Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 14-апрели № 231
Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-июнундагы № 405,
2009-жылдын 12-сентябрындагы № 5762010-жылдын 25-мартындагы № 179,
19 ноября 2010 года № 292,2012-жылдын 21-июнундагы № 435 2012-жылдын 9-октябрындагы № 694, 2013-жылдын 21-январындагы № 21 2013-жылдын 1-июлундагы № 394, 2013-жылдын 26-сентябрындагы № 527 2013-жылдын 5-декабрындагы № 655 , 2014- жылдын 11-январындагы №19, 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 199
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-декабрындагы № 724 "Кыргыз Республикасынын экономикасына дүйнөлүк финансылык кризистин кесепеттерин минималдаштыруу жана экономикалык өсүштүн темптерин сактоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ишаракеттер планынын 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекет акциялардын 51 проценттен кем эмесине ээлик кылган акционердик коомдор, мамлекеттик ишканалар, мамлекеттик мекемелер, фонддор жана бюджеттик уюмдар:
- керектөөгө жана сатып алуулардын ар жылкы планына жараша товарларды бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алууга заказдарды "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиркеме боюнча түздөн түз ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдө жайгаштырышсын жана иш жүзүндө жеткирген фактысы боюнча гана берилген продукция үчүн акы төлөшсүн;
- товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга конкурстук тооруктарды өткөрүүдө "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясына таянышсын.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 179, 2010-жылдын 19-ноябрындагы № 292 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги сатып алуучу уюмдардын товарларды ушул токтомго ылайык сатып алгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына ай сайын отчет берип турсун.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 179 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Тиркемеде көрсөтүлгөн ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн продукциясын контролдоо жана бааларын жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 токтомуна тиркеме |
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 14-апрели № 231
Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-июнундагы № 405,
2009-жылдын 12-сентябрындагы № 5762010-жылдын 25-мартындагы № 179,
19 ноября 2010 года № 292,2012-жылдын 21-июнундагы № 435 2012-жылдын 9-октябрындагы № 694, 2013-жылдын 21-январындагы № 21 2013-жылдын 1-июлундагы № 394, 2013-жылдын 26-сентябрындагы № 527 2013-жылдын 5-декабрындагы № 655, 2014- жылдын 11-январындагы №19, 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 199
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-декабрындагы № 724 "Кыргыз Республикасынын экономикасына дүйнөлүк финансылык кризистин кесепеттерин минималдаштыруу жана экономикалык өсүштүн темптерин сактоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ишаракеттер планынын 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекет акциялардын 51 проценттен кем эмесине ээлик кылган акционердик коомдор, мамлекеттик ишканалар, мамлекеттик мекемелер, фонддор жана бюджеттик уюмдар:
- керектөөгө жана сатып алуулардын ар жылкы планына жараша товарларды бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алууга заказдарды "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиркеме боюнча түздөн түз ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдө жайгаштырышсын жана иш жүзүндө жеткирген фактысы боюнча гана берилген продукция үчүн акы төлөшсүн;
- товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга конкурстук тооруктарды өткөрүүдө "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясына таянышсын.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 179, 2010-жылдын 19-ноябрындагы № 292 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги сатып алуучу уюмдардын товарларды ушул токтомго ылайык сатып алгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына ай сайын отчет берип турсун.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 179 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Тиркемеде көрсөтүлгөн ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн продукциясын контролдоо жана бааларын жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 179 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И. Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 токтомуна тиркеме |
Продукциясы бир булактан алуу ыкмасы менен сатып алынууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын ишканаларынын ТИЗМЕСИ