Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 30-апрели № 271 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кичи-Чаарат" жабык акционердик коомуна жер участок берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 233-6,
384-беренелерине жана 27-главасына, Кыргыз Республикасынын
Жер кодексинин
4, 5, 8 жана 20-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун мамлекеттик адми-нистрациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республи-калык комиссия менен макулдашылган. Жалал-Абад облусундагы Чаткал райо-нунун аймагында жайгашкан жалпы аянты 242,2 га жер участогун, анын ичи-нен 8,3 га - сугат айдоону, 197,0 га - жайыттарды, 1,7 га кысыр ањыз-дарды жана 35,2 га башка жерлерди "Кичи-Чаарат" жабык акционердик коо-муна "Куру-Тегерек" кенин иштетүү үчүн 2021-жылдын 31-декабрына чейиништетүү максатында кен пайдалануу укугуна 2008-жылдын 22-июлундагы № Аи88-02 лицензиясына ылайык аталган жерлерди "Айыл чарба багытындагы жер-лер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу менен берүү жөнүндө сунушу ка-был алынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун мамлекеттик адми-нистрациясы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - төмөнкүлөрдү камсыз кылсын: "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып ко-юуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу-нун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасын "Кичи-Чаарат" жабык акционердик коомунун төлөшүн; "Кичи-Чаарат" жабык акционердик коому тарабынан Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагыЧаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтү менен ушул токтомдун 1-пунктундааталган жер участокторго ижара келишимдерин түзүүнү; колдонуудагы нормаларга жана эрежелерге ылайык долбоордук-сметалыкдокументтерди макулдашууну жана аларга экспертиза жүргүзүүнү камсызкылсын; бөлүнүүчү жер участокто экологиялык жана техникалык коопсуздук,кенди коргоо жана пайдалануу жагында эксперттик корутундулар менен тие-шелүү долбоордук документтерди белгиленген тартипте иштеп чыгууну кам-сыз кылууну "Кичи-Чаарат" жабык акционердик коомуна сунуштасын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов