Сравнение редакций…
1. Бул Мамлекеттик башкаруу секторунун отчеттуулугун даярдоо жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана төмөнкүлөрдүн курамын, даярдоонун, тапшыруунун жана консолидациялоонун тартибин жөнгө салат:
- аныкталган тартипте бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунун эсеп саясатынын (мындан ары – Эсеп саясаты) талаптарына туура келген мамлекеттик башкаруу секторунун жалпы багыттагы каржылык отчеттуулугу;
- эсептин кассалык методу боюнча 2001-жылдагы Мамлекеттик каржынын статистикасынын (мындан ары – МКС) талаптарына туура келген мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттуулук.
2. Мекеме бул Жободо каралбаган кошумча отчетторду ички колдонуу үчүн иштеп чыгууга укуктуу.
3. Бул Жобонун максаттары үчүн:
- каржылык отчеттуулукту түзүүгө тиешелүү терминдер Эсеп саясатынын текстинде колдонулган маанилеринде пайдаланылат;
- мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттуулукту түзүүгө тиешелүү терминдер бюджеттик укуктун маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарында колдонулган маанилеринде пайдаланылат.
4. Отчеттуулуктун ар бир формасы отчет берүүчү мекеме, отчеттун аталышы, отчеттуулуктун валютасы, отчеттук мезгил жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Башка барактарга өтүүчү таблицаларга темачалардын өтмө саптары берилет. Отчеттуулуктун бардык барактары номурланат.
5. Отчеттуулукту даярдоого, маалыматтардын ишенимдүүлүгүнө, тактыгына жана отчеттуулуктун тапшырылышына жоопкерчиликти отчет берүүчү мекемелердин жетекчилери алып жүрүшөт.
6. Отчетторду тазалоого, оңдоого, булгоого жол берилбейт. Каталар оңдолгон учурда тиешелүү эскертме берилип, отчетко кол койгон адамдар тарабынан күбөлөндүрүлөт.
7. Отчеттуулукка төмөнкүлөр кол коюшат:
- отчет берүүчү мекемелердин жетекчиси жана башкы эсепчиси (эсепчиси), штатта каржы-экономикалык кызматтар болгон учурда - бул кызматтардын жетекчилери;
- каржылык органдардын жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин (мындан ары – Каржы министрлиги) түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчиси жана аткаруучусу;
- Каржы министрлиги тарабынан түзүлүүчү мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү өздүк отчетко Каржы министрлигинин ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан кол коюлат.
8. Мекемелер кайра уюштурулган (бириккен, бириктирилген, ажыратылган, бөлүнгөн, кайра түзүлгөн) учурда өткөрүп берүү актысынын же ажыратуучу баланстын курамына жылдык отчеттуулуктун көлөмүндө акыркы отчеттук датага карата түзүлгөн отчеттуулук киргизилип, мекеменин мурунку караштуулугу боюнча да, жаңы караштуулугу боюнча да тапшырылат. Каржылык отчеттуулукка отчеттун айрым статьяларынын ишенимдүүлүгүн тастыктаган мүлктү жана милдеттенмелерди инвентаризациялоо актылары тиркелүүгө тийиш. Консолидациялоо учурунда мекеменин жаңы караштуулугу боюнча отчеттуулугу киргизилет.
9. Каржыланышы бюджеттин бир деңгээлинен экинчи деңгээлине өткөрүлгөн, же бир караштуулуктан экинчи караштуулукка өткөрүлгөн мекемелер өткөрүп берүүнүн же жоюунун датасына карата отчеттуулуктун формаларынын көлөмүндөгү отчеттуулукту түзүшөт жана аны мурунку караштуулуктагы да, жаңы караштуулуктагы да министрликке же ведомствого тапшырышат. Консолидациялоо учурунда мекеменин жаңы караштуулугу боюнча отчеттуулугу киргизилет.
10.Отчеттуулук кагазда же электрондук документ түрүндө, электрондук сактагычта же байланыштын телекоммуникациялык каналдары аркылуу берүү жолу аркылуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматтарды милдеттүү түрдө коргоону камсыз кылуу менен тапшырылат.
11.Отчеттуулук мезгили болуп 1-январдан 31-декабрга чейинки календарлык жыл эсептелет. Жаңы түзүлгөн мекемелер үчүн биринчи отчеттук жыл болуп алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте катталган датасынан алар түзүлгөн жылдын 31-декабрына чейинки мезгил эсептелет.
12.Отчет берүүчү мекемелер тарабынан отчеттуулукту тапшыруу мөөнөттөрү Каржы министрлиги тарабынан бекитилет.
13.Каржы министрлиги жыл сайын болуучу негизде, отчеттук жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө, отчет берүүчү мекемелерге (анын ичинде Каржы министрлигинин тиешелүү бөлүктөрүнө) отчеттуулукту тапшыруунун бекитилген графигин маалымдайт.
14.Мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттуулукту даярдоонун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тапшыруунун мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат.
15.Эсеп саясатына ылайык, каржылык отчеттуулук өзүнө төмөнкүдөй компоненттерди камтыйт:
а) Өздүк отчеттор:
- 1-форма «Каржылык абал жөнүндө отчет», (1-тиркеме);
- 2-форма «Каржылык жыйынтыктар жөнүндө отчет» (2-тиркеме);
- 3-форма «Таза активдердеги өзгөрүүлөр жөнүндө отчет», «(3-тиркеме);
- 4-форма «Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет» (4-тиркеме);
б) Каржылык отчеттуулукка эскертүүлөр.
16.Мекемелер каржылык отчеттуулуктун ушул Жобонун 2.1. пунктунда көрсөтүлгөн компоненттеринин бардыгын, жылдык негизде, каржылоо булактары боюнча, сом менен түзүшөт.
17.Мекемелердин каржылык отчеттуулугу актоочу документтер менен тастыкталган бухгалтердик жазуулардын негизинде түзүлөт. Каржылык отчеттуулук түзүлгөнгө чейин жүгүртүүлөрдү жана аналитикалык эсептер боюнча калдыктарды синтетикалык эсептин эсептери боюнча жүгүртүүлөр жана калдыктар менен салыштырып текшерүү, дебиторлор, кредиторлор, башка милдеттенмелер боюнча эсептөөлөрдү текшерүү жүргүзүлөт.
18.Каржылык отчеттуулук отчеттук мезгилге тиешелүү болгон бардык операцияларды жана окуяларды эсепке алуу менен, анын ичинде кийинки түзөтүүчү окуяларды, эгер мындай түзөтүүлөр каржылык отчеттуулукт даярдоо эрежелерине каршы келбесе, эсепке алуу менен түзүлөт.
19.Каржылык отчеттун маалыматтары инвентаризациянын маалыматтары менен негизделет. Инвентаризация учурунда аныкталган материалдык баалуулуктардын иш жүзүндөгү калдыктары менен бухгалтердик эсептин маалыматтарындагы калдыктардын ортосундагы дал келбөөлөр бухгалтердик эсепте тиешелүү түрдө чагылдырылат.
20.Каржылык отчеттуулукта статьялар, темалар, аралык суммалар маалыматты адилет жана көрсөтмөлүү ачып берүү үчүн берилет.
21.Өздүк отчеттор отчеттук жана салыштырылуучу мезгилдер боюнча маалыматтарды камтышат. Биринчи жолу даярдалган отчеттуулук үчүн салыштырылуучу маалыматтарды келтирүү талап кылынбайт.
22.Каржылык отчеттуулукта ачып берилүүчү маалыматка түшүнүктүүлүк, орундуулук жана ишенимдүүлүк талаптары коюлат. Эгерде мамлекеттик каржы тармагында билимдин жана тажрыйбанын зарыл болгон деңгээлине ээ болгон колдонуучулар маалыматтын маанисин түшүнө алышса, анда маалымат түшүнүктүү болуп саналат. Эгер маалыматты өткөн, учурдагы же келечектеги окуяларды баалоодо колдонууга мүмкүн болсо жана ал өз учуруна тиешелүүлүккө жана маанилүүлүккө көз каранды болсо, анда ал орундуу маалымат болуп саналат. Маалымат объективдүү, нейтралдуу жана толук болсо, анда ал ишенимдүү маалымат болуп эсептелет.
23.Өздүк отчеттордогу ар бир статья Эскертүүлөрдө берилген бул статьяга тиешелүү бардык маалыматтарга кайчы шилтемени камтыйт. Өздүк отчеттордун мазмунун колдонуучулардын жакшыраак түшүнүшүнө жардам бериш үчүн Эскертүүлөр кеңири чечмелөөлөр менен коштолот.
24. Бардык мекемелер, ошондой эле Каржы министрлигинин тиешелүү бөлүктөрү каржылык отчеттуулукту бекитилген графикке ылайык өз учурунда, толук көлөмдө жана талап кылынган форматта тапшырууга милдеттүү.
25.Жогорку органга жана Каржы министрлигине тапшырылган мекеменин каржылык отчеттуулугу атайын журналда катталат.
26.Каржылык отчеттуулукту консолидациялоо мекемелердин каржылык отчетторунда камтылган маалыматтарды мамлекеттик башкаруу секторунун каржылык отчеттуулугун даярдоо максатында бириктирүү процесси болуп саналат.
27.Каржылык отчеттуулукту консолидациялоо төмөнкүдөй ишке ашырылат:
- бир аталыштуу көрсөткүчтөрдү (статьяларды) суммалоо жолу менен, консолидацияланган отчеттуулукту даярдоодо мекемелердин ортосундагы (каржылык, каржылык эмес) активдердин жана милдеттенмелердин кыймылы боюнча өз ара операциялар (ички эсептешүүлөр) четке чыгарылат. Эскертүүлөр да ушул сыяктуу эле түзүлөт;
- окшош операцияларга жана окуяларга бекитилген Эсеп саясаты колдонулат, эгер бул мүмкүн эмес болсо, анда бул факт Эскертүүлөрдө ачып берилет.
28.Мекемелердин каржылык отчеттуулугунун маалыматтары бир гана отчеттук датага бириктирилет.
29.Консолидацияланган каржылык отчеттуулук төмөнкүлөр тарабынан түзүлүп, Каржы министрлигине тапшырылат:
- республикалык бюджетте турган жогорку органдар тарабынан, аларга караштуу мекемелер тапшырган каржылык отчеттуулуктун негизинде;
- каржылык органдар тарабынан, жергиликтүү бюджетте турган мекемелер тапшырган каржылык отчеттуулуктун негизинде.
30.Каржы министрлигинин ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүгү (мындан ары – ыйгарым укуктуу бөлүк):
- отчет берүүчү мекемелер, каржылык органдар, Каржы министрлигинин түзүмдүк бөлүктөрү тарабынан тапшырылган каржылык отчеттуулуктун негизинде консолидацияланган каржылык отчеттуулукту түзөт;
- мекемелердин салыштырылуучу мезгилдеги бардык өздүк отчетторундагы маалыматтардын туура чагылышын өткөн жылдын каржылык отчеттуулугу менен салыштыруу аркылуу текшерет, статьялар боюнча суммалардын чыгарылышынын арифметикалык тууралыгын аныктайт. Каталар байкалган учурда туура суммалар мекеме менен макулдашылат.
- мекемелер тапшырган отчеттордогу маалыматтарды Казынадагы ар бир мекеме боюнча маалыматтар менен салыштырат. Четтөөлөр болгон учурда туура суммалар мекемелер менен макулдашылат;
- мекемелердин каржылык отчеттуулугун даярдоодо ведомство ичиндеги операцияларды четке чыгаруунун тууралыгын текшерет.
31.Жогорку орган, ошондой эле Каржы министрлиги каржылык отчеттуулукту консолидациялоодо:
-каржылык отчеттуулукту тапшыруучу мекемелердин жана Каржы министрлигинин түзүмдүк бөлүктөрүнүн тизмесин аныктайт;
- каржылык отчеттуулукту тапшыруунун графигин иштеп чыгат, макулдашат жана аткарылышын көзөмөлдөйт;
- мекемелерден алынган каржылык отчеттуулуктун тууралыгын, арифметикалык тактыгын жана карама-каршы маалыматтарды камтыбагандыгын текшерет;
- зарыл учурда баштапкы отчетто көрсөтүлбөгөн кошумча маалыматты талап кылат;
- мамлекеттик башкаруу секторунун ичиндеги операциялар жөнүндө маалыматтарды отчеттуулукту даярдоо учурунда аларды өз ара жоюштуруу максатында идентификациялайт жана топтойт;
- активдер, милдеттенмелер, ошондой эле кошуп эсептелген кирешелер жана чыгымдар боюнча каржылык отчеттуулукту ачып берүүдө Эсеп саясатын колдонуунун тууралыгын текшерет;
- карама-каршы келбестикти текшерүү максатында каржылык отчеттуулуктун ар түрдүү статьяларынын же акчалуу жана акчалуу эмес көрсөткүчтөрдүн ортосундагы байланыштарды аныктоо үчүн аналитикалык процедураларды аткарат;
- мекемелерден алынган маалыматтарды бюджеттин аткарылышы боюнча маалыматтык базалар менен салыштырып текшерет. Дал келбөөчүлүк болгон учурда мекемелер менен чогуу мындай дал келбөөчүлүктүн себептерин аныктайт;
- консолидацияланган каржылык отчеттуулуктун долбоорун бардык кызыкдар тараптар менен макулдашат жана макулдашылган каржылык отчеттуулукту жетекчиликке бекитүүгө берет;
- мезгилдин башындагы акча каражаттарынын калдыктарын мезгилдин аягындагы акча каражаттарынын калдыктары менен башындагы акча калдыктарына мезгил ичиндеги акча каражаттарынын таза өзгөрүүлөрүнүн чоңдугун кошуу жолу менен салыштырып текшерет (башындагы калдык + бардык акча түшүүлөрү – бардык төлөөлөр = аягындагы калдык);
- мекемелер берген калдыктар боюнча маалыматтарды коммерциялык банктарда ачылган ар бир банктык эсеп боюнча банктык жазуулардын маалыматтары менен салыштырат. Четтөөлөр байкалган учурда банктык жазуулардын маалыматтары артыкчылыкка ээ болот;
- бардык мекемелер боюнча каржылык отчеттордун сап боюнча кошулушун аткарат. Ведомство аралык операциялар менен байланышкан акчалай түшүүлөрдүн жана төлөөлөрдүн суммалары, ошондой эле кошуп эсептөө боюнча суммалар элиминацияланат (четке чыгарылат);
- өткөн отчеттук мезгилдин бекитилген жалпы багыттагы каржылык отчеттуулугунан салыштырылуучу мезгилдин маалыматтары көчүрүлөт. Эгер отчеттук мезгилде өткөн отчеттук мезгилге салыштырмалуу статьяларды классификациялоодо же чагылдырууда өзгөрүүлөр болсо, салыштырылуучу маалымат тиешелүү түрдө кайра эсептелет, ал эми классификациядагы жана статьяларды берүүдөгү өзгөрүүлөрдүн себептери Эскертүүлөрдө чечмеленет. Өткөн жылдын каржылык отчеттуулугундагы акча каражаттарынын мезгилдин аягындагы калдыктары отчеттук мезгилдин башындагы акча каражаттарынын кирүүчү калдыктары менен салыштырылат;
- башка активдердин, башка милдеттенмелердин, башка кирешелердин, башка чыгымдардын, башка түшүүлөрдүн же олуттуу сумма (отчеттук мезгил ичиндеги төлөөлөрдүн жалпы суммасынын 10%ынан көбүрөөк сумма) чагылган башка төлөөлөрдүн статьялары бул статьядан өз алдынча түз сызыктуу статьяны бөлүп чыгуу же сумманын бир бөлүгүн башка түз сызыктуу статьяга кайра классификациялоо мүмкүндүгү боюнча анализденет;
- Каржылык жыйынтыктар жөнүндө отчеттун жана Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчеттун эмгек үчүн сыйлоого байланышкан төлөө статьялары кызматкерлердин орточо саны жана кызматкерлердин эмгек акысынын категориялар боюнча орточо чоңдугу жөнүндө маалыматтар менен каршы келбестиги боюнча анализденет. Эгер мындай аналитикалык процедуранын жүрүшүндө олуттуу четтөөлөр аныкталса, анда ыйгарым укуктуу бөлүк мекемелерден түшүндүрмө берүүнү талап кылат.
32. Каржылык отчеттуулукка эскертүүлөр ирээттелген түрдө берилет.
33. Мекемелердин каржылык отчеттуулугуна эскертүүлөрдө төмөнкү маалыматтар ачып берилет:
- олуттуу статьяларга, операцияларга жана окуяларга карата активдерди жана милдеттенмелерди баштапкы таанууда, андан аркы эсепке алууда жана таанууну токтотууда колдонулган эсептик подходдор, баалоолор жөнүндө маалымат;
- мекеменин толук аталышы, анын юридикалык дареги жана иш жүзүндө жайгашкан орду, жогорку органдын иш жүзүндө жайгашкан орду, отчеттук мезгил ичинде ишмердик жүргүзгөн ведомствого караштуу мекемелердин толук тизмеси, мекеме өз ишмердигин жүргүзүүдө жетекчиликке алган нормативдик акт (жана анын реквизиттери), мекеменин кызматкерлеринин отчеттук датага карата саны, реструктуризация боюнча пландар, каржылоонун бардык булактары, ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жана программалардын кыскача сүрөттөлүшү жөнүндө маалымат;
- мекеменин, анын ичинде ведомствого караштуу мекеменин отчеттук мезгил ичинде жоюлушу жана реструктуризацияланышы жөнүндө маалымат, ар бир жоюлуучу мекеменин мураскорун көрсөтүү менен;
- жогорку органдардын жана ведомствого караштуу мекемелердин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында, чет мамлекеттердин борбордук банктарында, Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн коммерциялык банктарында ачылган банктык эсептеринин каржы-насыя мекемесинин аталышы, эсептин номуру, каржылоо булагы (бюджеттик, атайын каражаттар ж.б.), эсептин табияты (эсептешүү, депозиттик ж.б.), эсептеги акча каражаттарынын эсептин валютасындагы жана отчеттуулук валютадагы калдыгы көрсөтүлгөн толук тизмеси. Мекемелер коммерциялык банктарда ачылган ар бир эсеп боюнча отчеттук датага карата калдыкты тастыктаган банктын маалымдамасын тапшырышат;
- отчеттук датага карата колдонууга мүмкүн эмес болгон, же тышкы чектөөлөргө баш ийген акча каражаттарынын суммалары жөнүндө маалымат, калдыктары колдонууга мүмкүн эмес же чектелүү болгон конкреттүү банктык эсептерди көрсөтүү менен, ошондой эле чектөөнүн себептерин чечмелөөнүн жана мындай чектөөлөр жөнүндө маалымдаган документтин реквизиттеринин көрсөтүлүшү менен;
- отчеттук мезгилдин башындагы акча каражаттарынын калдыгын, отчеттук мезгил ичиндеги акча каражаттарынын түшүүсүн жана төлөөлөрдү мезгилдин аягындагы акча каражаттарынын калдыгы менен каржылоонун ар бир булагы боюнча салыштырып текшерүү;
- активдердин, милдеттенмелердин, таза активдердин статьялары боюнча отчеттук датага карата калдыктар, ошондой эле кирешелердин, чыгымдардын, акча түшүүлөрдүн отчеттук мамлекеттик башкаруу секторунун башка мекемелери менен отчеттук мезгил ичинде операция жүргүзүүнүн статьялары боюнча отчеттук датага карата калдыктар;
- Эсептердин бирдиктүү планынын элементтери боюнча каржылоо булактарынын айкалышында запастар боюнча, дебитордук жана кредитордук карыздар боюнча калдыктар;
- каржы-насыя мекемесинин аталышын жана эсептин номурун көрсөтүү менен отчеттук мезгилдин акыркы 6 айы ичинде кыймыл болбогон (депозиттик эсептерден тышкаркы) эсептер жөнүндө маалымат;
- убакыттын кыска (3 айдан ашык эмес) мерчеминин ичинде акча каражаттарына конвертация кылууга мүмкүн болгон акча каражаттарынын эквиваленттери – кыска мөөнөттүү жогорку ликвиддүү активдер жөнүндө отчеттук мезгилдин башындагы калдыктарды, акча эквиваленттеринин отчеттук мезгил ичинде көбөйүшүн же азайышын жана аягындагы калдыктарын камтыган маалымат;
34.Консолидацияланган каржылык отчеттуулукка эскертүүлөрдү даярдоо учурунда отчет берүүчү мекемелерден алынган бардык маалыматтар алгач талап кылынган маалыматтардын тиби жана түрү боюнча классификацияланат, андан кийин маалыматтын жалпы жыйнагы түзүлөт. Мекемелер тарабынан Эскертүүлөрдө көрсөтүлгөн суммалардын бардыгы өздүк отчеттордун маалыматтары жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө маалыматтар менен салыштырылып текшерилет. Дал келбөөчүлүк байкалган учурда туура суммалар отчет берүүчү мекемелер менен макулдашылат.
35.Өздүк отчеттордогу олуттуу суммалардын бардыгына Эскертүүдө тиешелүү комментарий берилүүгө, ал бул суммалар менен байланышкан маалыматты тереңирээк ачып берүүгө тийиш. Каржылык отчеттуулуктун долбоорун даярдоо аяктаганда маалыматтын Эскертүүлөрдө ачып берилишинин толуктугуна тест жүргүзүлөт. Бул үчүн мурдатан даярдалган, маалыматты ачып берүүнүн бардык талаптарынын тизмесин камтыган анкета толтурулат. Мындай анкета жыл сайын жаңыртылып турууга тийиш.
36.Өздүк отчеттордогу тиешелүү маалыматтарга шилтеме көрсөтүлөт, ал эми өздүк отчеттордо Эскертүүлөрдөгү тиешелүү комментарийлерге шилтеме көрсөтүлөт. Кайчылаш шилтемелер Эскертүүлөрдөгү бир абзацтан экинчи абзацка, бир таблицадан экинчи таблицага берилиши мүмкүн. Каржылык отчеттуулуктун даярдалган долбоорун кароодо түз жана терс шилтемелердин баарынын тууралыгы текшерилет.
37.Консолидацияланган каржылык отчеттуулукка эскертүүлөр төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- каржылык отчеттуулукту даярдоонун методологиялык негизи, олуттуу операцияларга жана окуяларга карата колдонулуучу Эсеп саясаты, ошондой эле каржылык отчеттуулуктун өзүндө берилбеген, бирок акчалай түшүүлөр, төлөөлөр жана отчеттук датага карата калдыктар жөнүндө маалыматты объективдүү чагылдыруу үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтар;
- отчеттук жыл ичинде жаңыдан түзүлгөн, жоюлган, кайра түзүлгөн мекемелер жөнүндө маалымат;
- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердин өкмөттөрү жана эл аралык каржы институттары менен насыялык жана гранттык макулдашууларынын толук тизмеси, макулдашуунун реквизиттерин, насыя берүүчүнүн же грант берүүчүнүн толук аталышын, макулдашуунун жарамдуулук мөөнөтүн, макулдашуунун валютасындагы жалпы сумманы, пайыздык ставканы, ал насыя же грант багытталган максаттарды, насыя боюнча күрөөлүк камсыздоону, карыздын отчеттук мезгил ичинде жоюлууга тийиш болгон негизги суммасын жана өзүнчө пайыздарын көрсөтүү менен;
- ар бир насыялык макулдашуу боюнча отчеттук мезгилдин башына карата карыздын негизги суммасы жана пайыздары, отчеттук мезгил ичинде алынган насыянын суммасы, карыздын отчеттук мезгил ичинде жоюлган (акча каражаттары менен жоюлганы жана реструктуризациянын натыйжасында эсептен чыгарылганы өзүнчө) негизги суммасы жана отчеттук мезгилдин аягына карата карыздын негизги суммасынын жана пайыздарынын калдыгы жөнүндө маалымат;
- насыялардын негизги суммалары жана пайыздары боюнча мөөнөтүнөн кечиктирүүлөр боюнча, ошондой эле насыяларды реструктуризациялоо боюнча маалымат;
- отчеттук мезгил ичинде алынган ар бир гранттык макулдашуу боюнча гранттын суммасы (гранттын валютасында жана отчеттуулуктун валютасында) жөнүндө маалымат;
- Эскертүүлөрдө мамлекеттик жашыруун сыр болуп эсептелген (тексттик же сандык) маалымат ачып берилбейт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган чектөөлөргө байланыштуу ачып берилиши мүмкүн эмес.
38.Маалыматты Эскертүүлөрдө ачып берүүдө жогорку органдар жана Каржы министрлиги чечмелөөнүн олуттуулук, орундуулук, толуктук, ачыктык, байланыштуулук, каршы келбөөчүлүк жана кыскалык принциптерин карманышат. Маалыматты мекемелер боюнча ачып берүүдө жалпы ачып берилүүчү сумманын 20%дан кем эмес бөлүгүн камтыган мекеме боюнча гана өзүнчө маалымат ачып берилет.
39. Эскертүүлөрдүн ар бир бетинде беттин номуру, бөлүктөрдүн өтүүчү аталышы, отчеттук мезгил, өлчөө бирдиктери милдеттүү түрдө көрсөтүлөт. Каржылык отчеттуулуктун өздүк отчетторунда жана Эскертүүлөрүндө төлөөлөрдү жана чыгымдарды билдирген ар бир сумма тегерек кашаага алынып берилет.
40. Бюджеттин аткарылышы жөнүндө мекемелер тарабынан даярдалуучу отчеттуулук өз ичине мамлекеттик <жергиликтүү, республикалык> бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту, ошондой эле төмөнкү отчеттор боюнча маалыматтын кошумча ачып берилишин камтыйт:
- А5 формасы. <Жергиликтүү, республикалык> бюджетте турган мекеменин <бюджеттик, атайын> каражаттары боюнча сметанын аткарылышы жөнүндө отчет (5-тиркеме);
- Д1 формасы. Мамлекеттик башкаруу секторунун отчеттук датага карата мамлекеттик <жергиликтүү, республикалык> бюджеттин каражаттары боюнча балансы (6-тиркеме);
- Д2 формасы. Негизги каражаттардын отчеттук мезгил ичиндеги кыймылы (7-тиркеме);
- Д3 формасы. Запастардын отчеттук мезгил ичиндеги кыймылы (8-тиркеме), Д3/1 формасы. Запастар жөнүндө маалымат (8/1 тиркемеси)
- Д4 формасы. Баалуулуктардын отчеттук мезгил ичиндеги кыймылы (9-тиркеме);
- Д5 формасы. Өндүрүлбөгөн активдердин отчеттук мезгил ичиндеги кыймылы (10-тиркеме);
- Д6 формасы. Валюталардын жана депозиттердин отчеттук мезгил ичиндеги кыймылы (11-тиркеме);
- Д7 формасы. Акциялардан тышкаркы баалуу кагаздардын отчеттук мезгил ичиндеги кыймылы (12-тиркеме);
- Д8 формасы. Насыялардын, ссудалардын жана зайымдардын отчеттук мезгил ичиндеги кыймылы (13-тиркеме);
- Д9 формасы. Акциялардын жана капиталга катышуунун башка формаларынын отчеттук мезгил ичиндеги кыймылы (14-тиркеме);
- Д10 формасы. Башка дебиторлук карыздардын отчеттук мезгил ичиндеги кыймылы (15-тиркеме);
- Д11 формасы. Чыгарылган баалуу кагаздардын отчеттук мезгил ичиндеги кыймылы (16-тиркеме);
- Д12 формасы. Карыздоолордун отчеттук мезгил ичиндеги кыймылы (17-тиркеме);
- Д13 формасы. Башка милдеттенмелердин отчеттук мезгил ичиндеги кыймылы (18-тиркеме);
- Д14 формасы. Таза активдердин отчеттук мезгил ичиндеги кыймылы (19-тиркеме).
41.Каржы министрлиги тарабынан даярдалуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет жергиликтүү жана республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду, ошондой эле төмөнкү топтор боюнча маалыматтардын кошумча ачып берүүлөрүн камтыйт:
а) өздүк отчеттор:
- 6-форма. Мамлекеттик <жергиликтүү, республикалык> бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет, (20-тиркеме);
Мамлекеттик <жергиликтүү, республикалык> бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко эскертүүлөр.
б) Мамлекеттик <жергиликтүү, республикалык> бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко эскертүүлөр төмөнкүлөрдү камтыйт:
- А тобу. Экономикалык классификация:
- А1 формасы. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик <жергиликтүү, республикалык> бюджетинин бюджеттик <атайын> каражаттар боюнча аткарылышы жөнүндө отчет», 6-формага толук дал келет;
- А2 формасы. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик <жергиликтүү, республикалык> бюджетинин кирешелер, чыгымдар, активдер жана милдеттенмелер менен операциялар категорияларынын бюджеттик <атайын> каражаттар боюнча аткарылышы жөнүндө отчет» (21-тиркеме), Эсептердин бирдиктүү планынын экономикалык классификациясынын статьялары боюнча ачып берилет;
- А3 формасы. «Тартыштыкты жабуунун булактары» (22-тиркеме);
- А4 формасы. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик <жергиликтүү, республикалык> бюджетинин иш жүзүндөгү кассалык кирешелери, чыгымдары жана активдер, милдеттенмелер менен операциялары жөнүндө отчет», 6-форманын кассалык аткаруу бөлүгү менен толук дал келет.
- Б тобу. Функционалдык классификация:
- Б1 формасы. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик <жергиликтүү, республикалык> бюджетинин функционалдык классификациясынын айкалышындагы бюджеттик <атайын> каражаттар боюнча аткарылышы жөнүндө отчет» (23-тиркеме), Эсептердин бирдиктүү системасынын функционалдык классификациясынын функциялары боюнча ачып берилет;
- Б2 формасы. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик <жергиликтүү, республикалык> бюджетинин функционалдык классификациянын <Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар; Коргоо, Коомдук тартип жана коопсуздук; Экономикалык маселелер; Айлана-чөйрөнү коргоо; Турак-жайлык жана коммуникациялык тейлөө; Саламаттыкты сактоо; Көңүл ачуу, маданият жана дин; Билим берүү; Социалдык коргоо> конкреттүү бөлүгүнө карата чыгымдар жана каржылык эмес активдер менен операциялар боюнча бюджеттик <атайын> каражаттар боюнча аткарылышы жөнүндө отчет» (24-тиркеме), Эсептердин бирдиктүү планынын экономикалык классификациясынын статьялары боюнча ачып берилет;
- Б3 формасы. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик <жергиликтүү, республикалык> бюджетинин функционалдык классификациясынын бөлүктөрү боюнча бюджеттик <атайын> каражаттардын иш жүзүндөгү кассалык чыгымдары жөнүндө отчет», Б1 формасынын кассалык аткарылуу бөлүгүнө толук дал келет, Эсептердин бирдиктүү планынын функционалдык классификациясынын негизги бөлүктөрү боюнча ачып берилет;
- В тобу. Ведомстволук классификация:
- В1 формасы. «Кыргыз Республикасынын отчеттук жылдагы республикалык бюджетинин ведомстволук классификация боюнча бюджеттик <атайын> каражаттар боюнча аткарылышы жөнүндө отчет» (25-тиркеме);
- В2 формасы. «Кыргыз Республикасынын отчеттук жылдагы республикалык бюджетинин ведомстволук жана экономикалык классификациянын айкалышында кирешелердин жана чыгымдардын категориялары боюнча бюджеттик <атайын> каражаттар боюнча аткарылышы жөнүндө отчет», Эсептердин бирдиктүү системасынын экономикалык классификациясынын статьялары боюнча ачып берилет (26-тиркеме);
- Г тобу. Регионалдык классификация:
- Г1 формасы. «Кыргыз Республикасынын отчеттук жылдагы мамлекеттик <жергиликтүү, республикалык> бюджетинин административдик-аймактык бөлүштүрүүнүн айкалышында бюджеттик <атайын> каражаттар боюнча аткарылышы жөнүндө отчет» (27-тиркеме);
- Г2 формасы. «Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин отчеттук жыл ичинде жергиликтүү бюджеттерге которулган категориалдык гранттар <теңдөөчү гранттар, өз ара эсептешүү боюнча берилүүчү каражаттар, бюджеттик ссудалар> боюнча аткарылышы жөнүндө отчет» (28-тиркеме);
- Д тобу. Каржылык абал:
- Д1-14 формасы. «Мамлекеттик башкаруу секторунун мамлекеттик <жергиликтүү, республикалык> бюджетинин каражаттары боюнча отчеттук датага карата балансы» (6-19 тиркемеси);
- Д15 формасы. Кыргыз Республикасынын отчеттук датага карата тышкы карызы жөнүндө экономикалык классификация боюнча отчет (29-тиркеме);
- Д16 формасы. Кыргыз Республикасынын отчеттук датага карата тышкы карызы жөнүндө төлөмдү кечиктирүүлөр боюнча отчет (30-тиркеме);
- Д17 формасы. Кыргыз Республикасынын отчеттук датага карата тышкы карызынын структурасы жөнүндө отчет (31-тиркеме);
- Д18 формасы. Кыргыз Республикасынын отчеттук датага карата ички карызы жөнүндө экономикалык классификация боюнча отчет (32-тиркеме);
- Д19 формасы. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик <жергиликтүү, республикалык> бюджетинин акча каражаттарынын отчеттук мезгил ичиндеги каржылоо булактары боюнча кыймылы жөнүндө отчет (33-тиркеме);
- Д20 формасы. Кыргыз Республикасынын тышкы карыздоолору жөнүндө отчет (34-тиркеме).
42.Мекемелер отчеттуулуктун ушул Жобонун 4.1. пунктунда көрсөтүлгөн компоненттерин кварталдык жана жылдык негизде, сом менен түзүшөт да, Каржы министрлигине тапшырышат.
43.Каржы министрлиги отчеттуулуктун ушул Жобонун 4.2. пунктунда көрсөтүлгөн компоненттерин жылдык негизде, ошондой эле 6, А1, А2, А3 жана Б2 формаларын айлык негизде, сом менен түзөт.
44. Республикалык бюджетте турган министрликтер жана ведомстволор мекемелер тарабынан тапшырылган отчеттуулуктун негизинде консолидацияланган отчеттуулукту түзүшөт да, аны Каржы министрлигине аныкталган мөөнөттөрдө тапшырышат.
45.Каржылык органдар жергиликтүү бюджетте турган мекемелер тарабынан тапшырылган отчеттуулуктун негизинде консолидацияланган отчеттуулукту түзүшөт да, аны Каржы министрлигине аныкталган мөөнөттөрдө тапшырышат.
46. Эскертүүлөрдүн негизги максаты болуп отчеттуулукту колдонуучуларга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджеттик-каржы саясатынын отчеттук жылда иш жүзүндө аткарылышын баалоо мүмкүнчүлүгүн берүү максатында мамлекеттик каржыны башкаруу сферасындагы бардык зарыл маалыматтарды ачып берүү саналат.
47. Мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттуулукка эскертүүлөрдүн структурасы төмөнкү бөлүктөрдү камтыйт:
- отчеттук датага карата Кыргыз Республикасындагы макроэкономикалык кырдаалды жана анын отчеттук мезгил ичиндеги өзгөрүүлөрүн сүрөттөө;
- жергиликтүү жана республикалык бюджеттердин киреше бөлүгүнүн аткарылышынын жана олуттуу четтөөлөрдүн себептеринин жалпы анализи;
- жергиликтүү жана республикалык бюджеттердин чыгымдоо бөлүгүнүн аткарылышынын жана олуттуу четтөөлөрдүн себептеринин экономикалык, функционалдык, ведомстволук жана регионалдык классификациялар боюнча жалпы анализи.
48. Эскертүүлөр макроэкономикалык кырдаалды жана анын жыл ичиндеги өзгөрүүлөрүн сүрөттөөнү камтыйт. Макроэкономикалык кырдаалдын Эскертүүлөрдө ачып берилүүчү маанилүү мүнөздөмөлөрү болуп ички дүң продуктынын, инфляциянын, калктын жумуш менен камсыз болушунун, эмгек миграциясынын, орточо эмгек акынын, сатып алууга кудуреттин, насыялар боюнча пайыздык өлчөмдөрдүн, инвестициялык активдүүлүктүн, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн, эл аралык донордук жамааттын ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү эсептелет.
49. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышынын анализи, башка бардык нерселерден тышкары, экономиканын тармактары жана салыктын түрлөрү боюнча салыктык түшүүлөрдүн жана башка бюджетке милдеттүү түшүүлөрдүн анализин камтыйт. Мындай анализдин максаты – экономиканын ар бир маанилүү тармагы боюнча бюджетке түшүүлөрдүн отчеттук жылдын пландалган көрсөткүчтөрүнө жана өткөн жылдын иш жүзүндөгү суммаларына салыштырмалуу жогорулашынын же төмөндөшүнүн себептерин ачып берүү. Эскертүүлөр кирешелердин азаюу же көбөйүү фактысынын өзүн констатациялоо менен чектелбейт, алар мындай өзгөрүүлөрдүн себептерин ачып берүүгө багытталган. Салыктык кирешелерге байланыштуу Эскертүүлөрдө ар бир ачып берилген статья боюнча салык төлөөчүлөрдүн саны жөнүндө маалымат да ачып берилет.
50. Мамлекеттик бюджеттин чыгымдары Эскертүүлөрдө төмөнкү 5 бөлүк боюнча сүрөттөлөт:
- «Мамлекеттик бюджеттин чыгымдары экономикалык классификациянын кесилишинде»;
- «Мамлекеттик бюджеттин чыгымдары функционалдык классификациянын кесилишинде»;
- «Мамлекеттик бюджеттин чыгымдары ведомстволук классификациянын кесилишинде»;
- «Мамлекеттик бюджеттин чыгымдары регионалдык классификациянын кесилишинде»;
- «Мамлекеттик башкаруу секторунун мекемелеринин каржылык абалы».
51. Эскертүүлөрдө ачып берилүүчү таблицалардагы статьялар Эсептердин бирдиктүү планынын категорияларынын, статьяларынын (элементтеринин) ирээти менен берилет.
52. Эскертүүлөрдөгү ар бир таблица боюнча ар бир олуттуу статьяга карата бекитилген план менен такталган пландын ортосундагы олуттуу четтөөлөр жөнүндө, ошондой эле бекитилген план менен такталган пландын ортосундагы олуттуу четтөөлөрдүн себептери жөнүндө маалыматтар ачып берилет. Четтөөлөрдүн себептери жөнүндө маалыматты ачып берүүнүн максаттары үчүн олуттуу статья болуп отчеттук мезгил ичиндеги суммасы бул таблицадагы чыгымдардын (кирешелердин) жыйынтык суммасынын 5%ынан ашкан чыгымдардын (кирешелердин) статьясы саналат. Такталган пландын бекитилген пландан, же иш жүзүндөгү кассалык чыгымдардын такталган пландан олуттуу четтөөсү болуп бекитилген же такталган планга карата 10%га барабар же андан ашык болгон сумма саналат.
53. Каржы министрлиги көзөмөлдөө максатында мекемелерден жана Каржы министрлигинин түзүмдүк бөлүктөрүнөн кошумча маалыматтарды жана отчетторду талап кылууга укуктуу. Алардын форматы, тапшыруунун мөөнөттөрү жана тартиби Каржы министрлигинин ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүгү тарабынан аныкталат.
54. Бюджеттик мекемелер казынанын Регионалдык бөлүмдөрүнө (мындан ары – КРБ) А5 формасы боюнча отчетту тапшырышат, алар Казынанын маалыматтары менен салыштырылып текшерилет.
55. КРБ бюджеттердин аткарылышы жөнүндө айлык негиздеги отчетту А5 формасына ылайык түзүшөт.
1-тиркеме.
1-форма. Каржылык абал жөнүндө отчет
Мекеме ___________________________________________
Отчеттук дата ___________________________________________
Отчеттук мезгил ___________________________________________
Өлчөө бирдиги ___________________________________________
Ведомстволук классификация ___________________________________________
Функционалдык классификация ___________________________________________
|