Документке
Мурунку29.12.2021

                                       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

                                          2008-жылдын 19-августундагы

                                              № 467 токтому менен

                                                  бекитилген

 

        Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо,

          алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды

          эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө

 

                          КР Өкмөтүнүн

              2011-жылдын 25-январындагы № 23,

             2012-жылдын 30-апрелиндеги № 263              2014-жылдын 27-августундагы № 488,

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353

             токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

          Бул Жобо "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын  Мыйзамын ишке ашыруу боюнча негизги талаптарды,

нормаларды жана эрежелерди чектеп көрсөтөт.

     Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

     географиялык объекттердин  аталыштары  -  географиялык объекттерге

ыйгарылып, аларды  айырмалоо жана таануу үчүн кызмат кылуучу география-

лык аталыштар;

     географиялык объекттердин аталыштарын белгилөө - географиялык объ-

екттердин мурдатан  бар  аталыштарын  аныктоо, географиялык объекттерге

аталыштарды ыйгаруу жана географиялык объекттерди кайра атоо;

     географиялык объекттин  аталышын  нормага  келтирүү - географиялык

объекттин көбүрөөк  колдонулган аталышын тандоо жана кайсы тилде айтыл-

са, ал аталыштын ошол тилдеги жазылышын аныктоо.

     Бул Жобо шаарларда жана башка калктуу конуштарда жайгашкан объект-

тердин аталыштарына  тиешелүү болбогон башка учурларда Кыргыз Республи-

касындагы географиялык  объекттерди  белгилөө, нормага келтирүү, колдо-

нуу, каттоодон  өткөрүү, эсепке алуу жана сактоо жагындагы иштерге кол-

донулат.

     Бул Жобо төмөнкүлөрдүн тартибин жөнгө салат:

     - географиялык  объекттерге аталыш берүү жагындагы маселелерди че-

чүүнү;

     - географиялык  объекттердин  аталыштарын белгилөөнү, алардын атын

өзгөртүүнү, географиялык  объекттерге  аталыш берүү жагындагы бирдиктүү

нормаларды жана эрежелерди аныктоону;

     - географиялык объекттерди эсепке алууну жана каттоодон өткөрүүнү;

     - географиялык объекттердин аталыштарын эсепке алуу жана каттоодон

өткөрүүнү;

     - географиялык объекттердин аталыштарын нормага келтирүү жана кол-

донууну;

     - географиялык  объекттерге  аталыш берүү жагындагы иштерди каржы-

лоону.

 

                           I. Жалпы жоболор

 

     1. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүдөй географиялык объек-

ттер атоого  жана  кайра атоого тийиш: тоолор системасы, тоо кыркалары,

тоо чокулары,  капчыгайлар, мөњгүлөр, түздүктөр, өрөөндөр, аралдар, жа-

рым аралдар,  кургактык рельефинин башка элементтери; көлдөр, дайралар,

булуњдар, кысыктар  жана жер бетиндеги башка көлмөлөр; табийгый-тарыхый

облустар; суу астындагы тоо кыркалары, чуњкурлар, ойдуњдар, тайыздыктар

жана суу  алдындагы рельефтин башка элементтери; пайдалуу кендер чыккан

жерлер, геоморфологиялык   комплекстер,   структуралык-геологиялык жана

ландшафттык бирдиктер, өсүмдүктөр менен айбанаттардын түрлөрү жана түр-

күмдөрү, дагы башка таксономиялык категориялары таралган жерлер (ареал-

дар); облустар,  райондор,  шаарлар, айылдык

аймактар жана башка калктуу конуштар, аянттар, проспекттер, көчөлөр жа-

на башка ушуга окшош объекттер.

     2. Географиялык  объекттерди  атоо жана кайра атоо мамлекеттик кы-

зыкчылыктарды, ошондой  эле географиялык, тарыхый, улуттук, тиричиликке

байланыштуу жана башка өзгөчөлүктөрдү эсепке алуу менен жүргүзүлөт.

     Географиялык объекттерди атоого жана аталышын өзгөртүүгө байланыш-

кан маселелерди  кароодо  улуттук идеологияны чыњдоого жана өнүктүрүүгө

багытталган аталыштарга көњүл бөлүү зарыл.

 

           II. Географиялык объекттерге аталыштарды ыйгаруу

 

     3. Географиялык  объекттердин  мурдатан бар аталыштары расмий кар-

тографиялык, маалымкат басылмалар жана башка булактар боюнча, жергилик-

түү калктан,  географтардан  жана  башка  адистерден сурамжылоо аркылуу

аныкталат.

     4. Кыргыз Республикасындагы аталыштар төмөндөкүдөй объекттерге ый-

гарылат:

     - жањы түзүлгөн администрациялык-аймактык бирдиктерге;

     - жањы калктуу конуштарга;

     - аталышы жок физика-географиялык объекттерге.

     Ыйгарылып жаткан  аталыштар  географиялык  объекттер  менен курчап

турган чөйрөнүн  эњ  мүнөздүү  белгилерин чагылдырып, эки-үчтөн ашпаган

сөздөн турушу, туунду сөздөрдү оњой жасагыдай, топономиканын талаптары-

на шайкеш келгидей болушу керек.

     Географиялык объекттердин ачылышына, изилденишине, өздөштүрүлүшүнө

тике катышкандардын ысымдары, ошондой эле чыгаан мамлекеттик жана коом-

дук ишмерлердин, илимдин, маданияттын өкүлдөрүнүн, мамлекет алдында эм-

геги сињген  дагы  башка  кишилердин ысымы администрациялык-аймактык бирдик-

терди, шаарларды, айылдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын

эске албаганда, аты жок географиялык объекттерге өзгөчө учурларда ыйгарылса болот.

     Географиялык объекттерге  аталыш бергенде бир администрациялык-ай-

мактык бирдиктин  чегинде жайгашкан бир нече объектиге бир эле аталышты

ыйгарууга тыюу салынат.

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-январындагы №23,

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомдорунун

 редакцияларына ылайык)

     5. Кыргыз  Республикасында объекттердин аталышын өзгөртүүгө төмөн-

күдөй учурларда жол берилет:

     - бирөњчөй  географиялык объекттердин бир тобуна бирдей аталыш ко-

юлса, бул чарбалык, дагы башка иштерге кыйынчылык келтирип жатса;

     - айрым  объекттерге жоголуп кеткен, бирок өткөн мезгилде да, азыр

да кењири белгилүү географиялык аталыштарды кайтарып берүү максатында.

     6. Физика-географиялык объекттерге аталыш берүү, аталышын өзгөртүү

Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетине караштуу Администрациялык-аймактык

түзүлүш маселелерин  кароо  жана  географиялык аталыштар боюнча ведомство

аралык комиссия менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы

биргелешип берген сунуш боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын не-

гизинде жүргүзүлөт.

     Чек ара  тилкесинде жайгашкан физика-географиялык объекттерге ата-

лыш берүү,  аталышын  өзгөртүү  өзгөчө  бир кырдаалдарда ишке ашырылып,

Кыргыз Республикасынын  Тышкы  иштер  министрлиги  менен макулдашылууга

тийиш.

     Облустарды, райондорду,  шаарларды, айылдык аймактарды жана башка

Калктуу конуштарды атоо жана алардын аталышын өзгөртүү Кыргыз Республикасынын

Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн,жергиликтүү мамлекеттик

Администрациялардын, жергиликтүү кеңештердин чечимдерин жана Кыргыз Республи-

Касынын алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана

географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 

корутундусу болсо, Кыргыз  Республикасынын Министрлер Кабинетинин сунушу

боюнча мыйзамды кабыл алуу жолу  менен ишке ашырылат.Администрациялык-аймактык

бирдиктерди жана калктуу конуштарды атоо жана алардын аталышын өзгөртүү

менен байланышкан маселелерди кароодо администрациялык-аймактык бирдиктерди

жана калктуу конуштарды атоо жана алардын аталышын өзгөртүү олуттуу чыгымдарды

алып келе тургандыгын, байланыш, транспорт ишканаларынын ишине кыйынчылык

келтирерин, жергиликтүү калкка ыңгайсыздык түзөрүн эсепке алуу менен бул

маселе терең жана ар тараптан иликтениши зарыл.

     Проспекттерди, аллеяларды,  аянттарды, шаардык же айылдык парктар-

ды, бульварларды,  көчөлөрдү жана чолок көчөлөрдү атоо жана аттарын өз-

гөртүп атоо  жергиликтүү кењештердин чечиминин негизинде жергиликтүү өз

алдынча башкаруу  органдары  тарабынан  жүргүзүлөт. Аталган объекттерди

атоого жана аталыштарын өзгөртүп атоого байланыштуу маселелерди кароодо

тийиштүү аталыштар  менен  өзгөртүп  атоолордун максатка ылайыктуулугун

жана өзүн  өзү  аттаарын да эске алуу зарыл. Мында бул иштерди каржылоо

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органынын бюджетинин эсеби-

нен жабылат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомдун

 редакциясына ылайык)

     7. Администрациялык-аймактык  бирдиктерге, калктуу конуштарга, фи-

зика-географиялык объекттерди атоо жана алардын аталышын өзгөртүү тууралуу

сунуштар мамлекеттик  бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын жеке жана

 юридикалык жактары тарабынан киргизилип, аймагында ушул объекттер жайгашкан

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилет. Географиялык  объекттерди

атоо жана алардын аталышын өзгөртүү жөнүндө сунуштар мындай сунуштарды

негиздеген документтерди жана географиялык объекттердин атын өзгөртүүгө

кетүүчү чыгымдардын эсебин камтышы керек.

     Сунуштарда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

     - объекттин турган орду;

     - тийиштүү администрациялык борборго, жакынкы темир жол стан-

циясына жана почта бөлүмчөсүнө чейинки аралык;

     - атоонун, аталышын, өзгөртүүнүн же аталышты жоюунун себептери;

     - укук белгилөөчү жана укукту күбөлөндүрүүчү документтер;

     - калктын саны жана куруу планы (калктуу конуш үчүн)

 Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдары географиялык объекттерди атоо же

аталышын өзгөртүү  тууралуу сунуштарды карап, калкка зарыл болуучу чыгым-

дар тууралуу маалымат беришет,калктын пикирин билип,

тиешелүү өтүнүчтү жергиликтүү мамлекеттик администрацияга, ал эми жергиликтүү

мамлекеттик администрация-Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы

ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жиберет.

     Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты сунуштар жактырылган учурда  аны  негиздеген  документтерди  жана

аталышты өзгөртүүгө жумшалуучу чыгымдын эсебин Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин

жана географиялык аталыштарын кароо  боюнча  ведомстволор аралык комиссияга

 жиберет. Оң корутунду алган учурда бардык зарыл документтер Кыргыз Республи-

касынын Министрлер Кабинетине киргизилет.

     Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети сунуш жактырылган учурда

 географиялык объекттерди, администрациялык-аймактык бирдиктерди жана калктуу

 конуштарды атоо жана аталышын өзгөртүү жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын

 Жогорку Кеңешине киргизет.

     Почта -  телеграф  мекемелери жана темир жол станциялары жайгашкан

калктуу конуштардын аталышын өзгөрткөндө Кыргыз Республикасынын Президентинин

областардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары аталышты

өзгөртүү байланыштын облустук органдары жана "Кыргыз темир жолу"

улуттук  компаниясы" мамлекеттик ишканасы менен макулдашууга милдеттүү.

     Администрациялык-аймактык бирдиктин,  калктуу  конуштун  же  физи-

ка-географиялык объекттин  аталышы  Кыргыз  Республикасынын  Президенти

бул объектилерди атоо же аталышын өзгөртүү жөнүндө мыйзамга кол койгон

күндөн тартып күчүнө кирет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомдун

 редакциясына ылайык)

     8. Проспекттерди,  аллеяларды, аянттарды, шаардык же айылдык парк-

тарды, бульварларды,  көчөлөрдү  жана чолок көчөлөрдү атоо жана аттарын

өзгөртүп атоо  7-пунктта  белгиленген  эрежелерге  ылайык, ушул Жобонун

6-пунктунун жоболорун эске алуу менен жүргүзүлөт.

     Мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрсөтүлгөн объек-

ттерди атоо жана атын өзгөртүү жөнүндө сунуштарды бардык тараптан изил-

дегенден, тийиштүү  иштерди  аткарууга  кетүүчү чыгымдарды эсептегенден

жана калктын  пикирин  сурамжылагандан  кийин сунуштун негиздемеси жана

чыгымдардын эсеби менен жергиликтүү кењешке өтүнүч жиберет.

     Атоо жана атын өзгөртүү жөнүндө сунуш жактырылган учурда жергилик-

түү кењеш тийиштүү чечим чыгарат, анын негизинде жергиликтүү өз алдынча

башкаруу органы  ал объекттерди атоо жана өзгөртүп атоо боюнча тийиштүү

иштерди жүргүзөт.

     9. 1:100000 жана андан чоњураак масштабдагы карталарга биринчи жо-

лу түшүрүлүп жаткан физика-географиялык объекттерге аталыштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен макулдашуу боюнча топографиялык сүрөткө тартып алуу ишин

аткарып жаткан  уюмдар  тарабынан ыйгарылат. Эгерде объект бир нече об-

лустун аймагында  жайгашса,  анда аталыш Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши жана  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнө  караштуу Администрация-

лык-аймактык түзүлүш  маселелерин кароо жана географиялык аталыштар бо-

юнча ведомство  аралык  комиссия  менен  макулдашылууга тийиш. Жогоруда

аталган физика-географиялык объекттерге аталышты ыйгаруу колдо бар бар-

дык картографиялык, маалымкат материалдарды иликтөө, жергиликтүү калкты

сурамжылоо жолу менен ошол объекттин аты жок экенин дыкаттык менен тек-

шерип чыккандан  кийин  уруксат  берилет.  Ыйгарылып жаткан аталыш анын

ошол жердеги  курчап турган чөйрөдөн өзгөчөлөп турган табигый өзгөчөлү-

гүн чагылдырып  туруш керек, мындай өзгөчөлүгү жок болсо, башка бир жа-

кын жайгашкан,  бирок  башка объекттин мурдатан бар аталышын кабыл алса

же өткөрүп берсе болот.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 488, (КР Министрлер Кабинетинин

 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

              III. Географиялык объекттердин аталыштарын

                  эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү

 

     10. Физика-географиялык  объекттердин  мурдатан бар жана ыйгарылып

жаткан аталыштары  милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүлүп, эсепке алынууга

тийиш. Кыргыз  Республикасынын  физика-географиялык  объекттерин эсепке

алуу жана  каттоодон өткөрүү географиялык аталыштардын электрондук бан-

кын түзүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз

мүлккө болгон  укукту  каттоо  боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу ишке

ашырылат. 1:100000 жана андан чоњураак масштабдагы топографиялык сүрөт-

кө тартууну аткарган бардык уюмдар берилген аттар жана өзгөртүлгөн ата-

лыштар тууралуу  маалыматты  жер ресурстардын боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик

органына жиберип турууга милдеттүү.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомдун

 редакциясына ылайык)

     11. Аймагы укук белгилөөчү документ менен, ал эми аталышы - мыйзам

менен аныкталган калктуу конуштар катталат жана эсепке алынат. Кароосуз

калган калктуу конуштар эсептен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

 токтому менен,  ал  эми башкалар менен бириктирилген калктуу сунуштар –

 мыйзамдын негизинде чыгарылат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомдун

 редакциясына ылайык)

     12. Администрациялык-аймактык бирдиктеринин жана калктуу конуштар-

дын аталыштарынын катталган өзгөрүүлөрү жана жоюлгандыгы жөнүндөгү маа-

лымат жер ресурстарынын боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы

тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жиберилет.

 (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомдун

 редакциясына ылайык)

               IV. Географиялык объекттердин аталыштарын

                   нормага келтирүү жана пайдалануу

 

     13. Географиялык  объекттердин  аталыштарын  нормага келтирүү жана

пайдалануу географиялык  объекттердин  кыргыз  тилињдеги  аталыштарынын

эрежелерине жана колдонулуш салтына ылайык ишке ашырылат.

     Географиялык объекттердин  аталыштарын  орус тилинде нормага салуу

жана пайдалануу  кыргызча  географиялык аталыштарды орусча берүү боюнча

инструкциянын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

     Документтерде, картографиялык же дагы башка басылмаларда географи-

ялык объекттердин кыргызча жана орусча нормага салынган аталыштары кол-

донулат.

     14. Физика-географиялык объекттердин аталыштарынын бирдиктүү тран-

скрипциясы географиялык аталыштардын транскрипциясы тууралуу инструкци-

ялар жана  эрежелер, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан

 бекитилип, Кыргыз Республикасынын  бардык аймагында милдеттүү түрдө колдонула

 турган географиялык  аталыштардын  маалымкат сөздүктөрү менен камсыз кылы-

нат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомдун

 редакциясына ылайык)

              V. Географиялык объекттерди атоо кайра атоо

                 өзгөртүү жагындагы иштерди финансылоо

 

     15. Кыргыз Республикасында географиялык объекттер атоо жана аталы-

шын өзгөртүү  объект  кайсы аймакта жайгашса ошол жердин жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин эсебинен ишке ашырылат.

 

                             VI. Корутунду

 

     16. Администрациялык-аймактык  бирдиктердин,  калктуу  конуштардын

физика-географиялык объекттердин  ушул  Жобону  бузуу менен жүргүзүлгөн

аталыштарынын берилиши  жана аталыштарынын өзгөртүлүшү жараксыз деп та-

былат.

 

 

Жаңы15.07.2022

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 387 токтомунун редакциясына ылайык)

I. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун негизги талаптарын, ченемдерин жана эрежелерин аныктайт.

Ушул Жобонун колдонулушу шаарларда жана башка калктуу конуштарда жайгашкан объекттердин аталыштарын кошпогондо, Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттердин аталыштарын белгилөө, ченемге келтирүү, колдонуу, каттоо, эсепке алуу жана сактоо жаатындагы иштерге жайылтылат.

2. Ушул Жобо төмөнкүлөрдүн тартибин регламенттейт:

- географиялык объекттердин аталыштары жаатындагы маселелерди чечүүнү;

- географиялык объекттердин аталыштарын жана алардын аталышын өзгөртүүнү белгилөөнү, географиялык объекттердин аталыштары жаатындагы бирдиктүү ченемдерди жана эрежелерди аныктоону;

- географиялык объекттердин аталыштарын эсепке алууну жана каттоону;

- географиялык объекттердин аталыштарын ченемге келтирүүнү жана колдонууну;

- географиялык объекттердин аталыштары жаатындагы иштерди каржылоону.

3. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:

- географиялык объекттердин аталыштары - географиялык объекттерге ыйгарылган жана аларды айырмалоо жана таануу үчүн кызмат кылган географиялык аталыштар;

- географиялык объекттердин аталыштарын белгилөө - географиялык объекттердин учурдагы аталыштарын аныктоо, географиялык объекттерге аталыштарды ыйгаруу жана географиялык объекттердин аталыштарын өзгөртүү;

- географиялык объекттин аталышын ченемге келтирүү - географиялык объекттин эң көп колдонулган аталышын тандоо жана ушул аталыштын колдонулган тилде жазылышын аныктоо.

4. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүдөй географиялык объекттерди: тоо системаларын, тоо кыркаларын, тоо чокуларын, капчыгайларды, мөңгүлөрдү, түздүктөрдү, өрөөндөрдү, аралдарды, жарым аралдарды жана кургактыктын рельефинин башка элементтерин; көлдөрдү, дарыяларды, булуңдарды, кысыктарды жана башка жер үстүндөгү көлмөлөрдү; табигый-тарыхый облустарды; суу алдындагы тоо кыркаларын, чуңкурларды, ойдуңдарды, тайыздыктарды жана суу алдындагы рельефтин башка элементтерин; пайдалуу кен чыккан жерлерди; геоморфологиялык комплекстерди; түзүмдүк-геологиялык жана ландшафттык бирдиктерди; өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын түркүмдөрүнүн, түрлөрүнүн же башка таксономиялык категорияларынын жайылуу аймактарын (ареалдарын); облустарды, райондорду, шаарларды, айылдык аймактарды жана башка калктуу конуштарды, аянттарды, проспекттерди, көчөлөрдү, парктарды жана башка ушул сыяктуу объекттерди атоого жана өзгөртүп атоого болот.

5. Географиялык объекттерди атоо жана өзгөртүп атоо мамлекеттик кызыкчылыктарды, ошондой эле географиялык, тарыхый, улуттук, турмуш-тиричилик жана башка жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

Географиялык объекттерди атоо жана өзгөртүп атоо менен байланышкан маселелерди кароодо улуттук идеологияны өнүктүрүү жана чыңдоо маселелери артыкчылыктуу тартипте эске алынат.

II. Географиялык объекттерге аталыштарды ыйгаруу

6. Географиялык объекттердин учурдагы аталыштары расмий картографиялык, маалымдама басылмалары жана башка булактар боюнча жергиликтүү калкты, географтарды жана башка адистерди сурамжылоо жолу менен аныкталат.

7. Кыргыз Республикасында аталыштар төмөнкүдөй объекттерге ыйгарылат:

- жаңы түзүлгөн административдик-аймактык бирдиктерге;

- жаңы калктуу конуштарга;

- аталышы жок физикалык-географиялык объекттерге.

Ыйгарылуучу аталыштар географиялык объекттердин жана айлана-чөйрөнүн эң мүнөздүү белгилерин чагылдырууга, эки-үч сөздөн ашпаган, туунду сөздөрдү оңой түзүүгө жана топонимиканын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

8. Кыргыз Республикасында объекттерди өзгөртүп атоого төмөнкүдөй учурларда жол берилет:

- эгерде бир катар бир түрдүү географиялык объекттердин аталыштары бирдей болгон учурда, бул чарбалык же башка иште кыйынчылыктарды жаратса;

- айрым объекттерге жоголгон, бирок буга чейин жана азыркы учурда кеңири белгилүү болгон географиялык аталыштарды кайтарып берүү максатында.

9. Ушул пунктта аныкталган критерийлерге ылайык административдик-аймактык бирдиктерге, калктуу конуштарга жана аты аталбаган географиялык объекттерге географиялык объекттерди ачууга, изилдөөгө, өздөштүрүүгө же негиздөөгө түздөн-түз катышкан адамдардын аттары, ошондой эле көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, илимдин, маданияттын өкүлдөрүнүн жана мамлекет алдында өзгөчө эмгек сиңирген тарыхый инсандардын ысымдары ыйгарылат. Аларга төмөнкүлөр кирет:

- географиялык объекттерди ачууга, изилдөөгө жана өздөштүрүүгө түздөн-түз катышкан, эл аралык жана мамлекеттик деңгээлде таанылган, экономикалык жана илимий натыйжалары мамлекеттин жана коомдун өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон адамдар;

- жогорку мамлекеттик кызматтарды жана республикалык деңгээлдеги мамлекеттик органдардын жетекчилеринин кызмат орундарын ээлеген, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө, калыптандырууга жана өнүктүрүүгө түздөн-түз салым кошкон, элдин бакубатчылыгынын деңгээлин жогорулатууга жана коомду өнүктүрүүгө багытталган максаттарды иш жүзүндө ишке ашырган адамдар;

- калктын жашоосун жакшыртууну өнүктүрүү багытындагы процесске, тынчтыкты сактоого салым кошкон тарыхый инсандар, коомдук ишмерлер;

- илимий ачылыштары дүйнөлүк, эл аралык, мамлекеттик масштабдагы илимий коомчулук тарабынан ири илимий ачылыштардан деп таанылган, анын практикада колдонулушу коомду жана мамлекетти өнүктүрүүгө, ошондой эле улуттун өз аң-сезимин өнүктүрүүгө, адамдын коомдогу өзүнүн ролун билүүсүнө өбөлгө түзгөн окумуштуулар;

- дүйнөлүк маданиятта, кыргыз элинин маданиятында жогорку баалуулукту чагылдырган өзүнүн чыгармалары жана аткарган ролдору аркылуу дүйнөлүк жана эл аралык коомчулук тарабынан таанылган маданияттын өкүлдөрү;

- өмүргө коркунуч туудурган жагдайларда аскердик, кызматтык же жарандык парзын аткарууда жан аябаган эрдикти, туруктуулукту көрсөткөн адамдар;

- Кыргыз Республикасынын жана СССРдин төмөнкү мамлекеттик сыйлыктары жана мамлекеттик сый-акылары менен сыйланган адамдар:

"Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы, Советтик Союзунун Баатыры жана Социалисттик эмгектин Баатыры наамдары, үч даражадагы "Манас" ордени, Ленин, үч даражадагы Даңк, үч даражадагы Эмгек даңкы (СССР) ордендери менен сыйлангандар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаттары, СССРдин Ленин жана Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттары.

Административдик-аймактык бирдиктердин жана калктуу конуштардын, ошондой эле аталышы жок географиялык объекттердин сунушталган атоолорунун же өзгөртүп атоолорунун жогоруда көрсөтүлгөн белгиленген критерийлерге ылайык келиши Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корутундуларынын негизинде, ошондой эле тиешелүү чөйрөлөрдөгү илимий-коомдук уюмдардын жана көз карандысыз эксперттердин пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу административдик-аймактык түзүлүш маселелерин жана географиялык аталыштарды кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан каралат (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия), анын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуш киргизилет.

Географиялык объекттерди атоодо же өзгөртүп атоодо бир эле административдик-аймактык бирдиктин чегинде жайгашкан бир нече объекттерге бир эле аталышты ыйгарууга тыюу салынат.

10. Физикалык-географиялык объекттерди, ошондой эле облустарды, райондорду, шаарларды, айылдык аймактарды, башка калктуу конуштарды атоо жана өзгөртүп атоо Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жолу менен жүзөгө ашырылат.

Чек ара тилкесинде жайгашкан физикалык-географиялык объекттерди атоо жана өзгөртүп атоо өзгөчө учурларда гана жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашылууга тийиш.

Административдик-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды атоо жана өзгөртүп атоо менен байланышкан маселелерди кароодо административдик-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды атоо жана өзгөртүп атоо олуттуу чыгымдарды алып келерин, байланыш, транспорт ишканаларынын ишинде кыйынчылыктарды алып келерин, жергиликтүү калкка ыңгайсыздыктарды жаратарын, ошондой эле кээде этностук топтордун жана уруулардын ортосундагы чыр-чатактуу жагдайларга алып келерин эске алуу менен аларды терең жана ар тараптуу изилдөө зарыл.

Проспекттерди, аллеяларды, аянттарды, шаардык же айылдык парктарды, бульварларды, көчөлөрдү жана аллеяларды атоо жана өзгөртүп атоо жергиликтүү коомчулуктун пикирин эске алуу менен кабыл алынган жергиликтүү кеңештердин чечимдеринин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Аталган объекттерди атоо жана өзгөртүп атоо менен байланышкан маселелерди кароодо тиешелүү атоолордун жана өзгөртүп атоолордун максатка ылайыктуулугу жана негиздүүлүгү эске алынат.

11. Административдик-аймактык бирдиктерди, калктуу конуштарды, физикалык-географиялык объекттерди атоо жана өзгөртүп атоо жөнүндө сунуштар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, юридикалык жана жеке жактары тарабынан киргизилет жана аймагында бул объекттер жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилет.

Сунушта географиялык объекттерди атоого жана өзгөртүп атоого чыгымдардын төмөнкүдөй негизделген маалыматтары жана эсептөөлөрү камтылууга тийиш:

- объекттин жайгашкан жери;

- тиешелүү административдик борборго, жакынкы темир жол станциясына жана почта бөлүмүнө чейинки аралык;

- атоонун, өзгөртүп атоонун же аталышты жоюунун себептери;

- укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтер;

- калктын саны жана курулуш планынын болушу (калктуу конуш үчүн).

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жергиликтүү коомчулуктун пикирин аныктайт, зарыл чыгымдар жөнүндө жергиликтүү коомчулукка маалымдайт, андан кийин географиялык объекттерди атоо же өзгөртүп атоо жөнүндө келип түшкөн сунушту жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизет. Жергиликтүү кеңеш жергиликтүү коомчулуктун пикирин эске алуу менен чечим кабыл алат, ал жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жиберилет.

Жергиликтүү мамлекеттик администрация тиешелүү чечим кабыл алгандан кийин материалдарды Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жиберет.

Сунуш Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан жактырылган учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты документтерди Ведомстволор аралык комиссияга жиберет.

Сунуш жактырылганда Ведомстволор аралык комиссия тарабынан мыйзамдын долбоору иштелип чыгат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизилет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети сунушту жактырган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет.

Почта-телеграф мекемелери жана темир жол станциялары жайгашкан калктуу конуштарды өзгөртүп атоодо Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары өзгөртүп атоону облустук байланыш органдары жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы менен макулдашууга милдеттүү.

12. Проспекттерди, аллеяларды, аянттарды, шаардык же айылдык парктарды, бульварларды, көчөлөрдү жана тар көчөлөрдү атоо жана өзгөртүп атоо ушул Жобонун 10-пунктунун төртүнчү абзацынын жоболорун эске алуу менен 11-пунктунда белгиленген эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары аталган объекттерди атоо жана өзгөртүп атоо жөнүндө сунушту ар тараптуу изилдеп чыккандан, тиешелүү иштерди жүргүзүүгө чыгымдарды эсептөөдөн, ошондой эле калкка маалымдоодон жана сурамжылоо өткөрүүдөн кийин сунушту негиздөө жана чыгымдарды эсептөө менен тиешелүү жергиликтүү кеңешке өтүнүч жиберет.

Жергиликтүү кеңеш атоо жана өзгөртүп атоо жөнүндө сунушту жактырган учурда тиешелүү чечим чыгарат, анын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы бул объекттерди атоо жана өзгөртүп атоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзөт.

13. Масштабы 1:100000 жана андан чоңураак болгон карталарга биринчи жолу гана түшүрүлүүчү физикалык-географиялык объекттерге аталыштар Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары менен макулдашуу боюнча топографиялык сүрөткө тартууну аткарган уюмдар тарабынан ыйгарылат, эгерде объект бир нече облустардын аймагында болсо, анда аталышы Ведомстволор аралык комиссия жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашылууга тийиш.

Жогоруда аталган физикалык-географиялык объекттерге аталыштарды ыйгарууга бардык болгон картографиялык, маалымдама материалдарды изилдөө, жергиликтүү тургундарды сурамжылоо жолу менен ушул объекттин аталышы жок экендигин кылдат текшергенден кийин гана уруксат берилет. Ыйгарылуучу аталыш объектти айлана-чөйрөдө өзгөчөлөп турган анын табигый өзгөчөлүгүн чагылдырышы керек, эгерде мындай өзгөчөлүгү жок болсо, мурдагы аталышты жакын жайгашкан, бирок окшош эмес башка объектке которсо же өткөрүп берсе болот.

III. Географиялык объекттердин аталыштарын эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү

14. Физикалык-географиялык объекттердин учурдагы жана ыйгарылуучу аталыштары милдеттүү түрдө катталууга жана эсепке алынууга тийиш. Кыргыз Республикасынын физикалык-географиялык объекттеринин аталыштарын эсепке алуу жана каттоо жер ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан географиялык аталыштардын электрондук банкын жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат. 1:100000 жана андан чоңураак масштабдагы топографиялык сүрөткө тартууну аткарган бардык уюмдар ыйгарылган атоолор жана өзгөртүп атоолор жөнүндө маалыматты жер ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүүгө милдеттүү.

15. Аймагы укук белгилөөчү документ менен, ал эми аталышы мыйзам менен аныкталган калктуу конуштар катталууга жана эсепке алынууга тийиш. Кароосуз калган калктуу конуштар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун негизинде, ал эми башкалар менен бириккен калктуу конуштар мыйзамдын негизинде каттоодон чыгарылат.

16. Административдик-аймактык бирдиктердин жана калктуу конуштардын аталыштарындагы катталган өзгөртүүлөр жана жоюулар жөнүндө маалымат жер ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жиберилет.

IV. Географиялык объекттердин аталыштарын ченемге келтирүү жана колдонуу

17. Географиялык объекттердин аталыштарын ченемге келтирүү жана колдонуу географиялык объекттердин аталыштарын кыргыз тилинде колдонуунун эрежелерине жана салттарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Орус тилинде географиялык объекттердин аталыштарын ченемге келтирүү жана колдонуу белгиленген тартипте бекитилген географиялык аталыштарды орус тилинде берүү боюнча нускаманын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Документтерде, картографиялык же башка басылмаларда географиялык объекттердин кыргыз жана орус тилдеринде ченемге келтирилген аталыштары колдонулат.

18. Физикалык-географиялык объекттердин аталыштарынын бирдиктүү транскрипциясы географиялык аталыштардын транскрипциясы жөнүндө нускамалар жана эрежелер жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен географиялык аталыштардын сөздүктөрү, маалымдамалары менен камсыз кылынат, Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануу үчүн милдеттүү болуп саналат.

V. Географиялык объекттерди атоо жана өзгөртүп атоо жаатындагы иштерди каржылоо

19. Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоого жана өзгөртүп атоого чыгымдар объект жайгашкан аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен демилгелөөчү тараптын ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде бардык чыгымдарды көрсөтүү менен демилгелөөчү тараптын эсебинен же жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

VI. Корутунду

20. Административдик-аймактык бирдиктерди, калктуу конуштарды жана физикалык-географиялык объекттерди ушул Жобону бузуу менен жүргүзүлгөн атоо жана өзгөртүп атоо жараксыз деп таанылат.