Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 31-декабры № 752                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                 Ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салууну                 жөнөкөйлөтүү боюнча чараларды жүзөгө                            ашыруу жөнүндө      "Ишкердик ишти жөнгө салуу жагында мамлекеттик саясатты өркүндөтүүжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 9-декабрында-гы № 435 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2008-жылдын  13-июнундагы №281-б буйругу менен түзүлгөн Ишкердик ишти жөнгө  салуунун  нормативдикукуктук  базасын  оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча ведомстволор аралыккомиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия):     - 2009-жылдын  19-январына  чейин  Ведомстволор аралык комиссиянынжумушчу  органын  -  оптималдаштыруу,  бизнес-чөйрөнү  жакшыртуу   жанакөмүскө  экономиканы  легалдаштыруу боюнча эксперттик топ түзүү жөнүндөсунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;     - "Ишкердик  субъекттердин ишмердигине ченемдик укуктук актылардынжөнгө салуучу таасирин талдоонун (ЖСТТ) усулу жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-декабрындагы № 603 токтому менен беки-тилген жөнгө салуучу  таасирди  талдоонун  усулуна  ылайык  2009-жылдын26-январына  чейин  колдонуудагы  лицензиялык-уруксат берүүчү системаныкайра кароону баалоо боюнча  маселелердин  стандарттуу  тизмесин  иштепчыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.     2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу  ор-гандары:     - 2009-жылдын  22-январынан   кечиктирбестен   лицензиялык-уруксатберүүчү  ишкердиктин  бардык  түрлөрүнүн  (анын  ичинде  алардын  башкатүрлөрүнүн) инвентаризациясын жүргүзүшсүн жана алардын  санын  30  про-центтен  кем  эмес  санга  кыскартуу жөнүндө сунуш киргизүү менен толуктизмесин Ведомстволор аралык комиссияга беришсин;     - 2009-жылдын 31-мартынан кечиктирбестен милдеттүү лицензиялануугатийиш болгон ишкердиктин түрлөрүнүн калган 70 процентин  лицензиялоонунзарылдыгы  жөнүндө негиздемелерди жөнгө салуучу таасирдин негизинде Ве-домстволор аралык комиссияга беришсин.     3. Кыргыз  Республикасынын  Экономикалык өнүгүү жана соода минист-рлиги:     - Ведомстволор   аралык   комиссиянын   корутундусунун   негизинде2009-жылдын 6-апрелине чейин  ушул  токтомдун  2-пунктунда  белгиленгенмөөнөттө  аларды лицензиялоонун зарылдыгы жөнүндө негиздемелер берилбе-ген милдеттүү лицензияланууга тийиш болгон ишкердиктин түрлөрүнүн  Тиз-месинен  алып  салууну караштырган чечимдердин долбоорлорун белгиленгентартипте киргизсин;     - ишкердик  субъекттерге текшерүү жүргүзүүнү реформалоо максатындабир айлык мөөнөттө контролдоочу органдарды 30 процентке кыскартуу  үчүнкритерийлерди   иштеп   чыксын  жана  ишкердик  субъекттерине  текшерүүжүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын Тизмесин аныктоо боюн-ча сунуштарды "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тар-тиби жөнүндө" жана "Чакан ишкердикти мамлекеттик колдоо жөнүндө" КыргызРеспубликасынын мыйзамдарын жүзөгө ашыруу механизмдерин иштеп чыгуу бо-юнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-июлундагы №  219-ббуйругу  менен  түзүлгөн  комиссиянын кароосуна киргизсин (мындан ары -Комиссия);     - бизнес-жамааттын  катышуусунда  бир айлык мөөнөттө тобокелдиктинкритерийлерин  киргизүүнү  жана   пландуу   текшерүүлөрдү   жүргүзүүнүнмөөнөтүн  кыскартууну  караган "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдүжүргүзүүнүн   тартиби   жөнүндө"   Кыргыз   Республикасынын   Мыйзамынаөзгөртүүлөрдү  жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республика-сынын Мыйзамынын долбоорун иштеп  чыксын  жана  Кыргыз  РеспубликасынынӨкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.     4. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча  мамлекет-тик комитети:     - Кыргыз  Республикасынын  Юстиция  министрлиги   менен   бирдикте2009-жылдын 1-апрелине чейин райондук дењгээлде юридикалык коммерциялыкжактарды каттоодон өткөрүүгө тиешелүү  маселелерди  иштеп  чыксын  жананормативдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнө киргизсин;     - бир айлык мөөнөттө каттоодон өткөн юридикалык жактар жөнүндө ма-алыматты салык кызматынын райондук бөлүмдөрүнө жеткирүү механизмин жак-шыртсын  жана салык маселелери боюнча юридикалык жактын милдеттенмелерижөнүндө маалыматтык эскерткичтерди Кыргыз Республикасынын  Юстиция  ми-нистрлигине өткөрүп берсин.     5. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана  соода  минист-рлиги  эки  жумалык мөөнөттө юридикалык коммерциялык жактарды каттоодонөткөрүү жол-жобосуна мониторинг жүргүзсүн жана анын  жыйынтыгын  КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө киргизсин.     6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги эки  айлыкмөөнеттө "Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө салуучунормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз  Республика-сынын  Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 509 токтому менен анык-талган лицензиялык-уруксат берүүчү чөйрөдөгү ишкердик ишти жөнгө салуу-нун  нормативдик  укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүүнүн биринчиэтабына ылайык "бирдиктүү терезе" принцибин ишке киргизүү аркылуу сала-маттык сактоо системасында лицензиялоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюн-ча сунуштарды Комиссиянын кароосуна киргизсин.     7. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө бол-гон укукту каттоо боюнча мамлекеттик  агенттик  Кыргыз  РеспубликасынынЮстиция  министрлигине 2009-жылдын 26-январына чейинки мөөнөттө нотари-алдык жактан күбөлөндүрбөстөн кыймылсыз мүлктү ажыратуу келишиминин не-гизинде  кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо механизмин иштеп чыксын жаназарыл болгон учурда сунуштарды киргизсин.     8. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:     - Кыргыз  Республикасынын  Финансы  министрлиги   менен   бирдикте2009-жылдын  2-февралына  чейинки  мөөнөттө кыймылсыз мүлккө бүтүмдөрдүыктыярдуу  нотариалдык  күбөлөндүрүүдө  мамлекеттик  алымдын  ставкасынтөмөндөтүү  жөнүндө  нормативдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыксынжана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;     - ведомстволук нормативдик актыларды каттоодо Кыргыз Республикасы-нын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык келүүсүнө жүргүзүлгөн экс-пертизанын сапатын жогорулатсын.     9. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана  Кыргыз  Рес-публикасынын  Экономикалык  өнүгүү жана соода министрлигине мамлекеттикоргандардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  жетекчи-лерине  баа  берүү  жана "Ишкердик ишти жөнгө салуу жагында мамлекеттиксаясатты  өркүндөтүү  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын   Президентинин2008-жылдын  9-декабрындагы  №  435  Жарлыгын,  Кыргыз  РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги № 182 "Юридикалык жактарды,  фили-алдарды  жана  өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамле-кеттик (эсептик) каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик  органдар  орто-сунда  өз  ара  аракеттенүү  тартиби  женүндө жобону бекитүү тууралуу",2008-жылдын 30-майындагы № 252 "Кыргыз Республикасында  кыймылсыз  мүлкобъекттерин  долбоорлоого,  курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат доку-менттерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди  эксплуата-цияга  кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомдо-рун, ошондой эле ушул токтомду тийиштүү эмес аткаргандыгы үчүн жоопкер-чиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизүү укугу берилсин.     10. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар  минист-рлиги   жана   Кыргыз  Республикасынын  Өзгөчө  кырдаалдар  министрлиги2009-жылдын 2-февралына чейин жањы курулуш курууда  телефондук  линиягакошулууга техникалык шарттарды алуу жана Мамкентехкөзөмөл органдары та-рабынан кыймылсыз  объекттерин  курууда  жабдууларды  эксплуатациялоогоуруксат  берүүчү жол-жоболор боюнча милдеттүү талаптарды жоюу маселесинкарашсын жана сунуш киргизишсин.     11. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана ку-рулуш  боюнча  мамлекеттик  агенттик  2009-жылдын  2-февралына  чейинкимөөнөттө кыймылсыз объект курууга уруксат берүү үчүн зарыл болгон инже-нердик техникалык системаларга жана жањы курулуш объекттерин  камсыздоотармактарына милдеттүү талаптарды кайра кароо боюнча сунуштарды киргиз-син.     12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.     13. Бул токтомдун аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.      Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов