Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы № 618 токтому менен бекитилген
|
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын баалуу кагаздарын (мындан ары - муниципалдык баалуу кагаздар) чыгаруунун, жайгаштыруунун, жүгүртүүнүн жана тындыруунун тартибин жөнгө салат.
2. Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баалуу кагаздардын эмитенти чыгарган баалуу кагаздар муниципалдык баалуу кагаздар болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 707 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Муниципалдык баалуу кагаздар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мөөнөттүү карыздык милдеттенмелери болуп саналат жана жергиликтүү жамааттардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө багытталган иш-чараларды каржылоо үчүн юридикалык жана жеке жактардын акча каражатын тартуу максатында чыгарылат. Чыгарылган муниципалдык баалуу кагаздардын айкын түрү, көлөмү, жүгүртүү мөөнөтү жана башка параметрлер жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат. Муниципалдык баалуу кагаздардын ар бир чыгарылышы боюнча жергиликтүү кеңеш өзүнчө бөлөк чечим кабыл алат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 707 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Муниципалдык баалуу кагаздар алардын ээлерине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан баалуу кагаздарда көрсөтүлгөн акча каражатын же, ушул баалуу кагаздардын эмиссиянын шартына жараша башка мүлктү эмиссия шартында каралган мөөнөттө мүлк укугун жана/же белгиленген пайыздарды алууга укугун күбөлөндүрүүгө тийиш.
5. Муниципалдык баалуу кагаздын ээлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул кагаз менен жарандык-укуктук бүтүм түзө алат.
6. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 707 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Муниципалдык баалуу кагаздар менен салык салуунун аткарымдык тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан аныкталат.
8. Экинчи базарда муниципалдык баалуу кагаздар менен жарандык-укуктук бүтүм жасоого жумушчу күндөрүндө аларды жүгүртүү маалында гана уруксат берилет.
II. Муниципалдык баалуу кагаздардын
эмиссиясы тууралуу чечим кабыл алуу