Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 14-ноябрындагы N 139 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 

 2020-жылдын 18-ноябры № 346

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 121 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана анын тартиби жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө" Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө" 2020-жылдын 24-октябрындагы № 263 токтомуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 14, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ченемдик укуктук актыларын унификациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана анын тартиби жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө Жобо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 121 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана анын тартиби жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө Жобо тууралуу" токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө";

2) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө"  Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.";

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 121 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана анын тартиби жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө" Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана анын тартиби жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө" Жобонун (мындан ары - Жобо) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө";

2) бүткүл текст боюнча ар кандай сандагы, жөндөмөдөгү "саясий партиялар" деген сөздөрдөн мурда тиешелүү сандагы, жөндөмөдөгү "талапкерлер," деген сөз менен толукталсын;

3) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: