Загрузка документа…
КР Финансы министрлигинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 8-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ
2013-жылдын 30-декабры № 221-П
«Бюджеттик мекемелердин бухгалтердик эсеби жана отчеттуулугу боюнча ченемдик укуктук актыларды жана методологиялык документтерди бекитүү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-декабрындагы №691 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бюджеттик мекемелердин бухгалтердик эсеби жана отчеттуулугу боюнча ченемдик жана методологиялык документтерди бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды ыйгаруу жөнүндө» токтомунун 2-пунктун аткарууга алып жана коомдук сектордун финансылык отчеттуулугунун эл аралык стандарттарына өтүү максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1.Мамлекеттик башкаруу секторунун эсептик саясаты, Мамлекеттик башкаруу секторунун отчеттуулугун даярдоо боюнча Жобо жана Мамлекеттик башкаруу секторунун бухгалтердик эсебин уюштуруу боюнча Жобо (1, 2- жана 3-тиркемелер) бекитилсин жана Бирдиктүү казыналык эсеп жана Бирдиктүү эсеп-чоттор планы киргизүү күнүнөн баштап аракетке киргизилсин.
2.Коомчулук менен байланышуу сектору (З.К. Малаев) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген тартипте мамлекеттик массалык маалымат каражаттарында ушул буйрукту жана ага карата тиркемелерди расмий жарыялоону камсыз кылсын.
3.Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Министр | О.Лаврова |
«Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында бюджеттик мекемелер колдонуучу бухгалтердик эсепти жүргузүү жана финансылык отчеттуулукту түзүүнүн бирдиктүү методологиялык негизи болуп бухгалтерлердин эл аралык федерациясына караштуу МСФО ОС боюнча Кеңеш тарабынан иштелип чыгуучу Коомдук сектор үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары саналат (мындан ары - МСФО ОС).
Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыларды башкаруу реформаларын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-октябрындагы № 675 токтому менен бекитилген 2012-2015-жж. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансыларын башкаруу системасын реформалоо боюнча Орточо мөөнөттүү иш аракеттер планынын 2-бөлүгүнүн 2.1-бөлүмчөсүнүн 4-пунктун аткарууга алып, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги МСФО ОС ылайык бухгалтердик эсеп системасын реформалоо боюнча ишти жүргүзүп жатат.
МСФО ОСко өтүүнүн максаты бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсеп системасын рыноктук экономиканын талаптарына ылайык келтирүү, бюджеттик мекемелердин финансылык абалы жана ишинин натыйжаларынын объективдүү сүрөтүн берген маалыматка бардык кызыкдар колдонуучуларга мүмкүнчүлүктү камсыздоо, ошондой эле мамлекеттик башкаруу секторунун консолидирленген отчету болуп саналат.
Бул милдетти МСФО ОС маселелери боюнча ченемдик жана методологиялык документтерди иштеп чыгуу аркылуу чечүү эсепке алуу жана отчеттуулук стандарттар системасын түзүүгө; эл аралык деңгээлде стандарттарды гармониялаштыруунун негизги тенденцияларына ылайык Кыргыз Республикасында бухгалтердик эсептин реформасын байланыштырууну камсыздоого; бухгалтердик эсептин реформаланган моделин түшүнүү жана киргизүүдө бюджеттик мекемелерге методикалык жардам көрсөтүүгө жардам берет.