-рин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин пайдаланылышын контролдоо жанаэсепке алуу, пайдалангандык жөнүндө отчет берүү, методикалык жардамкөрсөтүү жана иштеги кайталоолорду болтурбоо менен башка маселелер бо-юнча талаптарын аткарууну жөнгө салуучу тийиштүү нормативдик укуктукактыларды бир айлык мөөнөттүн ичинде иштеп чыксын; - Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин соттонтышкаркы тартипте кайра алып коюуну караштырган мыйзам долбоорлорун үчайлык мөөнөттө иштеп чыксын жана киргизсин. 6. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштерибоюнча улуттук агенттигине: - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсызмүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик, райондордун мамле-кеттик администрациялары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-нүн 2008-жылдын 4-июлундагы № 364 "Кыргыз Республикасында 2010-жылгачейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз ал-дынча башкарууну өнүктүрүүнүн" Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун ал-кагында 2008-2010-жылдарга карата Иш-чаралардын планы жөнүндө" токтому-на ылайык Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайда-лануунун натыйжалуулугун талдоо жана баа берүү; - көрүлгөн чаралар жөнүндө 2009-жылдын 1-мартына чейин Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнө маалымат берүү сунушталсын. 7. Кыргыз Республикасынын облустук мамлекеттик администрациялары: - эки айлык мөөнөттүн ичинде Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүүфондунун жерлерин пайдалануу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-рынын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча практикалык иштиталдашсын жана жылдын жыйынтыгында бул маселени коллегиялардын заседа-ниелеринде карашсын; - көрүлгөн чаралар жөнүндө 2009-жылдын 1-мартына чейин Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнө маалымат беришсин. 8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мони-торинг бөлүмүнө жана агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов