Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2009-жылдын 15-январы №17

"Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

И.Чудинов

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-берене.

"Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1995-ж., №7, 252-берене) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 9-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:

"Эгерде сумма "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген чектик суммадан ашык болсо, чет өлкө валютасын сатып алууну же сатууну жүзөгө ашыруучу адамдар ким экендигин ырастоочу документин көрсөтүүгө милдеттүү.".

2. 12-берене төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын: