Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2 008-жылдын 2-октябры № 553 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Иштин өзгөчө мүнөзүнө байланыштуу гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 18-мартындагы № 154 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Иштин өзгөчө мүнөзүнө байланыштуу гарантиялар жана компенсаци-ялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 18-мартында-гы № 154
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - жогоруда аталган
токтом менен бекитилген Курулуштагы жумуштардын кыймылдуу мүнөзүнө байланыштуу кошумча акы төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө : 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5. Жумуштун кыймылдуу мүнөзү үчүн кошумча акы суткасына 85 сомөлчөмүндө төлөнөт."; - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыдырып иштегендигиүчүн кошумча акы төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө
жободо: 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Кыдырып иштөөчү мүнөздөгү жумуштарга кошумча акы, эгерде жу-муштан тышкаркы мезгилде уюм жайгашкан жерден же жыйналуу пунктунанобъекттеги иш ордуна барып кайра келүү убактысы бир күндө төмөнкүчөболгондо гана төлөнөт: а) суткада үч сааттан кем эмес болсо - суткасына 55 сом өлчөмүндө; б) суткада эки сааттан кем эмес болсо - суткасына 35 сом өлчөмүн-дө."; - жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Талаада иштегендигиүчүн акы төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө
жободо: 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Жумушчуларга талаада иштегендиги үчүн акы төмөнкүчө төлөнөт: а) талаа иштерин аткаруу объектилеринде (участкаларда) - суткасына170 сом өлчөмүндө; б) талаа уюмдары орношкон жерлерде - суткасына 70 сом өлчөмүндө.". 2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов