КР Финансы министрлигинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 8-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Мамлекеттик башкаруу секторунун бухгалтердик эсебин уюштуруу боюнча жобо
I бап. Жалпы жоболор
1. Бул Мамлекеттик башкаруу секторунун бухгалтердик эсебин уюштуруу боюнча жобо (мындан ары – Жобо) мамлекеттик башкаруу секторунун бухгалтердик эсебин уюштурууга жана жүргүзүүгө, ички көзөмөл системасына, ошондой эле бухгалтердик документ жүгүртүүгө коюлуучу талаптарды аныктайт.
2. Бухгалтердик эсеп бардык мекемелер тарабынан ушул Жобого ылайык, каржылоо булактары боюнча, аныкталган тартип менен бекитилген Эсептердин бирдиктүү планын милдеттүү түрдө колдонуу менен жүргүзүлөт.
3. Финансылык отчеттуулуктун элементтерин (активдерди, милдеттенмелерди, таза активдерди, кирешелерди, чыгымдарды, кирешелер менен байланышкан акча түрүндөгү түшүүлөрдү, чыгымдар менен байланышкан акча түрүндөгү төлөмдөрдү, активдер жана милдеттенмелер менен байланышкан акча түрүндөгү түшүүлөрдү жана төлөмдөрдү) таануу, андан аркы эсепке алуу жана тышка чыгаруу аныкталган тартипте бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунун эсеп саясатына ылайык жүргүзүлөт.
4. Мекемелердин каржылык отчеттуулугун жана бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү отчеттуулугун даярдоо үчүн маалыматтык булак болуп бухгалтердик эсептин регистрлеринин маалыматтары эсептелет. Мекемелер тарабынан каржылык отчеттуулукту жана бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү отчеттуулукту даярдоо аныкталган тартипте бекитилген нормативдик укуктук документтерге ылайык жүргүзүлөт.
5. Бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги (мындан ары – Каржы министрлиги) менен макулдашып жана өз ишмердүүлүгүнүн спецификасын эске алып, бухгалтердик эсепти тартипке салуучу ички документтерди, ошондой эле баштапкы бухгалтердик документтердин форматтарын иштеп чыгууга жана бекитүүгө укуктуу.
II бап. Бухгалтердик эсепти уюштурууга коюлуучу негизги талаптар
1§. Бухгалтердик кызматтын максаты жана милдеттери
6. Бухгалтердик кызматтын (бухгалтердин) негизги максаты жана милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- чарбалык операцияны аткаруу үчүн мыйзамдуу негиз бар экендигин текшерип туруу. Мындай негиз болуп келишим, нормативдик-укуктук акт, мекеменин же жогору турган уюмдун ички буйругу, көзөмөлдөөчү органдын талабы ж.б. саналышы мүмкүн;
- чарбалык операциянын аткарылышын тастыктаган баштапкы документти өз учурунда жазуу, тиешелүү түрдө тариздөө жана иш кагаздарынын номенклатурасына ылайык папкага тигүү;
- Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп тармагындагы учурдагы мыйзамдарга ылайык, баштапкы документтердин негизинде чарбалык операцияны классификациялоо жана бухгалтердик эсептин регистрлеринде кош жазууну жана Эсептердин бирдиктүү планын колдонуу менен өз учурунда каттоо;
- мурун түзүлгөн келишимдер боюнча товарлардын, жумуштардын жана кызматтардын түшүүсүнүн жакындаган мөөнөттөрү жөнүндө жана бул мөөнөттөрдүн бузулушу жөнүндө мекеменин жетекчисине жана тиешелүү түзүмдүк бөлүктөргө өз учурунда маалымдап туруу;