КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 184 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2008-жылдын 3-октябры № 560
Кесиптик башталгыч билим жөнүндө документтердин формаларын бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 355, 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 511, 2020-жылдын 4-февралындагы № 58 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 53 "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Диплом жана сертификаттардын, дипломго жана сертификатка жетишкендик тууралуу жыйынтык баалардын көчүрмөлөрүнүн тиркелген үлгүлөрү бекитилсин.
2. Баштапкы кесиптик билим берүүнү башкаруунун ыйгарым укуктуу органы:
- А № 000001 сериясындагы дипломдорду жана АС № 000001 сериясындагы сертификаттарды керектүү санда даярдоону уюштурсун;
- кесиптик башталгыч билим жөнүндө жаңы үлгүдөгү документтерди 2009-жылдын январынан баштап колдонууга киргизсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 14-июнундагы № 337 "Кесиптик башталгыч билим жөнүндө документтердин формаларын бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-июлундагы № 508 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-октябрындагы № 560 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттиги